Айбат » Күмүшбек Ыбыкеев, юрист: «Ботобековду коргоочулардын бул кылыгы уят иш»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Күмүшбек Ыбыкеев, юрист: «Ботобековду коргоочулардын бул кылыгы уят иш»

Күмүшбек Ыбыкеев-   Уран Ботобековду Коргоо Кыймылы Кыргызстандын калкына кайрылуу жолдоп ага карата сот чечими адилетсиз чыкканын билдирүүдө. Ошондой эле Президенттик аппараттын мурдагы орун басары Икрамжан Илмияновго 7 сомдон садака чогултууну максат кылып жатыптыр. Саясий ишти Орозо айында садака менен байланыштыруу канчалык жөндүү. Деги эле карды-башы соо адам кайрымдуулук сурап, өз проблемасын элге шылтап жатканы туурабы?

– Бул абдан туура эмес жана одоно көрүнүш десек болот. Саясатты элге таңуулап, дин менен саясатты аралаштыруу болбойт. Бул нерсе Куранда деле жазылган. Бул кылыктары абдан эле уят иш.

- Ошондой эле бул кайрылууда Кыргызстанда толук түрдө авторитардык башкаруу орун алганы айтылат. Чын эле биз авторитардык мамлекетте жашап жатабызбы?

-Андай эмес! Бизде көрүнгөнү эле каалагандай сүйлөп жатышпайбы? Өлкөбүздү антип айтууга болбойт. Негизи коңшу Өзбекстанды авторитардык деп айтсак болот. Баштарын көтөрө алышпайт жана өз ойлорун, сөзүн толук жеткире алышпайт да… Бизде болсо баары Кудайга шүгүр десек болот. Ал пикирге мен кошула албайм.

Айбат гезити №136




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru