Айбат » Турсунбек Акун, экс-омбудсмен: «Мавлян Аскарбеков өңдүү жаш жигиттер эмнени жасашты?»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Турсунбек Акун, экс-омбудсмен: «Мавлян Аскарбеков өңдүү жаш жигиттер эмнени жасашты?»

Турсунбек Акун«Азаттык» радиосунун «Азаттык+» телекөрсөтүүсүнөн Кыргызстандын экс-башкы акыйкатчысы Турсунбек Акун «Жаңы муун» кыймылынын мүчөсү Мавлян Аскарбековду сөзгө катуу сындырды. Ырасында кылган алгылыктуу жумуштары жок туруп эле улуу муунга асылып, обу жок эле сындап басып жүргөн Мавлян мырзанын шагы бир топ сынгансыды. Бирок, түрдүү жолдор менен акча табууга маш болуп калган мындай жигиттер албетте улуу агаларынын ачык айткан катуу сөздөрүн кулагынын сыртынан кетирип кое тургандары турган иш. Ошентсе да башка жаштарга үлгү болушу үчүн Турсунбек Акундун сөзүн кыскача келтире кетели: «Мавлян мырза бизди «Силер эмнени кыйратып койдуңар эле?» деп атат. А өзү эмнени жасап койду? Биз жаш кезде, мына ушул Мавляндай куракта Түгөлбай Сыдыкбеков, Чыңгыз Айтматовдордун артынан калбай чуркап, ар нерсени сурап үйрөнгөнбүз. Демократияны биз ошолордон үйрөндүк. Ал эми Мавлян мага бир жолу басып келдиби? Келген жок. Булар өздөрү ток жигиттер. Минген машинелери 60-70 миң доллар турат. Буларды демократия эч кандай кызыктырбайт. Булардын максаты бизди курулай эле сындап турушса болду» деди ал. Ырас эле «Сынчынын сыңар өтүгү майрык болгон» Мавлян Аскарбеков жана анын жанындагы «жаңы муунчулардын» эл үчүн жасап койгон бир да алгылыктуу ишин көрө элекпиз. Кайда барышса да элдин тынчтыгын бузуп, кандайдыр бир башаламандыкты жасоо менен алектенип келишет. Анан дагы улуу муунга гана асылганын коюшпайт. Эртең өздөрү дагы ошол улуу муундун курагына келерин, ошондо дагы бир жаш бала «Сиздер ушуга чейин эмнени кыйратып койдуңар эле?» деген суроону узатса, «Баланча жолу митинг, түкүнчө жолу акция уюштурганбыз. Анын арты менен 60-70 миң долларлык машине мингенбиз» деп жооп беришеби, ким билет?..

Айбат гезити №136




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru