Айбат » Текебаев өзүнүн партиясы алсызданып баратканын туюп, Бакиевдин «куйруктарына» күнү түштүбү?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Текебаев өзүнүн партиясы алсызданып баратканын туюп, Бакиевдин «куйруктарына» күнү түштүбү?

Өмүрбек ТекебаевАлдыда болуучу парламенттик шайлоо өтө кызык болот окшоп калды. Парламентке келсем дегенде айрым бири-бирин көргүсү келбеген кас партиялар бири-бирин карап жылмайып, сүйүүлөрүн арнай баштады. Кепти өтө узартпай ток этерине келели. Жакында эле «Ата-Мекен» партиясы менен «Улуттар биримдиги» партиясы «баш кошуп», «свадьбасын» чакан эле чөйрөдө белгилеп коюшканын жар салышты.

Өмүрбек Текебаевдин пикири боюнча мурдагы «Бакиевдин куйруктарына» кирген Мелис Мырзакматов эми «Текебаевдин куйругуна» айланды. Кыргызстан жети облусу менен биригип бир мамлекет экенин эсинен чыгарып, убагында «Мен Оштун кожоюнумун» деп күпүлдөгөн Мелис Мырзакматов чындыгында эле мэрлик доорунда «кожоюндугун» катуу карматып, мамлекетке миллиондогон зыяндарды алып келген экен. Анысы ачыкталып калганда «куйругун» карматпай качып кетти. Бирок техниканын жетишкендиги анын чет өлкөдө туруп алып дагы видео кайрылууларды жасап элдин башын айлантуусуна шарт түзүп берип келатканын айта кетели. Ал эми бир тууган агасы Кеңеш Мырзакматовдун инисинин кызматтык абалынан пайдаланып 2010-жылдагы июнь коогалаңында жапа чеккендерге арналып салынган үйлөрдөн батир алып берем деп отуздан ашуун адамдан 5-6 миң доллардан алып койгонун айтып кетели? Кыязы, Мырзакматовдор Бакиевдердин үй-бүлөлүк башкаруусунун кичинекей үлгүсүн көрсөтүштү окшойт.

Баса, Мелис мырза өзү Ош шаарынын мэрлик кызматына кандайча көчүк басып калды эле? Мурда эч кандай мамлекеттик кызматта иштебей жүрүп эле чү дегенде «төөгө» минип калгандыгын себеби не болгон? Себеби эң эле жөнөкөй. Жалаң алып-сатармандык менен шугулданган Мырзакматов Бакиевдер бийликке келгенде кызматтын даамын татып көрүү аракетин баштаган. Анан адегенде Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиевге хансарай «бадарке» кылат. Албетте, алып көнгөн Жаныш Бакиев «отказ» кылбайт. Андан соң Курманбек Бакиевдин өзүнө Сулайман тоонун элеси түшүрүлгөн алтындан жасалган статуэтка белек кылганын билебиз. Мына ушундан кийин ал Бакиевдердин ишенимдүү адамына айланып, Ош шаарынын мэрлигине көчүк басат. Андан сырткары анын Бакиевдер менен чогуу жасаган бизнеси да болгондугу айтылып келет. Кыскасы Мелис Мырзакматов Бакиевдердин алмашкыс кадрына, ишенимдүү адамына айланат.

Бакиевдердин доору аяктагандан кийин дагы Мырзакматов көпкө чейин жаңы бийликке баш ийгиси келбей, Ошто өзүнчө бийлик жүргүзгүсү келип жүрдү. Элдин бүтүндүгүн, мамлекеттин бүтүндүгүн ойлоп да койгон  жок. Мына ушундай адамды «Ата-Мекен» лидери Өмүрбек Текебаев өзүнө кошуп алды. Элибизде «досуңду көрсөтчү, сенин ким экениңди айтып берейин» деген кеп бар. Эми биз эгерде Текебаевдин ким экенин билгибиз келсе, Мырзакматовдун былыктарын санай берсек болобу? Баса, унута электе айтып коелучу, кече жакында эле Текебаев маалымат жыйынын берип, анда Мырзакматовго чаң жугузбай коргоп турду. «Мени Мырзакматовдун өткөнү кызыктырбайт» деди ал. Эгерде аны кайсы бир саясатчынын өткөнү кызыктырбаса, анда Акаев, Бакиев менен да баш кошо берет турбайбы деген ойдо калдык. Эмне эле акыркы учурларда Кыргызстандын туңгуч ажосу Аскар Акаев маалымат булактарынын түшпөй, сөз арасында Текебаевди байкатпай мактап атат десе.

Бул эми албетте башка кеп. Суроо туулат. Эмне үчүн Текебаев шайлоонун алдында мурда таптакыр пикири келишпеген Мырзакматов менен биригип атат? Себеби жөнөкөй эле. Өмүрбек Чиркешовичтин саясий «оюнкараактагы» акыркы мезгилдерде партиясына болгон ишенимди жоготуп бараткан. Маселен, өлкөбүздүн түштүк аймагында Текебаевди колдобой тургандыктарын ачык эле айткандар өтө көп. Андыктан шайлоого мурдагыдай эле эч ким менен бирикпей күүгө салып бара берсе, анда «Ата-Мекен» жетишээрлик добуш топтой албай, парламент босогосунун сыртында кала бермек. Мына ушуну туура түшүнгөн, ал өлкөнүн түштүк аймагынан көбүрөөк добуш топтоо үчүн Мырзакматовду колтугуна корголоп атыры. Эми ал үчүн Мелис мырза түштүк аймактагы тарапташтары аркылуу чуркап иштеп берет. Мурда Бакиевдерге кандай кызмат кылса, эми Текебаевге ошондой кызматын көрсөтөт. Кыскасы, буйрукту жазбай аткарып берүүчү куурчак Мырзакматовдун эми кожоюну алмашты. Анын кожоюндары эми Бакиевдер эмес, Текебаев болуп калды десек да болот. Же балким үч бурчтук болуп атабы?.. Ким билет?.. Айтору шайлоодон кийин кандайдыр бир чыр-чатактын болуп кетиши тууралу илеп согуп тургансыйт. Болбосо, коалициялык көпчүлүктүн курамында турган «Ата-Мекендин» лидери Текебаев маалымат жыйынында «парламентте оппозициялык фракция жок» деп айтпайт эле. Айтса айта берсин, бирок реалдуулукка келсек, парламентте оппозициялык фракция бирөө эмес, экөө болуп турбайбы? Ал эми алардын деңгээли кандай болуп атканы бул башка кеп. Мындан сырткары Текебаев мырзанын пикири боюнча президенттин жүргүзүп аткан иш-аракеттерин колдоого алгандардын бардыгы «КСДП» партиясынын «клондору» болуп калат экен. Мындай жүйөөсүз пикирди бир коалицияда туруп айтууга негиз бар беле? Эгерде ал чындап эле парламентте оппозициялык фракция жок деп эсептесе, анда неге өзү коалициядан чыгып, күчтүү оппозиция болбойт? Мындай мүмкүнчүлүк бар эле го.

Мына ушундай эле пикирди КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков да билдирди. «Эгерде Өмүрбек Чиркешович чындыгында эле «Системага» кам көрүп, парламентте оппозициялык фракция жок деп эсептесе, анда «Ата-Мекен» мурда эле коалициядан чыгып өздөрүн чыныгы оппозиция катары көрсөтсө болот болчу. Тилекке каршы андай эмес. «КСДП» менен бир коалицияда болуп туруп аны партияларды «клондоп» жатат дегени бери дегенде эле өзүнүн өнөктөшүнө жана «стратегиялык союздашына» карата таза эмес мамилеси деп эсептейм. Саясый партияларды президенттин саясатын колдоого алып жатканы үчүн күнөөлөө туура эмес. Мамлекет башчысы элдин үмүтүн актап жатса, жоопкерчиликтүү саясатчылар аны менен макул болот. Бул позиция эптеп жаңы парламентке келүү үчүн ким менен болсо дагы кызматташууга даяр болгонго караганда бир топ таза позиция» дейт Турсунбеков. Туура, жасалып жаткан алгылыктуу иштерди колдоого ала билүүнүн өзү жакшы сапат. Ал эми өзүнүн гана кызыкчылыгын көздөө менен мамлекеттин кызыкчылыгын тебелеп-тепсөөгө баруу – ал кандай өңүттө жасалса дагы абийир алдында жооп берүүчү маселе болуп калат.

Айбат гезити №136



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru