Айбат » Өмүрбек Абдрахманов: “Текебаев 25 жылдан бери кыргыз элин алдап келет”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек, Саясат » Өмүрбек Абдрахманов: “Текебаев 25 жылдан бери кыргыз элин алдап келет”

- Өмүрбек мырза, Өмүрбек Текебаев “Ата мекен” фракциясынын беш жылдык ишмердүүлүгүнө арналган маалымат жыйынында  сизди 50 миң доллар менен Токтогул районунан 800 добушту араң алган деп айыптады. Мындай айыптоолорго кандай карайт элеңиз?

– Чындыгында мага Токтогул району бөлүнгөн. Ал жакта “Ата мекендин” бир да мүчөсү жок экен. Ошентсе да, ал жакта штаб ачып мен колдон келишинче иштегем. Чынын айтканда жеке өзүмдү аймактын лидери деп атабайт элем. Жалпы республика боюнча иштеген туура. Ал эми 2010-жылы “Ата мекен” жана Текебаевдер кедей болуп турганда Равшан Жээнбеков экөөбүз каржылаганбыз. Бул кишини демократияга кызмат кылат десек, таптакыр тескери кетти.

- Ө.Текебаевдин М.Мырзакматов менен бириккенин коомчулукта катуу сынга алынууда. Сиз бул тандемди кандай баалайсыз?

– Негизи Өмүрбек Текебаев Мелис Мырзакматовду “Бакиевдин куйругу” деп атап жүргөн. Мына, КТРдин башчысы Илим Карыпбековду да айыптаптыр. Ал Бакиевдин маалында бир бөлүмдү жетектеп турган.

Чындыгында Текебаев 25 жылдан бери кыргыз элин алдап келет. Аны Аскар Акаев спикер кылганын жакында өзү да айтты.

Айбат гезити №136



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru