Айбат » Жумакадыр Акенеев, экономист: «Өкмөт «Кумтөр» боюнча туура чечим чыгарды…»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Жумакадыр Акенеев, экономист: «Өкмөт «Кумтөр» боюнча туура чечим чыгарды…»

Жумакадыр Акенеев- Жумакадыр мырза, учурда «Кумтөр» алтын кенинде тоо-кен иштерин жүргүзүү планына макулдук берүү, бербөө маселеси курч болуп турат. Сиздин оюңузча ага макулдук бербөө өлкөбүзгө кандай таасирин берет?

– Терс таасирлери бир топ. Эң башкысы «Кумтөрдүн» иши токтой турган болсо, мамлекеттик бюджетинин киреше бөлүгү 30 пайызка кыскара түшөт. Баарыбызга эле белгилүү болуп тургандай өлкө экономикасы жылдын башынан бери карай эле аксап келатат. Демек, экономикалык абалыбыз оор. Мындай шартта алтын кенинин өндүрүшүн токтотуп коюуга баруу бир аз калпыстык болуп калмак. Кыргыз өкмөтү дагы мындай кадамга барууда кандай терс таасирлер бар экендигин санап берди. Мисалы, Кыргызстандын ИДПсынын 10-12%ка төмөндөп кетиши, мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн 6 миллиард сомго чейин төмөндөшү, мөңгүлөрдүн жылышынын контролго алынбай калышы, андан сырткары юридикалык таасирлери болгон эл аралык сотко сүйрөлүшүбүз. Дагы башка да таасирлери бар.

- Ушулардын бардыгын билип туруп, «Кумтөрдүн» өндүрүшүн токтотууга бара алабызбы?

– Азыркы тапта өкмөт туура чечимге келди. Жоопкерчиликтин бардыгын өз мойнуна алып, «Кумтөрдү» жыл аягына чейин иштегиле деди. Буга чейин “Центерра” өзү эгерде алтын кенин иштетүүгө уруксат берилбесе, анда өндүрүштү 6-июлда токтотууга мажбур боло тургандыктарын билдирген.  Демек, биздикилер кыйнабаса деле, алар уруксат алышпаса, Кыргызстандын мыйзамдарын бузбаш үчүн алар өндүрүштү өздөрү эле токтотуп коюшмак. Бирок, өкмөт жоопкерчиликти алды, жыл аягына чейин уруксат беришти. Бул азыркы убакка ылайыктуу туура чечим. Эми жыл аягына чейин дагы жарым жыл убакыт бар. Мына ошол убакыт аралыгында биргелешкен ишкана болобу, же башка болобу бир конкреттүү долбоорду даярдап, бир чечимге келүү керек. Кыскача айтканда «Кумтөрдү» саясаттан бөлүп алып экономикага кайра алып келиш керек. «Кумтөр» бул экономикалык долбоор. Тилекке каршы аны биз саясатташтырып алдык.

Айбат гезити №136




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru