Айбат » Саясий абалдын тынч болушу экономика үчүн да, ишкерлер үчүн да пайдалуу

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Саясий абалдын тынч болушу экономика үчүн да, ишкерлер үчүн да пайдалуу

МитингАр тармактын өнүгүүсү үчүн биринчи кезекте өлкөдөгү стабилдүүлүк керек экендиги белгилүү. Тилекке каршы өлкөбүздө болуп келе жаткан маал-маалы менен боло калчу митинг-пикет өңдүү көрүнүштөр өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн кедергисин гана тийгизип келатат. Митинг-пикет, жол тосмой өңдүү терс адаттардан улам жеке ишкерлер, дыйкандар да жапа чегип, маңдай тери менен тапкан эмгектеринин үзүрүн көрө албай калышууда. Маселен, Талас облусунун жашоочулары көбүнесе төө буурчак айдап, аны сатуу менен тиричилик кылышат. Ал эми төө буурчактын баасы жана сатылышы дагы стабилдүүлүк менен тыгыз байланышта болорун өткөн жылы көрдүк. Мына ушул багытта экономика жаатындагы эксперт жана ишкер Уран Ниязалиев жергиликтүү агенттиктердин бирине өз оюн билдирген.

Анын айтымында, өткөн жыл төө буурчак өндүрүүчүлөр үчүн өтө татаал болду. Болбосо, жакшы күтүүлөр болуп аткан. «Анан Талас аймагында болуп өткөн митингдер сатып алуучуларды чоочутуп, баасы төмөндөп, соода токтоп калды. Бул жылы болсо шайлоо болгону турат жана кайрадан эле кандайдыр-бир саясый талаптар болушу мүмкүн. Сиздер өзүңүздөр деле түшүнөсүздөр, Айыл-чарбасы экономика менен байланыштуу, анан эми муну саясат менен байланыштыра турган адамдар сөзсүз чыгат. Эгерде бул жылы төө буурчактын баасы алар каалагандай болбой калса, бул маселени чечүүнү депутаттардан талап кылышып, фирмаларга басым жасашат. Өткөн жылы депутат келип бааны көтөрүү керек деп билдирди. Жадакалса фирмалардын ишин текшерген жана коркуткан комитет түзүштү. Эгерде мындай иштебесеңер, анда биз силерди жабабыз, өрттөйбүз дегендей коркутууларды айтышты. Анан айрым чет элдик компаниялар жабылып кетип калышты» дейт ал.

Ниязалиевдин пикиринде, Талас облусу боюнча төө буурчакты даярдоо жана экспорттоо боюнча 60тан ашуун фирма иштейт. Алардын 10у ири. Өткөн жылдагы түшүм болжол менен 60 миң тонна болду. Анын 50-55 миң тоннасы экспорттолду. Башкача айтканда продукциянын 97ы экспортко кетет. Сезондун башында баа 60-70 сомдон болсо, андан соң 60 сомго түшүп, жаңы жылдан кийин 50 сом, ал эми март айында 30 сомдон болуп калган. Мунун себеби катары башка өлкөлөрдө төө буурчактын түшүмү өтө мол болгондугу айтылган. Ушул эле кепти Ниязалиев да ырастайт: «Төө буурчакты башында сатып жибергендер өздөрүн актап, пайда табышты. Ал эми баасы дагы көтөрүлөт деп күтүп  тургандар күйүп кетишти. Жаңы Жылдан кийин Египетте түшүм жакшы болду. Алар рекорддук санда чогултушту. Негизинен биздин импортерлор Болгария, Македония, Сербия, Хорватия, Словения, Словакия, анан дагы эң чоң импортер Турция болуп саналат. Болжол менен 50-60 Түркияга сатылат. Алардан тышкары Иракка жана КМШ өлкөлөрүнө да экспорттолот.

Таласта төө буурчактан башка эч нерсе өнүккөн эмес. Туризм да, башка маданият да өнүкпөгөн. Бирок кече жакында эле Талас облусунун эли башка региондорго салыштырмалуу жетишээрлик жашашаарын окудум. Менин оюмча бул төө буурчакты экспорттоодон улам» дейт ал. Ырас, Кыргызстандын ар бир аймагынын өзүнө тиешелүү өзгөчөлүгү бар. Ошонусу менен тиричилик кылып келишет. Ал эми ошол тиричиликти тың өткөрүү үчүн ар дайым тынчтыктын сакталышы абзел. Кыргызстанда ар бир дыйкан, ар бир ишкер өз мээнетин актап турса, ал жалпы экономикабыз үчүн дагы жакшы өбөлгө болорун унутпашыбыз кажет.

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №136



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru