Айбат » Парламенттеги «кедей» депутаттар

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Парламенттеги «кедей» депутаттар

акчасы жок чинЖогорку Кеңештин депутаттык мандатын чөнтөгү жука адамдардын ала алышы күмөн жаратарын бешиктеги бала деле жакшы билет. Айрым депутаттар 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо депутаттык мандат тагыныш үчүн канча акча сарпталганын ачык эле айтып келатышат. Эң кеминде 100-150 миң доллар керек болот. Ал эми анча акчаны жалаң айлыктын көзүн карап оокат кылгандар таба албайт. Ошондон улам дагы парламентке жалаң бизнесмендердин келип алганы баса белгиленип айтылып келет. Ырас, депутаттардын арасында жаштардын квотасы менен келип калгандар бар. Алардын ашкан байлыгы жок экенине ынансак болот. Бирок алар саналуу гана. Басымдуу бөлүгү Кыргызстандагы алдыңкы байлар. Ал эми алардын декларацияга толтурган кирешелери, кыймылсыз мүлктөрү кандай болууда? Кеп нугун мына ушул багытка буралы.

Машинеси да, үйү да жок депутаттар

Жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери карай парламент партасынан түшпөй келаткан «Ата-Мекен» лидери Өмүрбек Текебаев 2014-жылы 1 миллион 58 миң сом киреше тапкан. Бул анын айлык акысы. Ал эми анын туугандары 3 миллион 191 миң сом кирешеге ээ болгондугу көрсөтүлөт. Ошондой эле анын туугандары микро ГЭС, кафе, үч жер тилкесине жана үйгө ээлик кылышат. Андан сырткары «Тойота» маркасындагы авто машинеси бар. Ал эми Өмүрбек Чиркешовичтин өзүнүн үйү да жок, машинеси да жок экен.

КСДП фракциясынан жаш депутат айым Ыргал Кадыралиеванын толтурган декларациясына үңүлсөк, анын да машинеси жана үйү жок болуп чыкты. Бар болгону айлыкка гана жашайт экен. Анын бир жылдык айлык акысы 700 миң 756 миң  сомду түзүптүр. Баарынан кызыгы анын туугандарынын дагы эч нерсеси жок экен. Бизнес да кылышпаптыр. Бардыгы айлык акыга гана «күн көрүп» атышкан имиш. Андай болсо жакында эле «Азаттыктын» иликтөөсүндө Ыргал айымдын туугандары иштетип аткан сауна кимдики болду экен деген суроо өзүнөн-өзү жаралат. Фракция лидерлиги үчүн катуу күрөшкөн депутат айым Жылдыз Жолдошеванын толтурган декларациясы боюнча ал дагы кедей депутаттардын катарын толуктайт. 2014-жылы ал 1 миллион 77 миң сом киреше тапкан. Болгону ал айлык акысы. Андан сырткары үйү да, машинеси да, бизнеси да жок. Туугандары да ушундай эле кейипте экен.

Парламенттеги фракция лидерлеринин эң кедейи

Жогорку Кеңештин 5-чакырылышындагы беш фракциянын лидерлеринин ичинен эң эле кедейи «Ата-Журт» лидери Дастан Жумабеков болуп чыкты. Мамлекеттик кадр кызматынын сайтына илинген декларация боюнча Дастан мырза жалаң айлык акыга гана жашап аткан депутаттардын бири экен. Өткөн жылы ал 836 миң 46 сом иштеп тапкан. Андан сырткары декларациясы боюнча анын 59,5 чарчы метрлик аянттагы батири бар. Ал эми туугандарында болсо акча да, үй да, машине да жок экен.

Жалаң айлык акыга жашаган «Республика» лидери Максат Сабиров

«Республика» фракциясынын лидери Максат Сабиров дагы толтурган декларациясына ылайык кедей депутаттардын катарын толуктайт. Анын айлык акысынан бөлөк кошумча киреше булагы жок экен. Декларациясы боюнча анын үйү жана жер тилкеси бар. Андан сырткары ЖЧКда үлүшү бар. Анысын ишенимдүү адамдын башкаруусуна тапшырган. Ал эми туугандарынын болсо курулуп бүтө элек үйү жана машинеси  гана бар.

Үйү, же болбосо жер тилкесинен бөлөк мыдыры жок депутаттар

Акаев заманынан бери депутаттык креслодон түшпөй келаткандардын бири «арнамысчы» Турсунбай Бакир уулу да парламенттеги кедей депутатардын катарына кирери белгилүү болду. Албетте эгерде ал толтурган декларацияга ишене турган болсок. Ал 2014-жылы 996 миң 321 сом иштеп тапкан. Менчик машинеси, эч кандай кыймылсыз мүлкү, бизнесте үлүшү да жок. Декларацияга ылайык Бакир уулунун туугандарынын дагы эч кандай кирешелери жок. Эч кандай ишкерлик менен алектенишпейт. Машинелери да жок, кыймылсыз мүлктөн болгону жер тилкелери гана бар. Дагы бир депутат айым Ирина Карамушкинанын кыймылсыз мүлктөрдөн болгону 105 чарчы метр аянттагы үйү гана бар. Эч кандай бизнеси да жок. Ал эми өткөн жылдагы айлык акысы 825 миң 590 сомду түзгөн. Туугандарынын дагы эч кандай мыдыры жок. Тактап айтсак үйү да, машинелери да, бизнеси да жок.  Ал эми «Ар-Намыс» фракциясынын лидери Феликс Кулов өткөн жылы 1 миллион 149 миң сом айлык акы алган. Машинеси жок, болгону үйү гана бар экен. Андан сырткары ЖЧКсы бар. Анысын ишенимдүү адамдардын башкаруусуна берген. Куловдун туугандарынын жылдык кирешеси 865 миң сом жарандык-укуктук бүтүм аркылуу, 363 миң сом айлык акы түрүндө болгон. Алардын менчигинде үй, батир,курулуп бүтөлек имараты менен жер тилкеси жана турак-жай бар.

Айбат гезити №136




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru