Айбат » V чакырыштагы парламенттин “разборкалары”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » V чакырыштагы парламенттин “разборкалары”

Жапаров, ТекебаевМөөнөтү аяктап бараткан V чакырылыштагы депутаттар ар кандай аракеттери менен коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты. Беш жыл ичинде эл өкүлдөрү ортосундагы айрым чыр-чатактар жекеме-жеке мушташка чейин жетип, оозу-мурду канжалаган депутаттарды да көрдүк. Ушул сыяктуу айрым окуяларды окурмандардын эсине салып коюуну туура таптык.

“Кан төгүү” менен аяктаган кыл чайнаш

 2011-жылдын апрель айында «Республика» фракциясынан депутат Алтынбек Сулайманов менен “Ата Журттун” лидери Камчыбек Ташиевдин ортосундагы чатак “кан төгүү” менен аяктаган. Кең далылуу “Челюсть” (А.Сулайманов) мырза эч кимди көзгө илбей төш кагып жүргөн Ташиевдин мурдун кандап, эсин оодарган. Бул окуяда айрым депутаттар ортого түшөм деп таяк жеп калганы да бар. “Сайгактап” жүргөн Садыр Жапаров Чатак эмнеден улам чыкканы так айтылган эмес. Биз билгенден ошол маалда Камчыбек мырза коалициядан чыгабыз деп коркутуп, Өмүрбек Бабановду кызматтан кетирүүнү талап кылган. Буга ачууланган Алтынбек мырза Ташиевди жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырган. Айрымдардын айтымында бул окуяга чейин Камчыбек мырза парламентте өтө “көпкөн” экен. Партиялашы Бахадыр Сулаймановду да спикердин кабинетинде койдой сабаганы ачыкка чыгып кеткен.

2012-жылы сентябрь айында атамекенчи эки Өмүрбектин кыл чайнашы жыйындар залында эле башталып кеткен. Текебаев мырза Абдрахмановду жакалаган алып “с…” деген уят сөздөрдү да айтканын уккандар бар. Депутаттар экөөсүн ажыратканына карбай “Ата Мекендин” лидери кайра тап берип аксакал Абдрахмановду эркекче сүйлөшүүгө чакырган. “АКШ жандуу” Абдрахманов Текебаевдин мындай таклибинен баш тартып, унчукпай кутулган.

Коркмазов да коркпойт экен

Ушул эле жылы атажуртчу Камчыбек Ташиев менен Хаджимурат Коркмазовдун ортосунда да чатак чыккан. Камчыбек мырза “эски милиса” Хаджимуратты сыртка сүйрөт опузалап коём десе керек. Биз да бул окуяга күбө болгон адам катары айтсак, Коркмазов да корккон эмес. Кайра Ташиевге тап берип, “керек болсо эметип коём” дегенге чейин барган. Депутаттардын жана топтолгондордун аракети менен ортодо күч колдонууга жол берилген эмес.

2013-жылдын декабрь айында КСДП фракциясынан депутат Мурадыл Мадеминов менен Өмурбек Текебаевдин ортосундагы “разборка” көпчүлүктүн көңүлүн алган. Физрук депутат Мадеминовго Текебаевдин “Кумтөр” боюнча сүйлөгөнү жакпай ортодо кайым айтышуу жакалашууга чейин жеткен. Мурадыл мырза күчүнө ишенип “карт бөрү” Текебаевге асылганы менен астына түшүп калган. Буларды да депутаттар арачалап калган.

Клара эженин маселеси кайым айтышууну жаратты

2015-жылдын 14-январында айрым маалымат каражаттары Карганбек Самаков менен Каныбек Иманалиевдин ортосунда мушташ чыкканын жазып чыкты. Ишенимдүү булактар билдиргендей бул депутаттар ортосундагы келиспештик жыйындар залында башталып, Ак үйдүн үчүнчү кабатында депутаттар эс ала турган жерде уланган. Маалыматтарга караганда Карганбек мырзанын кабинетине Каныбек мырза бастырып кирип, жаактан ары чапкан экен. Бирок, окуя боюнча эки депутат эки башка версиясын айтып келет.

29-июнда Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкуованын маселеси каралып жатканда Равшан Жээнбеков менен Акылбек Султановдун ортосунда пикир келишпестик келип чыкты. Равшан мырза адатынча кыйкырып, Акылбек Султанов атырылып, жоон топ депутаттар эки депутаттын мушташуучусуна жол берген жок.

Ошондой эле Равшан Жээнбеков менен Асылбек Жээнбеков да бирин-бири акмака теңеди. Кандай болгон күндө К.Сооронкулова кызматынан кетти.

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №136



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru