Айбат » Турдубек Мамбетов: “Реформаны мода кылбай эле жасаса болот”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Турдубек Мамбетов: “Реформаны мода кылбай эле жасаса болот”

Турдубек Мамбетов- Турдубек мырза, акыркы кездери айрым басма сөз беттеринде Сиздин ишмердүүлүгүңүз сынга алынып, архитектура тармагында аткарыла турган иштер кечигип жатканы айтылууда. Чын эле бул тармакты тарта албай жатасызбы?

– Туура айтасыз, тактап айтканда айрым эмес, “Эл деми” деген гезитке мен, мен башкарган агенттик жөнүндө кайра-кайра жазып жатышат. Талдап карап көрсөк, “Эл деми” №6 санына “Өкмөт менен ЖКга моюн бербеген Мамбетов” деген макала жарыялаган. Ушул эле гезит, жумасына бир жолу чыгуучу, кийинки №7 санына “Өзүн бага албаган шаардык архитектура, мэриянын карамагына өткөнү калды” деген материалды басты. “Эл деми” андан кийинки эле №8 санына “Курулушка болгон кош көңүлдүк”  деп да жазып чыкты. Ошол эле “Эл деми” №9 санына “Биздин укук” бейөкмөт уюмунун жетекчиси К.Өмүралиеванын “Өкмөттү баш, Мамбетовду төш кылып сотко бергени жатабыз” деген интервьюсун басты. Андан кийин дагы №10, 11, 14, 15, 16 сандарына биздин тармак боюнча сын макалаларды жарыялашты. Бир эле гезит катары менен  сандан санга, удаа-удаа  Мамбетов, Мамкурулуш агенттиги жөнүндө тынбай жазып жатса, аргасыздан бул кимдир бирөөнүн атайылаган тапшырыгыбы деп ойлоого туура келет экен. Сындаганга каршы эмеспиз, эгерде  сын туура айтылса, биз да туура кабыл алабыз, айрым бир байкабай, көз жаздымда калып калган көйгөйлөрдү көтөрсө рахмат да айтабыз! Ал эми негизи жок, жөн эле сын деп тиешеси бар, жок эле нерсени жаза бериш туура эмес деп ойлойм.

Мисалга, “Эл деминин” 26.06.15 деги санына басылган макаладагы эле мисалдарды алалы. Макаланын автору Жанара Галиева жазат: «2008-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районунун  Төрт-Көл айылында спорт залды куруу боюнча өткөн тендерде мыйзам бузуулар болгон», деп. Эми, 2008-жылы Мамбетов Мамкурулуштун жетекчиси эмес эле да. Андан ары автор К-Ньюстун материалдарына шилтеме кылып, “акыркы 10 жылда Кыргызстанда, айрыкча Бишкекте мыйзамсыз жер бөлүштүрүү күч алды”, “Мамкурулушка жетекчиликке Мамбетовдун келиши менен иш алдыга жылбай, токтоп калды, курулушта бекитилген долбоорлор жок, курулуш жүргөн жерлерде талап кылынуучу ченемдер эч жерде сакталбайт, оңдолуп жана курулуп жаткан имараттар коопсуздук талаптарына жооп бербейт” деп жазат.

Андан ары, “Ата-Түрк паркына тиешелүү жерлерди атка минерлерге берип салышкан, ал жерлерде кабаттуу жеке үйлөр курулуп жатат”, д.у.с. макаланын автору жер бөлүштүрүү Мамкурулуштун ыйгарым укугуна кирбешин билбейт окшойт, жерди жергиликтүү бийлик бөлүштүрөт. Мамбетовдун келиши менен кайсы иш, кандайча токтоп калганын жазбайт, жөн эле токтоп калды дейт. «Бекитилген долбоорлор жок» – деп, эмнени айтканы да түшүнүксүз, долбоорлор экспертизадан өтөт, бекитилбейт. Курулуш жүргөн жерлердеги көзөмөлдү Мамэкотехинспекция жүргүзөт, коопсуздук маселелери, ченемдердин сакталышына ушул мамлекеттик орган жооптуу. Макала жазыштан мурун, айрыкча сындаштын алдында, «ким эмнеге жооп берет?» деп тактап алышса болмок. Мындай материалдар коомчулуктун оюн бурмалап, туура эмес маалымат таратат.  Бул маселенин бир жагы. Экинчи жагынан алып караганда, биздин ишибизде кемчилик жок деп айтуудан алыспыз. Негизинен, иштеген иште кемчилик болуусу табигый маселе. Негизгиси, ошол кемчиликтерди азайтууга, жоюуга, тармакты алдыга жылдырууга кандай чаралар көрүлүп жатат, ошондой ой-тилек, максаттар барбы, аларды иш жүзүнө ашырууга кандай жумуштар аткарылууда деген маселелердин тегерегинде кеп курсак болот. «Тармакты тарта албай жатасызбы?», деген сурооңузга түз эле жооп берейин, тартып эле бара жатам, тартып кетүүгө билимим да, тажрыйбам да, кудуретим да толук жетет деп ишендирип кете алам.

Билимим боюнча курулуш инженеримин, Фрунзедеги политехникалык институтун бүтүргөм, окууну жакшы окугам, жакшы билим алдым деп эсептейм. Тажрыйбам боюнча катардагы мастерден баштап, бир да кызматтык тепкич аттабай, республикадагы курулуш тармагынын жетекчисине чейин жеттим. Бул аралыкта көптөгөн курулуш уюмдарын жетектедим, республикалык курулушту көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыкты түзүп, 12 жыл башкардым, Мамкурулуштун жетекчисинин орунбасары, губернатор кызматтарын аркаладым. Кудуретим, эрким жөнүндө айтсам, өзүм жаш кезимден каалап, тандап алган кесибимдин мамлекеттик тармагынын жетекчиси болуп иштеп жатам. Мен үчүн бул ар-намысымдын иши, ушуга чейин топтогон билимимди, тажрыйбамды жалпы кыргыз элинин алдында, өзүмдүн кесиптештеримдин алдында толук колдонуп, курулуш тармагы жалаң жаратмандык кесип экенин далилдеп берүүгө белсенип иштеп жатам. Мага чейин бул тармакта бир топ көйгөйлөр топтолуп калган экен, аларды жоюунун үстүндө иштеп жатабыз, буюрса ийгиликтер алдыда!  Менин дарегиме кийинки кездерде көбүрөөк сын айтылганынын дагы бир себеби катары, азыркы кызмат ордума кайрадан дайындалуунун кечирээк болгону да болушу мүмкүн деп эсептейм. Бул орунга келем деген атаандаштар да болду, балким алар тарабынан көрүлүп жаткан аракеттер болушу да ыктымал.

- Ошондой эле бул мекемеге жакындарыңызды, досторуңузду ишке алып жатканыңыз да сөз болууда. Мындай айыптоолорго кандай жооп берет элеңиз?

– Бул суроо адегенде “Асман плюс” гезити, андан кийин жанагы мен айтып кеткен “Эл деми” гезитине кайталанып басылган “Өкмөт менен ЖКга моюн бербеген Мамбетов” деген макаладагы адамдар жөнүндө болуп жатса керек.  Бул макалада, – Мамбетов кеңешчи кылып Өкмөт башчысы кийлигишип жатып жумуштан кетирген К.Бактыгуловду, ал эми жардамчы кылып айрылышкыс жакын досу, жердеши И.Шалтаевди алып келди – деп жазган. Эми Кадаңбай Бактыгулович жөнүндө айта турган болсок, ал адам Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары болуп иштеген адам.

Бул орун саясий кызмат орду болгондуктан жумушка алуу, жумуштан кетирүү түздөн-түз Өкмөт башчысынын ыйгарым укугу менен ишке ашырылат, макалада жазылгандай кийлигишпей, этпей эле. Ал киши Өкмөттүн Аппаратынан иштей албай койгондугунан жумуштан алынган эмес, ал кишинин кызматтан кетиши боюнча саясий чечим кабыл алынган. Премьер-министр ким менен иштегиси келсе өзү билет. К.Бактыгулов Өкмөттүн Аппаратында иштеп турганда бир топ алгылыктуу иштер аткарылганын, алар ийгиликтүү болгонун кесиптештери бүгүнкү күнгө чейин айтып келишет. Өзү Фрунзедеги политехникалык институтту Лениндик стипендия менен аяктаган, окумуштуу, кандидаттык диссертациясын В.В.Куйбышев атындагы Москвадагы инженердик-курулуш институтунда аспирантуранын күндүзгү бөлүмүндө окуп, совет мезгилинде жактаган, техникалык илимдердин кандидаты, инженер-конструктор, абдан сабаттуу, ишке так адам. Кадаңбай Бактыгуловичти мен суранып жатып араң алып келдим.

Ал эми жардамчым жөнүндө сөз кылсак, Ишеналы Суранович Шалтаев убагында Кыргыз Республикасынын биринчи Премьер-министри болгон Н.Исановго жардамчы болуп иштеген адам. Кесиби боюнча инженер-куруучу, совет мезгилинде Ленинграддагы инженердик-курулуш институтун бүтүргөн. Көптөгөн курулуш уюмдарында жетекчилик кызматтарды аткарып келди. Иш тажрыйбасы мол, ишке так, аппараттык жумушту жогорку деңгээлде билген адам. Мен мындай кишилер менен иштешпегенде, арызчыл, кутум салгыч, өз ишин жөндөй албай гезиттерге макалаларды, арыз жазууларды уюштурган, колу таза эмес адамдар менен иштешип, ийгиликке жете аламбы?

- Бишкек шаарында мыйзамсыз курулуштар күн санап өсүүдө. Айрым эс алуу бактарына да көп кабаттуу үйлөр курулууда. Мындай мыйзамсыздыктар эмнеден улам чыгып жатат?

– Мыйзамсыз курулуштар күн санап өсүүдө деп айтуу туура эмес болуп калат. Мыйзамсыз курулуштар бар, буга чейин болуп келген экен. Мен бул кызматка киришкенден кийин бул багытта талдоолорду жүргүзүп, бир топ мыйзамсыз курулуштарды аныктадык. Ал фактылар боюнча Башкы прокуратура, ИИМ, Коррупцияга каршы кызматтарга кайрылдым, алар өз деңгээлдеринде жумуш алып барышууда. Мындан ары мындай мыйзамсыз курулуштарга жол бербөө үчүн Бишкек башкы архитектурага, баардык региондордогу архитектуралык башкармалыктарга катуу тапшырма берилген. Башкармалыктын, райондук архитектуралардын кызматкерлери тарабынан байма-бай рейддер өткөрүлүп жатат. Аныкталган фактылар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясына берилүүдө. Мыйзамсыз курулушка жол берген жеке жарандардын, юридикалык жактардын жоопкерчилигин аныктоо, жоопко тартуу ушул инспекциянын ыйгарым укугу. Жакында Өкмөт тарабынан жакшы чечим кабыл алынганы турат, бүткөн курулуштарды пайдаланууга кабыл алуу укугун Мамкурулушка өткөрүп берүү жөнүндө, анда биз мыйзамсыз курулушка бөгөт коюуга жакшы мүмкүнчүлүк алат элек. Ал эми эс алуу бактарында турак үйлөрдүн курулушу жөнүндө сөз кылсак, тилекке каршы мындай фактылар жок эмес, бул жерлерди өз убагында жергиликтүү бийлик айрым жактарга менчикке берип койгон. Бул мыйзам бузуулар боюнча курулушка уруксат бербей койсок, алар сотко кайрылып, сот чечимди менчик ээлеринин пайдасына чечип коюуда. Ошондуктан ушундай көйгөйлөр жаралууда.

- Бул кызматка келгениңизге 2 жылдын жүзү болуптур. Мамбетов эч кандай реформа жасаган жок деген айыптоолорго кандай карайсыз? Сиздер өлкөдөгү жалпы курулуш тармагын көзөмөлгө алгандан кийин кандай иштерди жасап жатасыздар?

– Менин бул кызматка келгениме 2 жыл боло элек, 1,5 жыл эле болду. Бирок ушул эле мезгилде бир топ жумуштар башталды, иш жүрүп жатат. Бизде реформа деген мода сөз болду. Жумушту мындай модалуу сөзү жок деле жазаса болот. Реформа дейбизби, ырааттуу жумуш дейбизби, иштин ийгилиги болуусу шарт. Реформанын максаты эмнеде? Буга чейинки жумуштагы терс көрүнүштөр болсо, ошолорду аныктап, алардын чыгуу себептерин тактап, тагылган милдетти аркалоодо жалпы коомчулукка, элге кызмат кылууга багыттоо керек. Мындан сырткары, замандын арымына жараша бул тармактагы дүйнөдө болуп жаткан жаңылыктарды – жаңы технология, жаңы техника, жаңы материалдарды колдонуп, курулуш тармагын алдыга сүрөө максат болууга тийиш. Биринчиден, тармакта өтө олуттуу кемчиликтерге жол берилген экен, ошолорду түп-тамырынан бери жоюу маселелеринин үстүндө иштөөдөбүз. Булардан арылып, кызматкерлерибизди туура жолго салып алсак, биздин биринчи жеңишибиз болот. Экинчиси, коррупциялык схемалардан арылуу. Бул багытта Коргоо кеңешинин кызматкерлери менен бирдикте терс схемаларды тактап чыктык, ар биринин үстүндө иштөөдөбүз. Үчүнчүдөн, калктуу конуштардын мындан ары өсүп-өнүгүүсүн ырааттуу жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасы боюнча шаарлардын, айылдардын баарынын башкы пландарын иштеп чыгуу тапшырмасы берилди, буга каражат бөлдүрүүнүн үстүндө аракет көрүүдөбүз. Төртүнчүсү, мамлекеттик структураларга атаандаш,  жеке уюмдарды түзүүнүн үстүндө да иш алып барып жатабыз.

Мисалга, курулуштун долбоорлорун экспертизадан өткөрүүнү атаандаштык негизге, жеке тараптарга дагы берүү маселесин кароодобуз. Бешинчиден, Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура, турак жай жана коммуналдык чарба тармактарындагы ыйгарым укуктуу органы катары жалпы курулуш тармагын ырааттуу өнүктүрүү максатында 2015-2017-жылдарга “Курулуш тармагын өнүктүрүү” стратегиясын түзүүнүн үстүндө иш алып баруудабыз. Турак жай жана коммуналдык чарба багытындагы саясатты өркүндөтүү үчүн атайын программа иштелип чыгып, Өкмөттүн кароосуна, бекитүүгө жөнөтүлдү. Ал эми ичүүчү суу менен камсыздоо тармагында “Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүүнүн 2014-2024-жылдарга карата мамлекеттик программасы” иштелип чыгып, КР Өкмөтүнүн 24.09.2014-жылы №548-токтому менен бекитилди. Бул 10 жылга эсептелген чоң документ болуп саналат. Шаар куруу кодексин иштеп чыктык, Өкмөттө каралып, Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө берилди. Бир кыйла курулуш ченемдери жана эрежелери (КЧжЭ, орусчасы СНиП) кызыкдар тараптар, окумуштуулар, адистер менен биргеликте кайрадан иштелип чыгып, кыргызча варианттары менен кошо бекитилүүгө даярдалууда. Экономика министрлиги, Өкмөт менен биргеликте көптөгөн талаш тартышуулардан кийин, бул ченемдик-техникалык  документтерди Мамкурулуштун өзүндө бекитүү укугуна ээ болдук. Бул документтер мурун Өкмөт тарабынан бекитилип, ыкчам түрдө киргизилүүчү өзгөртүүлөр көпкө создуктурулуп келген. Оруссиялык кесиптештер менен биргеликте курулушта баа бычуу боюнча ченемдик-техникалык документтер иштелип чыгып, бекитүү алдында турат. Дагы ушул сыяктуу арбын иштер аткарылууда, анын баарын биз мындай кылып жатабыз, андай кылып жатабыз деп айгайлаган жокпуз, өз ишибизди жылдыруудабыз. Дагы белгилей кетүүчү нерсе, агенттик өз ишин ачык-айкын алып барууга аракеттенүүдө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү тарабынан “Ачык Өкмөт” саясатынын алкагында өткөрүлгөн рейтингдин натыйжасында биздин агенттик 20 мамлекеттик органдын ичинен 4-орунду ээлеп олтурат. Алып барып жаткан ишибиз менен жалпы коомчулукту кабардар кылып, коомчулук менен чогуу иш алып барууну да максат кылып койгонбуз.

- Буга чейин парламент депутаттары салынып жаткан мектептердин баалары ар кандай болуп жатканын айтып, нааразы болушкан. Мамлекет тарабынан курулган мектептердин бааларын кантип эсептейсиздер?

– Негизинен мамлекеттик каражаттардын эсебинен курулуп жаткан дээрлик бардык эле курулуштардын, анын ичинде мектептердин дагы наркы атайын иштелип чыгып, бекитилген КР КЧжЭ (СНиП) 81-01-00 документинин негизинде жүргүзүлөт. Ал эми баалардын ар кандай болуп калышы көп факторлого көз каранды. Кубаттуулугу бирдей эле мектептер ар башка шарттарда курулса, бааларынан сөзсүз түрдө айырма чыгат. Мисалга, ошол мектеп курулуучу жерлердин кыртышы ар кандай категорияларда болушу ыктымал, рельефи да ар башкача, курулуштун конструкциялары, материалдары да бири-биринен айырмаланышы мүмкүн, кыртыш сууларынын жер бетине карата жайгашышы, курулуш аянтчасынын сейсмикалык шарттары, курулуш материалдарын ташып баруу аралыктары, инженердик коммуникацияларга кошулуу шарттары д.у.с көптөгөн шарттар бири-биринен айырмаланып турат. Ошонун баары курулуштун наркына таасирин тийгизет. Ошондуктан бул шарттары айырмаланган бирдей эле кубаттуулуктагы курулуш объекттеринин баасынан сөзсүз айырма чыгат.

- Бишкекте 223 көп кабаттуу үй курулуп жатса, анын ичинен 100дөн ашыгы эрежеге жооп бербейт деп жатышат. Жаңы салынып жаткан үйлөр элдин талабына жооп береби?

– Бул маалымат боюнча менин кабарым жок, 100дөн ашык кайсы эрежеге жооп бербеген көп кабаттуу үйлөр тууралуу сөз болуп жатат? Эми курулуп жаткан үйлөр, суроонун стилине жараша айтсак, бир нече багыттагы эрежелерге жооп берүүсү талап кылынат. Биринчиси, долбоор сапаттуу түзүлүшү шарт. Муну биздеги мамлекеттик экспертиза департаменти карап, тыянак чыгарат. Экинчиси, имарат долбоорго ылайык курулушу керек. Үчүнчүсү, долбоордо көрсөтүлгөн конструкциялар, материалдар сапаттуу болуп, курулуш технологиялары толук сакталышы абзел. Курулуштун сапатын камсыз кылуу үчүн 3 түрдүү көзөмөл жүрүзүлөт: биринчиси автордук контроль, муну долбоорду түзгөн уюм көзмөлдөйт, курулуш долбоорго ылайык жүрүгүзүлүүдөбү же жокпу деп; экинчиси, курулуштун тапшырыкчысы (заказчик) тарабынан жүргүзүлөт, техникалык көзөмөл деп аталат; үчүнчүсү, бул мамлекеттик контроль, муну  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция көзөмөлдөйт. Биз өз тарабыбыздан тапшырыкчынын контролун күчөттүк, биздин түзүмдүк бөлүнүшүбүз болгон Турак жай жана жарандык курулуш департаментинин алдында атайын бөлүм бар, ошол бөлүм ишке ашырат. Бул мамлекет тарабынан каржыланган курулуштарга гана тиешелүү. Ал эми Бишкекте курулуп жаткан турак үйлөрдү менчик фирмалар салып жатышат, анын негизги көзөмөлүн жогоруда мен айткан мамлекеттик инспекция көзөмөлдөйт. Биз долбоорлордун сапатын тыкыр көзөмөлгө алуудабыз, ал жагына жооп беребиз.

- Бишкек шаарында мыйзамсыз курулуштарга уруксат берилген жерлер бар. Мындай көрүнүштөргө ким жол берип жатат?

– Эми мыйзамсыз курулуштар жөнүндө жогоруда айтып кеттим, бул мурун айрым курулуш жүрбөй турган жерлерди жергиликтүү бийликтер тарабынан жеке менчикке чыгарып берип койгондон болууда. Мындай жерлер боюнча, коомчулук жакшы билет, бүгүнкү күнгө чейин соттук териштирүүлөр жүрүп жатат. Көпчүлүк учурларда сот өкүмү ошол менчик ээлеринин пайдасына чечилүүдө

- Мамкурулуштун мурдагы башчысы Ишенбай Кадырбеков бул тармакта бир да профессионалдуу адистер калбай калганын айтууда. Адистер жок тармакта кантип иштеп жатасыздар?

– Эми Ишенбай Дүйшөмбиевич калыс сөзүн айтса туура болмок, жашы деле өйдөлөп, аксакал курагына келип калды. Өзү жумуштан кетсе эле, мурда иштеп кеткен жерин жамандай береби?  И.Кадырбеков иштеп турган мезгилдеги кадрлардын көбү азыр да иштеп жатышат. Ал киши келери менен өз командам менен иштейм деп борбордук аппараттан баштап, түзүмдүк бөлүнүштөргө чейин кызматкерлердин 80%ын алмаштырган. Бүгүнкү күндө ошолордун 40%дан ашыгы дагы деле иштеп жатышат. Алардын ичинен КеңешовТ.С., Ботоев И.К., Раисова Н.А., Абдраев Ж.М., Акматалиев М.А., Абдиев Б.А., Кубатбеков Ч.К. ж.б. көп жылдык тажрыйбалары бар, курулуш тармагында таанымал, дасыккан адистер экенин кесиптештер, Кадырбековдон башкалары, танышпаса керек. Мындан сырткары агенттик КР Курулушчулар, Архитекторлор союздары, Долбоорчулар, жаш курулушчулар  ассоциациялары менен тыгыз иш алып барып жатат, бул коомдук уюмдардын да кызматкерлеринин, мүчөлөрүнүн тажрыйбаларын кошо пайдалануудабыз.

Ишенбай Кадырбеков ошол эле “Эл деми” гезитинин №12 санына берген интервьюсунда “Мамлекеттик курулуш чарба агенттиигинде шаар куруу маселесин чечүүчү бир дагы профессионалдуу адам жок” дептир. Өзү иштеп турганда ага 1-орун басар болуп иштеген, эки жолу Бишкек башкы архитектура башкармалыгын жетектеген, Оруссиянын Гагарин шаарында башкы архитектор болуп 10 жыл иштеген, архитектура илимдеринин кандидаты, КМАКжТ университетинин “Шаар куруу” кафедрасынын башчысынын милдетин аркалаган Төлөбай Сейдакматович Кеңешов бизде Архитектура, шаар куруу жана аймактарды өнүктүрүү башкармалыгын жетектеп келди. И.Кадырбековдун жогорудагы сөзүн “Т.С.Кеңешов шаар куруу боюнча адис эмес”, деп түшүнөбүзбү? Буга акыл-эстүү киши макул болбосо керек. Асылгандын дагы чеги болгону дурус. Макалада Кадырбеков дагы, “Мамбетовдун деңгээли төмөн, аны достору К.Байболов жана А.Салымбековдор эле кызматка алып келишкен”, деген сөздөрдү айтыптыр. Анысына да гезит аркылуу жооп берип коёюн, менин деңгээлиме Кадырбеков баа бере албайт, ага муктаж да эмесмин, мен үчүн Кадырбеков “өткөн мезгил”,  менин ишиме курулушчулар, жалпы эле курулуш тармагынын кызматкерлери, КР Өкмөтү баа берет. Мага “Эмгек сиңирген курулушчу” наамын жөн эле берип койбосо керек.

Экинчиден, мени кызматка Жогорку Кеңештин “Ар-Намыс” фракциясынын 25 депутатынын ичинен 22 кол коюп берип, фракциянын лидери Ф.Ш.Куловдун сунушу менен Премьер-министр бекиткен. Азыркы  Өкмөттүн учурунда да ошол эле фракциянын 20 депутаты кол коюп, колдоп беришти. Кадырбеков интервьюсунда мисал катары, -Тынчтык жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинен тартып, Логвиненко көчөсүнө чейин жөө басып өтүүчү жол жок,  дептир. Бул көчөнүн жөө жолсуз калганына да өзү себепкер, ал көчө Кадырбеков ушул агенттикти жетектеп турган мезгилде жасалган, бул айтканына караганда эмне кылганын унутуп калса керек. Эгерде, Кадырбеков менин орун басарларым жөнүндө айтайын десе , ага кошулууга болот. Буга чейин бир орун басарымдын кесиби юрист, экинчисиники – энергетик болчу. Эми орун басарларды дайындоо Премьер-министрдин ыйгарым укугу экен, мурунку Өкмөт башчыбыздын убагында ушундай чечилип калган. Мурунку Премьер-министрге бир нече жолу адистерден коюп берүүсүн суранып, кайрылгам. Темир Аргембаевич келгенден кийин маселе коюлуп, азыр ушул шаар куруу, архитектура тармагын тейлеген орун басарды кесиби архитектор, көп жылдан бери ушул агенттикте иштеп келген кызматкерибизди коюп берди, жамаатыбыз ыраазычылык билдирип олтурат.

- Бишкектин Фучик паркында курулуш жүрүп жатканы көпчүлүктү нааразы кылууда. Аталган сейил бакка турак жай салууга эмне түрткү болду?

– Бул суроо буга чейин массалык маалымат каражаттарында, Жогорку Кеңеште Д.Бекешов тарабынан көтөрүлгөнү маалым. Бул маселе боюнча такташуулар жүргөн. Эми, жер бөлүп берүү маселеси Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укугу, жер ажыратылып берилмейин эч ким курулушка уруксат бере албайт. Парк ичиндеги курулуштар буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдери менен жеңил конструкциялардан турган кафеге, коомдук дааратканага, кампага, административдик имараттарга берилиптир. Ал эми турак жай үчүн деп берилген бир да документ табылган жок. Биздин суроо-талап боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын жеке турак-жай курулуш департаментинин берген тастыктамасы боюнча үй курууга жер участкасы бөлүнгөн эмес.

Карачач ШАКИРОВА

Айбат гезити №136




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru