Айбат » Ошто “Ынтымак бакчасы – ынтымактуу шаар” долбоору уланууда

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Ошто “Ынтымак бакчасы – ынтымактуу шаар” долбоору уланууда

Ошто КСДП партиясы тарабынан уюштурулган “Ынтымак бакчасы” долбоорун ишке ашыруу уланууда. Күн сайын аниматорлор жана волонтерлор балдар аянтчаларына жакын үйлөрдө жашаган балдарды чогултушат. Программага кыймылдуу оюндар, мелдештер, табышмактар жана чыгармачылык конкурстар киргизилген. Уюштуруучулардын планында төрт жумада 45 короону кыдырып чыгуу каралган.

011 011

1-июлда старт алган акция учурда үч миң баланы өз кучагына алды. Кечээ, 8-июлда “Ынтымак бакчасы” “Анар” кичирайонунда болду.

Ош шаардык кеңешинин депутаты Абдывахап Нурбаевдин айтымында, долбоор көчөлөрдүн, кварталдардын, короолордун деңгээлинде шаардыктардын ынтымагы чыңдалышына мүмкүндүк берет. “Биз балдарда көп достор жана майрамдар каалайбыз. Мындай долбоор Бишкекте башталып, бизге аябай жаккан. Ошондуктан аны биз Ошто да ишке ашырууну чечкенбиз. “Ынтымак бакчасы” ийгиликтер менен өтүп жатат, балдарга аябай жагып, күлүп-жыргап жатышат, алар конкурстарга, мелдештерге активдүү катышууда, биз максатыбызга жеттик десек болот” – деди ал.

Айбат гезити №136




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru