Айбат » «Кыргызстан» партиясынын колдоосунда “Чеги жок мүмкүнчүлүктөр дүйнөсү” республикалык конкурсу өттү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » «Кыргызстан» партиясынын колдоосунда “Чеги жок мүмкүнчүлүктөр дүйнөсү” республикалык конкурсу өттү

Нарында “Чеги жок мүмкүнчүлүктөр дүйнөсү” республикалык конкурсу жыйынтыкталды. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасындагы таланттуулардын чыгармачылыгын элге алып чыгууну көздөгөн мындай иш-чара “Кыргызстан” патиясынын колдоосу астында өттү.

Кыргызстан

Аталган конкурс ушуну менен 3-жолу өтүп жатат. Нарын музыкалык драма театрынын имаратында өткөн бул маданий иш-чарага конкурсанттарды колдоп, белгилүү эстрада ырчылары Гүлнур Сатылганова жана Нурлан Насип да келип, элге, мүмкүнчүлүгү чектелген таланттуу жарандарга жылуу маанай тартуулашты.

Кыргызстан

Республикалык конкурска келген “Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасы Канатбек Исаев, партия мүчөлөрү Нарын облусунун экс-губернатору Канатбек Муратбеков, КР ЖКсынын депутаттары Таалай Ибраев , Алмазбек Баатырбеков, Султан Раев, Кубат Оторбаев,Байгазы Кенжебаевдер Кыргызстандын бүткүл аймагынан келген ар бир конкурсантка партия атынан даярдалган баалуу белектерди тапшырышты.

Айбат гезити №136




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru