Айбат » Элназ Бактыгулов, КиноКлубдун негиздөөчүсү: “Клубда бир да адам четте калбай жапа тырмак, жеңди түрө киришип түбөлүккө калчу нерсе жаратты”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Элназ Бактыгулов, КиноКлубдун негиздөөчүсү: “Клубда бир да адам четте калбай жапа тырмак, жеңди түрө киришип түбөлүккө калчу нерсе жаратты”

Элназ БактыгуловКино индустриясы дүйнө жүзүндө, жана албетте Кыргызстанда зор кадамдарды таштап, бир топ техникалык, материалдык жана моралдык жылыштарды көргөзүп келет. Заманбап кинолордун спецэффекттери адамды жомокко киргизип жибергендей. Sony pictures, Disney, Paramount pictures, 20th Century Fox жана ушу сыяктуу гиганттар убагында кичинекей эле студия болчу. Бүгүнкү биздин каарман Элназ Балтагулов дагы кино жаратуучулардын клубун негиздеп, келечекте, буйруса, ушулардын тизмесине кирип калууга чоң кадам таштады.

- КиноКлуб деген эмне?

– КиноКлуб – бул чыгармачылык бирикме. КиноКлубдун максаты, адам өзүн, өзүнүнүн идеяларын кино аркылуу элге алып чыгып, жеткирүүсүнө өбөлгө түзүү.

КиноКлубда катышуу учурунда кээ бирөөсү өзүнүн актерлук дареметин ача алса, кээ бирөөлөр өзүнүн режиссерлук талантын көргөзө алат. Кинодо андан башка көптөгөн кесиптер бар. Клубда  негизгиси бул баарлашуу, санаалаш болуу – пайдалуу жана жагымдуу нерсени айкалыштыруу.

- КиноКлубка ким мүчө боло алат?

– Кино дүйнөсүнө кызыккан ар бир адам мүчө боло алат. Кээде фотоаппарат менен сүрөт тартканды, же киномонтажды үйрөнгүсү келгендер келип, анан билинбей кинонун сыйкыр дүйнөсүнө кирип кетишет. Клубка каалаган адам келе алат, бирок бир азганактай талаптар да жок эмес. Адамдар менен баарлашу өткөрүлүп, алардын жөндөм-шыгы аныкталат.

- КиноКлубдун башка адистештирилген мекемелерден устат-окуулардан айырмасы эмнеде?

– Биз кандайдыр бир мектеп же окуу-жай эмеспиз, жөн гана чыгармачылыкта өз тажрыйбабыз менен бөлүшөбүз. Канткен менен, клуб мүчөлөрүнө «Кино өнөрү» аттуу курсу каралган. Аны кесипкой адис, драматург Маяк Айсстрбай алып барат да, ошол эле учурда көркөм жетекчи болуп, өз тажрыйбасы менен лекция окуу жолу менен эмес, жайма-жай бөлүшөт. Мен өзүм Эрнест Абдыжапаровдун 6чы Устат-окуусунун бүтүрүүчүсү болом, киного 2012-жылдарда келгем, салыштырмалуу аз гана мезгил, бирок бир билгеним, киночулардын басымдуу көпчүлүгү бир эле катаны кайталап, бир эле идяны тегеренип жүргөндөй. Менин каалоомдо, кинонун негиздерин өздөштүрүп, анан алгалай жаңы, кайталангыс форма, жаңы багыттарга умтулуу керек.

- Эгер клуб мектеп эмес, курстар эмес болсо, анда жолугушуулар кандай форматта өтөт?

– Биздин жолугушуу форматыбыз – бул интерактив, эч ким унчукпай отурбайт, ар бирөөнө сөз берилет, ар биринин ою, пикири, идеясы кызык. Туура эмес болсо да өзүнүн оюн ачык жарыялоо. Анан бара-бара идеялар эленип, жакшырып, бышырылат. Биз жумасына 3 ирет саат 19:00 дон 21:00 чейин бир ай бою чогулабыз, баарлашабыз, кино көрөбүз, кызык оюндарды өткөрөбүз. Ар бир күндүн темасы, планы бар эркин чыгармачылык кечелер өтөт. Ар бир адам өзүнүн чыгармачылык дареметин толук ачып алууга өбөлгө түзөбүз. Ай аяктаарда КиноКлуб мүчөлөрү кыска метраждуу тасма жаратышат, ар бири клубдун жеке, өздүк ID номерине ээ болот да, андан ары КиноКлубдун өзүнүн жабык иш-чараларына катышууга укук алат.

- Ушу тапта сиздердин КиноКлуб кайсы эмгек жаратты?

– Биз жакыда гана, ушу жылдын май айында баштадык, бирок ага чейин көп мезгилдер бою кино чөйрөдө иш алып барчубуз. Биринчи топ чогулаары замат Клуб жанданып төрөлө баштады, адамдар адегенде уялынкы болгон менен бара-бара достошуп, аягында бир үй-бүлө болуп калды. Эң негизгиси Клубда бир да адам четте калбай жапа тырмак, жеңди түрө киришип түбөлүккө калчу нерсе жаратты. Бул «Кукуруз» аттуу татынакай, кыскаметраждуу комедия. Бул кино ары күлкүлүү, ары кейиштүү курч социалдуу чыгарма болду.

Эми экинчи топту түзүп атабыз, бирок биринчи топ өзүнүн экинчи фильмин Ысык-Көлдө тартууга бел байлады.

- КиноКлубдун кандай техникалык базасы бар?

– Биз Aknurfilm студиясы менен кызматташабыз, алардын кино тартууга керек болгон бардык техникасы бар. Aknurfilm базасында үн жазуу студиясын да ачканбыз, КиноКлуб мүчөлөрүнө керектүү техника жетиштүү десек болот.

- Сиздердин келечектеги ой-максатыңар, дымагыңар эмнеде?

– Элестетип көрүңүз, ынак достор чогулуп бир идяны талкуулап, аны, кудай буйруп, ишке ашырышып ийгиликке жетишти дейли. Андай жолугушууларды  каалаган жайда, миңдеген адамдар өткөрүшөт. Биз деле ошондой чогулуп, идеяларды талкуулайбыз, бирок, кандайдыр бир жаңы формат же жаңы алгоритмде өткөрүүгө ниеттенебиз. Анан алга умтулуу керек. Анүчүн жакшы команда жана иштиктүү механизм талап кылынат, айтмакчы бир топ даяр десек болот. Андыктан, Кыргызстанда кино тармагын дагы бир деңгээлге көтөрөбүз деген ниеттер бар. Биздин дымак ошондой.

Маектешкен Нургуль Айылчиева

Айбат гезити №136




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru