Айбат » Казактарга Кыргызстандан унаа сатып алууга качан уруксат беришет?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Казактарга Кыргызстандан унаа сатып алууга качан уруксат беришет?

авто на трале«Бажы биримдигине киребиз» деген «азгырыктан» улам Кыргызстанга акыркы жылдарда ишкерлер 100 миңге жакын унаа ташышкан.

Эскерте кетсек, ушул жылдын май айынын башында узак сүйлөшүүлөрдөн соң Кыргызстан акыры Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кирди.

«Биз Казакстанга кайрадан эски унаалардын ташылып киришине кызыкдар эмеспиз»,– деп билдирди Казакстандын инвестиция жана өнүгүү боюнча вице-министри Альберт Рау. Аткаминер ошондой эле Кыргызстандын өзүнүн унаа чыгаруу өнөр жайы болбогондуктан, өлкөгө 10 жылга чейин унаага карата ташып келүүнүн бажы ченеми алынып салынган өткөөл мезгил киргизилгенин түшүндүрүп өттү.

Журналисттер Кыргызстан менен ЕАЭБдин өлкөлөрү тарабынан кол коюулган документтерди карап чыгышып жана Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кириши жөнүндө келишимдеги өткөөл мезгилдин шарттары жана аны колдонуу боюнча протоколдун № 1 тиркемесинен бул тууралуу маалыматты табышты. Бул тиркемеде ташылып келинген кыргыз унааларынын жагдайы кандай боло турганы так жазылган.

Документке ылайык, 2014-жылдын 1-январына чейин ташылып келинген унаалар Бажы биримдигинин товары катары эсептелет экен. Аны ЕАЭБдин өлкөлөрүндө айдоо жана каттоого тургузуу теориялык жактан алганда Бүгүн Казакстанга Россиядан жана Белорусиядан келген товарлар сыяктуу эле эч кандай маселе жаратпайт. Бирок албетте бул унаалар сол рулдуу болушу кажет.

Бирок ушул эле протоколдо жогоруда аталган документ ЕАЭБдин өлкөлөрүндө жана Кыргызстанда КРдин Россия, Казакстан жана Белорусия менен экономикалык биримдикке биригишине мүмкүндүк берүүчү ички мамлекеттик процедуралар толук бүткөндөн кийин гана күчүнө кирери көрсөтүлгөн.

Эми унаалар тууралуу сөзгө кайтып келели. Вице-министр Альберт Рау эскерткен өткөөл мезгил тууралуу протоколго дагы жазылыптыр. Негизинен анда Кыргызстанда унаага карата арзан бажы салыгы 2020-жылдын 1-январына чейин боло турганы көрсөтүлгөн. Бул мөөнөттөн кийин Кыргызстанга унааларды ЕАЭБдин алкагында иштеп жаткан бирдиктүү бажы тарифи менен гана ташып кирүүгө болот.

Кыргызстанга жеңилдик берилген мезгилде ташылган, тактап айтканда 2014-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 1-январына чейин ташылган унаалар ЕАЭБдин өлкөлөрүнүн каттоосуна алынат жана аларга ЕАЭБдин бажы салыгы менен Кыргызстандын бажы салыгынын ортосундагы айырманы төккөндөн кийин гана бажыдан өткөрүүгө уруксат берилет.

 

Ушундан улам төмөнкүдөй жыйынтык чыгарууга болот:

Биринчиден, 2014-жылдын 1-январына чейин Кыргызстанга ташылган унаалар-бул Бажы биримдигинин товары! Башкача айтканда, Россиянын жана Белорусиянын унаалары сыяктуу эле аларды Казакстандын аймагына тоскоолдуксуз сатып алып кирүүгө жана унаа сол рулдуу болсо Казакстанда каттоодон өткөрүүгө болот. Бул тууралуу кандайдыр бир чектөө КРдин ЕАЭБге кириши тууралуу келишиминде, протоколдо жана тиркемеде көрсөтүлгөн эмес. Жыл боюнча, Евро-4 стандарты боюнча жана башкалар жөнүндө эч кандай чектөө жок.

Экинчиден, 2014-жылдан кийин ташылган баардык унаалар ЕАЭБдин бажы ченеми боюнча бажыдан өткөрүлүүгө тийиш же болбосо бажы ченеминин ортосундагы айырмалуу баа төлөнүшү керек.

Үчүнчүдөн, 2014-жылдын 1-январынан кийин Кыргызстанга киргизилген унааларды Казакстандын аймагында бажы салыгын төкпөй туруп, ишеним кат менен айдоого мүмкүн эмес.

Төртүнчүдөн, ушул жылдын күзүндө Казастан, Россия жана Белорусиянын чегарасы КРде 2014-жылдын 1-январына чейин каттоого алынган сол рулдуу унаалар үчүн ачылат жана аларды жөн гана кирип сатып алууга болот.

Бул арада Казакстанда 26-майдан тартып Казакстан Республикасынын өнүгүү жана инвестициялар боюнча министринин № 342 «Казакстан Республикасынын унаа жолдору боюнча жүрүүгө ылайыкталган автотранспорт каражаттарынын параметрлерин бекитүү жөнүндө» буйругу күчүнө кирди. Бул буйруктун негизинде Казакстандын аймагына ЕАЭБдин өлкөлөрүнөн, башкача айтканда Россия менен Белорусиядан жана жаңы кошулуп жаткан Кыргызстандан Евро-4 экоклассы, АБС, ДХО жана башка стандарттарга дал келбеген мүнөздөмөлөрү бар унаалардын алынып киришине чектөө коюлду.

Булак: Кабар Ордо

Айбат гезити №136



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru