Айбат » Илмиянов оңой жоо эмес

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Илмиянов оңой жоо эмес

Икрамжан Илмиянов“Жыгылсаң төөдөн жыгыл” деген “бийик” кыял менен жашаган айрым саясый серепчилер иттен жыгылып, бозала болушууда. Маселен, дайыма ботодой боздоп Икрамжан Илмияновго акидей асылган Уран Ботобеков  соттон утулуп мойнуна 1 миллион 800 миң сом айып пул салынды. Эми алына карап асылса болмок да? Өзүнүн акыбалына карабай  мурдагы ак үйдүн чоңуна муштумун көрсөтөм деп минтип турмугу өзүнүн башына келтек болуп тийди. Тейтеңдегендин да артында опол тоодой күчү болуш керек эмеспи? Анысы болбогон соң бечелге жөтөлдүн кереги бар беле? Мурдагыдай “кара дөөсү” арачалаганга шаасы жетпеген соң жөн эле оокатын кылбайбы деген киши жок.  Ошого чала болду, дагы жакшы сот боору ооруп  айып пулду азайтып коюптур дегендер басымдуулук кылат.

Эми ар кимдин өзүнө ылайык жарма достору болору айтпаса да түшүнүктүү. Соттун чыгарган чечимине ылайык доодон кутулушу талап кылынат. Жеңин желкесине чейин түрүнгөн Дадилбайларга иш табылды. Ар кимден “салык-бертик” чогултууну булар илгертен бери айта берип кулактарды тап-тешик кылып салышкан. Окшошконго, жарашкан “жуптар” кышка чейин эптеп каражат чогултууга кара жанын чабышат.Азырынча болгону Равшан Жээнбеков бир сомун аябай турганын билдирди. Алардын “ишмердигине” караманча каршылар тескери басып кетишеринде шек жок. Катмары суюк серепчилерди мээси ордундагылар кантип колдомок эле? Өтө күйүмдүүлөрү болсо алыста акмалап турушат. Бирөөгө ор казардан мурун өзүн ойлоп койсо мындай балээден алыс болмок. Туура эмес серептеген серепчилер жаза тайып кетерин  Ботобеков  тастыктады. Бул калгандарына сабак болсо соттошуулар  кескин азаймак.

Айбат гезити №136



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru