Айбат » Кочкордо салынган мектептерди карап койгон жан барбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кочкордо салынган мектептерди карап койгон жан барбы?

Мындай чара көрүүгө мектеп имараттарынын кооптуу экени себеп болду. Мектептердин биринин эскилиги жетсе, экинчисинин сапатсыз курулган. Кочкор районунун Кара мойнок айылындагы орто мектептин оор тагдырына зээни кейиген Качкынбек Укеев 1989-жылдан 2000-жылга чейин ушул билим уясында директор болуп эмгектенген. Тилекке каршы, өткөн кылымдын орто чендеринде тургузулган эски имаратты жаңыртууга жан үрөгөнү менен, андан ырыстуу майнап чыкпай, эми ал кулап калуу коркунучунда.

Качкынбек УкеевКочкор районун Кара мойнок айылынын тургуну Качкынбек Укеев: “Ушул мектептин кошумча имаратын курууга 60 миң кирпич кеткен. Аны ташып-түгөтө албай, акырында 60-70 жаштагы абышкалар жардамга келишкен. Ошондон кийин бир аз оңоло түшкөнбүз”.

Абылгазы уулу Ишенаалы атындагы бул мектепте азыр 240 бала билим алууда. Чындыгында, аны пайдаланууга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эчак эле тыюу салган. Бирок, айылда аны алмаштырган жай болбогондуктан, кудай өзү сактасын деп  тобокелге салууга туура келүүдө.

Инженер-архитектор Асанбек Жанаев: “Мында эч кандай сейсмикалык эрежелер сакталган эмес. Ошондуктан чөгүп, жаракалар көп. Демек, аны пайдаланууга болбойт”.

Ал эми, Кара мойнокко коңшу Ак жар айылындагы мектептин курулганына беш жыл да боло элек. Жаңы экендигине карабай катуу шамалга туруштук албайт. Жакында эле спорт залынын бир капталы шамалга учкан. Ошондой эле ушу тапта айрым класстык бөлмөлөр да керектен чыккандыктан, мындагы 403 бала кенен-кесир батпай, толук кандуу билим алууда бир топ эле ыңгайсыздыктар бар.

Кочкор районун Ак жар орто мектебинин директору : “Ушул кезге дейре 30 ашык комиссия келип кетти. Баарысы тең эле бүтүрөбүз дешет. Бирок иш жүзүндө андай эмес”.

011011

Негизи 2007-жылкы катуу жер титирөөдөн кийин Бишкектеги “Хан теңири” курулуш компаниясы тарабынан бүткөрүлгөн Ак жар орто мектеби “чу” дегенде эле оңкосунан түшүп, ага сарпталган 47 миллион сом кимдин чөнтөгүнө түшкөнү алигиче белгисиз. Балким, бул сумманын үчтөн экисин  мамлекеттик курулуш комитетинин ошондогу жетекчилери “ап” деп коюшкандыр. Антейин десең, райондон тартып, жогорку соттогуларга чейин маселени “Хан теңиринин” пайдасына чечип, жарым жылга жетпей жарактан чыккан мектеп эми кимдин эсебинен оңдолоору табышмак. Ал ортодо элеттик балдар эзилип, мына-мына кулай турган билим уясы чатырда өткөрүштү. Азыр кайрадан мектептин 65 млн. сомдук  курулушу башталды. Буюрса жаңы мектепке киребиз деп турабыз.

Айбат гезити №136



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru