Айбат » КСДПны тебелей башташтыбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » КСДПны тебелей башташтыбы?

Чыныбай ТурсунбековСаратандын ысык күндөрүндө партиялар ортосунда калчылдашмайлар күчөп бараткандай. Төбөлдөрү  эс алгандай түр көрсөткөнү менен алардын кеңешчи-таңашчылары “ууга” чыланган компроматтарын  мейкиндикке таратышууда. Саясый серепчимин деп көкүрөгүн каккандар оозуна от тиштеп алып “душмандарына”  эпсиз үйлөөдө. Бутага дал тиеби, же кур дүрмөт кетеби алардын иши жок. Болгону кожоюндардын буйругун убагынан кечиктирбей аткарса эсеп.

Оппозиция аралындамын дегендер  айрыкча КСДП билермандарын капталдан да, буктурмадан да согуп турган кези. Алардын туу башында Өмүрбек Текебаев  өзү туруп алып тескери кебин төгө баштаганына айран таң калгандар болууда. Бирок бул лидердин жүзүн жаттап бүткөндөр  парламентке келүү үчүн ал ар кандай амалдарды колдоноорун билдиришүүдө. Чынында эле бийлик дегенде жылаңачтанып кармашуудан кайра тартпаган  адамдын “аракетине” түркүн түстө баа бергендер  кыжылдап толуп кетти. Ал эми мойнунан сыйрытмагы алынган Камчыкенин маалымат каражаттары эми Текебаевдин багытына өтүштү. Чамасы Мырзакматовун кошуп алып шайлоонун чакчалакейин чыгаргысы келип жатса керек. Ал тургай үчүнчү ыңкылап чыкса КСДП күнөөлүү болот деп ачыктаганга  чейин барышканы эмнени каңкуулап турат?

Ушинтсек токтоп калабы деген ниетте  Чыныбай Турсунбеков :- Андай оппозиционер экениңерди эмне үчүн мурда билдирип, коалициядан чыгып кетпедиңер, азыр деле кеч эмес  деген  сөзү менен билдирип өттү. Саясат деген өтө ыпылас нерсе экенин партиянын төбөлдөрү айкындап таштагандай. Эгерде андай болбосо Бакыт Төрөбаев  чанып кеткен “Улуттар Биримдигине” Текебаевдин күнү түшмөк эмес. Кандай болбосун добуш алсам экен деген үмүттөн мурун принципти кармануу керектигин Өмүке  унутта калтырган жок. Аттиң, аны  утулуп калуу коркунучу ушуга түртмөктөп жатпайбы? Көрсө  бийлик оорусу  жүздөрдү  миң ирет алмаштырууга  муктаж кылат экен. Анын үстүнө шайлоодо бир добуш үчүн канча нерв кетет дейсиң?

Айтор, сокбилегин камдап айгай салчу мезгил келди окшойт. Ар кимиси өз арбайын согуп, партиялардын тирешүүсүнөн жер “титиреп” жатканы байкалууда. Минтип отурушса кызыктар эрте  эле башталат сыңары. Эмнеси болсо да элге кесепети тийбесе болгону. Анткени оюндан от чыгаргысы келгендер көзүн кызартып алыстан акмалап турушканынан кабарыбыз бар. Парт лидерлер оболу ошондон сак болушу учурдун өктөм талабы. Кыргыз өлкөсүнүн, анда жашаган элинин амандыгы- баарынан артык турарын ким унутса  аны кусур уруп кетет. Андай мисалды качып кеткен эки падыша айгинелеп койгон. Демек, карапайым элге туруктуулук керек.

Айбат гезити №136



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru