Айбат » Элебесовдон “Эл демине” жооп

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Элебесовдон “Эл демине” жооп

ЭлебесовКоррупцияга каршы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан катуу күрөш жүргүзүлүп жатканын жалпы Ысык-Көл эли аны менен бирге Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү дагы күрөшү жүргүзүүдө, деп кепти баштады Руслан Элебесов.

“ Эл деми” гезитинин “Ысык-Көл фондун кемирген Элебесов, Маликов Каптагаевдин кадырларыбы” деген макалада келтирилген дооматтар негизсиз экендигин билдирүү менен аталган гезиттин редакциясына төмөндөгүдөй жооп берүүгө туура келүүдө.

Президентибиз жеке эле коррупция менен күрөшүүгө көңүлүн бурбастан адилеттүүлүктү жана тактыкка дагы басым жасоодо экендигин баардыгыбыз билебиз.

Фонд Ысык-Көл облусунун социалдык муктаждыктарын жоюуга Кумтөр ишканасы тарабынан которулган акча каражаттарынан түзүлөт.

Жогорудагы токтомдун негизинде “Кумтөр Оперейтинг Компани” ишканасы фондго тапкан пайдасынан 2 өлчөмдө акча каражатын фондго чегерилип келген.

Ал эми, 2009-жылы “Кумтөр долбоору боюнча жаңы макулдашуулар” түзүлүп, ушул макулдашуунун негизинде Ысык-Көл өнүктүрүү фондуна “Кумтөр Оперейтинг Компани” ишканасынын дүң кирешесинин 1 өлчөмдө акча каражаты которулуп келүүдө.

Жогорудагы жаңы макулдашуулардын негизинде “Кумтор Оперейтинг Компани” ишканасы тарабынан аталган фондго чегерүүлөрдүн көлөмү кескин көбөйгөн.

1997-2014-жылдын аралыгында “Кумтөр Оперейтинг компани” ишканасы тарабынан аталган фондго чегерүүлөр 2 млрд. сомдон ашык сумманы түзүп, бүгүнкү күндө облустун социалдык муктаждыктарын аткарып келет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын   27-июлунун “Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу жөнүндө” № 416 токтомуна ылайык баардык акча каражаттарынын сарпталышы район шаарлардын байкоочу кеңештери тарабынан бекитилген пландын негизинде, облустук байкоочу кеңешке сунушталып бекитилет.

1997-2006-жылдар арасында бардыгы болуп 101,8 млн сом түшкөн.

2007-2008-жылдары аталган ишкана тарабынан облусту өнүктүрүүгө акча каражаты чегерилген эмес.

2009-жылдын март айынан тартып жыл аягына чейин 148,2 млн сом келип түшүп,  социалдык, маданият, дене-тарбия жана спорт тармактарындагы курулуш, оңдоп-түзөө жумуштарын, материалдык-техникалык базаларын бекемдөөнү жана материалдык жардам көрсөтүүлөрдү каржылоого жумшалган жана район,  шаарларга төмөндөгүдөй которулуп берилген.

– Жети-Өгүз районуна-2789,9 миң сом;

– Тоң районуна-18264,4 миң сом;

– Балыкчы шаарына-2608,3 миң сом;

– Каракол шаарына-6753,4 миң сом;

– Ак-Суу районуна-32615,5 миң сом;

– Түп районуна-43734,2 миң сом;

– Ысык-Көл районуна-20167,6 миң сом;

– Областтык мекемелерге- 9471,6 миң сом.

Тармактарга бөлүнүшү төмөндөгүдөй:

– Билим берүү тармагына-24434,6 миң сом;

– Саламаттыкты сактоо тармагына-2967,7 миң сом;

– Маданият тармагына-2626,2 миң сом;

– Спорт тармагына-3613,8 миң сом;

– Жол жана инфраструктураны оңдоо жана айыл чарбасын колдоо тармагына-102762,5 миң сом.

2010-жылы 316,6 млн.сом Кумтөр ишканасы тарабынан түшкөн, өткөн жылдын калдыгы менен алганда жалпы 354,7 млн. сом акча каражаты чогулуп анын ичинде;

– Билим берүү тармагына 117,8 млн.сом,

– Саламаттыкты сактоо тармагына 21,9 млн сом,

– Маданиятка 12,9 млн.сом,

– Спорт тармагына 9,8 млн сом

– Жол жана инфраструктураны оңдоо жана айыл чарбасын колдоо тармагына 19,3 млн сом акча каражаттары сарпталып жылдын жыйынтыгы менен жалпысынан 13 мектеп ишке берилген. Мындан сырткары 7 объектинин, анын ичинде 3 мектептин, 2 спортзалдын, 1 оорукананын жана 1 маданият үйүнүн курулуш иштери улантылган.

2014-жылы облустун өнүктүрүү фондусуна 366,3 млн. сом болжолду түрдө прогноз Кумтөр ишканасы тарабынан берилген.

Ошондой эле 2014-жылдын “Кумтөр Оперейтинг компани” тарабынан 396,1 млн сом келип түшкөн.

2013-жылдын пайдаланылбай калган акча каражаттарынын калдыгы менен алганда 50,5 млн сом, кайра кайтаруу жолу менен түшкөн 7,0 млн сом кайтарылып жалпысынан 446 миллион 73 миң сом чогулган.

Жогорудагы чогулган акча каражаттардын район, шаарларына 412,2 млн. сом каржыланган.

 

Тармактарга бөлүнүшү төмөндөгүдөй:  

  1. Билим берүү тармагына 166 миллион 276 мин сом;

Мисалы: 2014-жылы областын аймагында 8 мектептин курулуш иштерин аяктап эксплуатацияга берилген. Ошондой эле көптөгөн билим тармагынын объекттеринин оңдоо иштерине көмөк көрсөтүлдү. Ысык-Көл районуна 2 микроавтобус жана Балыкчы шаарына 1 микроавтобус окуучуларды ташууга сатып берилди.

  1. Саламаттыкты сактоо тармагына 27 миллион 540 миң сом;

Мисалы: Арал айылында ФАПтын оңдоо иштерине, Областтык оорукананын имараттарынын оңдоо иштерине жана Ак-Суу районундагы балдар реабилитациялык борборуна, областтык саламаттыкты сактоо тармагынын объекттеринин оңдоо иштерине көптөгөн акча каражаты жумшалууда.

  1. Маданият тармагына 12 миллион 900 мин сом; Мисалы: Жети-Өгүз районундагы Дархан айылынын клубунун курулушу 2015-жылга колдонууга берилүүсү күтүлүүдө, ар бир райондун маданият үйлөрүнүн оңдоо иштерине акча каражат каржыланды.
  2. Спорт тармагына 50 миллион 460 миң сом;

Мисалы: Тоң районунда Туура-Суу айылында спорт залдын курулушу аяктап колдонууга берилди, Жети-Өгүз районунда 3 спортзал, Тоң районунда 3 спортзал, Ысык-Көл районунда 2 спортзал, Түп районунда 1 спортзал курулууда, ошондой эле Каракол шаарындагы Тыныстанов атындагы мамлекеттик университеттин спортзалын курууга өздүк салым катары 5000,0 миң сомдон жылына колдоо көрсөтүлүүдө. Ошону менен бирге, Тоң, Жети-Өгүз райондорунун спортсмендерин колдоо көрсөтүү максатында 1,0 млн.сомдон каржыланды ал эми, Ысык-Көл, Түп, Ак-Суу райондоруна 800,0 миң сом акча каражаты спортсмендердин чыгымдарына каржыланды.

  1. Жол жана суу менен камсыздандырууга 128 миллион 415 миң сом;

Мисалы: Каракол шаарында, Коенкозов, Айтматов, Гагарина, Алдашев көчөлөрү, Ак-Суу районунда, Теплоключенка айылынын Мухтаров көчөсү,  Кара-Жал айыл аймагындагы Звероферма насостук станциясын кайра калыбына келтирүү, Тоң районунда, Кажы-Сай айылынын Ысык-Көл көчөсүнүн каналдары.

  1. Киреше алып келүүчү долбоорлорго 8 миллион 555 миң сом;

Мисалы: Киреш алып келүүчү ишканаларды түзүү максатында Балыкчы шаарына 5 даана HOWO  маркасындагы жүк ташуучу авто унаа сатып алынды, Ак-Суу районунун Теплоключенка жана Бөрү-Баш айыл аймактарына Техниканы тейлөө станцияларын түзүүгө жабдууларды сатып алынып берилди, Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айылына Кара-Бак долбоору  боюнча акча каражаты каржыланды.

  1. Долбоорлорго өздүк салымдар 18 миллион 52 миң сом.

Мисалы: Областын ар бир районунда жыл башында стимгрант, АРИС жана башка эл аралык уюмдарга, ошондой эле, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-чараларына өздүк салым катары акча каражаты каралып бекиген.  Бул өздүк салымдар аркылуу көптөгөн маселелер чечилүүдө, себеби, Мектептердин оңдоо иштерине  эл аралык уюмдарга долбоор жазылып колдоого алынса ошол долбоордун жалпы суммасынын 20 пайызын фонд аркылуу өздүк салым катары каржыланууда.

Мындан сырткары облустун ичинде жумушсуздук менен камсыз кылууда жалпысынан  45 подряддык мекеме иштеп, анын ичинен 29у облуста жайгашкан жергиликтүү ишканалар болуп эсептелет. Бул ишканаларда 2500 адам  жумуш орду менен камсыз болушкан.

Бул иштердин баардыгын аткарууда Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусу башкаруу дирекциясы тарабынан көзөмөлгө аланып мамлекеттик сатып алуулар мыйзамынын негизинде иштер жүргүзүлөөрү анык. Ар кандай саясий өнөктүктөр башталганда эле өнүктүрүү фондусуна ар кандай дооматтар айтыла баштай. Ага бир мисал эл деми гезитинде жарык көргөн бул макала. Бул макалада көрсөтүлгөн фактылар боюнча жана курулуш фирмаларынын арызданышы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, коррупцияга каршы кызматы, каржы полициясы, прокуратура органдары тарабынан текшерилүүдө. Бул дооматтар негизсиз. Жогоруда белгилеп кеткен “долгострой” курулуштарга өнүктүрүү фондусу эч кандай тиешеси жок экендигин билдирүү менен бул акча каражаттарды пландоо талдоо жана байкоочу кеңешке сунуштоо райондук, шаардык аткаруу бийлигине жүктөлгөндүгүн билдирип кетет элем.

Элебесов Руслан мамлекеттик кызматта 2000-жылдан бери иштеп 2010-жылы Кыргыз Республикасынын убактылуу өкмөтүнүн декрети менен Жети-Өгүз районунун башчысы акимдин милдетин аткаруучу болуп иштеген. Жогорку билимин 2004-жылы аяктаган жана ага чейин финансы техникумун аяктаган.

Кайрылууда көрсөтүлгөн курулуш фирамалары аталган фонддун ишин так аткарбай бүгункү күндө облустун укук коргоо органдары тарабынан иш козголгон жана издөөдө жүргөн ишканалардын дооматтары негизсиз. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайрылуу жолдоп арызданып жаткан “КабаСнабстрой”, “Жоомарт-Элес”, “Топ инфо +” жоопкерчилиг чектелген коомдору.

Руслан Элебесов 2010-2012- жылдары Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы акимдин милдетин аткаруучу болуп иштеген. 2011-жылы райондук кеңештин сессиясында айрым депутаттары, Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушу менен Кызыл-Суу айылыны борбордук бөлүгүнө ажаткана, сметалык баасы 1,5 млн. сомго салуу боюнча чечим кабыл алынган. Бул чечимге Элебесовдун каршы болушуна карабастан аткарууга тапшырылган жана тендер 1,3 млн сомго өткөрүлүп жыйынтыгында 800,0 миң сом акча каражаты которулуп, курулушу толугу менен аяктап ишке берилген. Ал эми бул маалыматты таратып жүрөт деген Мукалай аттуу жаран фамилиясы Мойноков адам өлтүрүү фактысы боюнча иш козголуп Кыргызстандан сырткары качып жүрүп кийин келип эс акылы ордунда эмес деген маалымат каты бар экендигин райондун эли, айрыкча Кызыл-Суу эли баардыгы билет. Ал эми Элебесовко райондук же болбосо облустук прокуратура тарабынан мыйзам бузуу фактылары боюнча такталбаган маалымат экендиги коррупцияга каршы кызматы тарабынан такталып маалымат жалган экендиги аныкталган.

Карачач ШАКИРОВА

Айбат гезити №136




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru