Айбат » Муратова Жанара, Визажист: “Жаратылыштан алган сулуулук өчпөстүккө жеткирет”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Муратова Жанара, Визажист: “Жаратылыштан алган сулуулук өчпөстүккө жеткирет”

Муратова Жанара“Сулуулук дүйнөнү сактайт” “Сулуу эмес айым болбойт, сулуулангысы келбей, өзүн-өзү карабаган айым болот”  дегендей ар бир адам күнүгө сулуу болгусу келет эмеспи.

Сулуулук – Мен үчүн бул;

Тоолордон алган туруктуулук,

Суулардан алган тазалык,тунуктук,

Таштардан алган түркүмдүүлүк.

Күндөн алган жылуулук.

Шамалдан алган жеңилдик,

Айдан алган сулуулук.

Дегеле, “Жаратылыштан алган сулуулук өчпөстүкө жеткирет”- деп өз пикирин билдирип келген жана  адамдарды сулуу кылган, сулуулуктун сырларын чече  билген айым, визажист “Виола” сулуулук салонунун кызматкери Муратова Жанара айым конокто

-Саламатсызбы  Жанара  айым?

-Саламатчылык

-Сиздин бал татыган балалык сезимиңиз кайда жана кандай өттү?

-Менин  алтындай болгон бала чагым 6 жашыма чейин Токтогул шаарчасында өткөн. Андан соң биз  берекелүү Бишкек шаарына келгенбиз. Чынын айтсам, менин  балалыгым абдан кооз, өзүнчө жомоктогудай эстен кеткис болуп жакшы өткөн. Себеби, ал убакытта менде, балалык сезимимде  бир дагы ой санаа, капалануу деген сезимдер мага тааныш эмес эле. Мындай сезимдер бир гана менде эмес башка балдар да болсо керек. Азыркы учурда жаш балдарда санаа тартуу, капалануу деген сезим тааныш болуп калды. Мына ошол балдарда да  жомоктогудай жаштык, балалык сезимдер болсо деп тилейм.

Муратова Жанара-Сизге бул дүйнөдө эң жакын адамдарыңыз болгон ата-энеңиз жана бир туугандарыңыз жөнүндө кеп кыла кетсеңиз?

– Оба, сиз айткандай бул дүйнөдө ар бир адамга кыйынчылыкта калкан, кубанычта сезимиңди тең бөлүшө турганың, бул сенин ата-энең жана бир туугандарың болуп саналат экен. Менин бир муштум аталган жүрөгүмдө өзгөчө орунга ээ болгон, күндүзү күнүм болгон атам бизнесмен, ал эми түнкүсү айым болгон энекем жөнөкөй эле кызматкер.  Асмандагы булутум, жердеги көк шиберим болгон 4 бир тууганым бар.  Үй-бүлөдө 5 кыз, бир эркек. Мен болсо ортончусу болом.

-Мектептен канат кагып, кайсы окуу жайдын уясына келип кондунуз?

-Окуучулук күн негизинен балалыгыңды өзгөчө бир көрккө боегон сыя сыяктуу десем жаңылышпасам керек. Менин жашоомдо, анын ичинен бөлүп айта турган болсом, балалыгымдын көрктүү күндөрүнүн бири болгон окуучулук күнүм Бишкек шаарынын № 64 мектпепте 6 классыма чейин,андан кийин калган унутулгус окуучулук күндөрүм № 69 мектепте уланып ошол мектепте аяктады.

-Азыркы сиз сүйүп иштеп жаткан жумушуңузга кандай болуп кызыгып калдыңыз жана бул жумуш менен алектенгенге ким түрткү болду?

-Негизинен мен мурда эле кызыгуум бар болчу. Мен офис жумушунда иштеп жүргөндө эле мени менен чогуу иштеген кыздардын кийген кийимдерин, чачтарынын жасалгасын көрүп алып аларга кеңеш бере берчүмүн. Ал эми бул жумушту аркалашыма эч ким түрткү болгон жок, бир гана менин кызыгуум түрткү болду окшойт. Бир убакта  салон тармагында иштесем кандай болот болду экен деп, ого бетер кызыгуум артып отуруп, келип калдым. Өзүмдүн кызыгуумду ишке ашырып, өзүмдү сынап көрөйүн деген эле кызыгуудан  келип калдым.

Муратова Жанара-Иштеп жаткан жумушуңуздун оорчулугу жана жеңили?

-Бул жумушка офисте иштегенден  чарчап, бир чыгармачыл жаатында иштесем деген максатта келгем. Мен  бул жумуштан чарчабайм, баягы көп кардар болгондо бутуңа тик туруп иш кылганың эле болбосо, көп чарчабайм. “Билгенимден билелегим көп” дегендей кечээ жакында Москва шаарына барып                       Гоар Аветисяндын сертификатын алып келдим… Аны алгандан кийин  кызыгуум кайрадан күчөп чарчаганды билбей калдым. Негизинен сүйүп иштеген жумушуңдун оорчулугу жок, тескеринен жеңил болуп, эс аласың.

-Жигиттердин кайсы сапаттарын жактырасыз?

-Мен үчүн “жигитке жетимиш  өнөр артык” дегендей, кыргызымдын жигиттерин көп өнөрлүү болуп турса, алар ошончолук  жогору көрүнүп турушат. Ал эми илгертеден сөз бар эмеспи “Кай жерден куда сөөк күтсө да, кимдин уулу экен же кызы экен, ата теги ким экен” деген суроолор бекеринен болбосо керек. Мен үчүн менин мырзам тектүү жердин уулу болсо, мага ошол жетиштүү.

-Достук деген сиздин түшүнүгүңүздө, достуктун чыккынчылыгына туш болдуңуз беле жана болсоңуз ошол учурдагы сиздин сезимдериңиз?

-Эми “Достук” деген сөздүн өзү абдан ыйык. Дос дегендин маанси да, түрү да көп. Кадырлаш дос, жан дос, бөтөлкө дос дегендей…. жеке мен өзүмдүн досторума келсем, менин  курбум көп деле эмес, анткени убагында достукка чынында абдан күйгөм. “Сүткө оозу күйгөн, айранды үйлөп ичет” дегендей болуп калгам.

-Айымдарга  сулуулук боюнча кандай кеңеш берет элеңиз?

– Негизи мен айымдарга айтаарым канчалык аял заты жаратылышка жакын болуп, аны менен канчалык таттуу мамиледе болсок, биз ошончолук табигый сулуулукка жете алабыз. Канчалык биздеги табигый сулуулук ойгонгон сайын биз ички сулуулукка жетебиз. Анан барып бир аз сулуулук салонго барып өзүбүздү карап койсок жакшы болот эле. Муну менен мен эмнени айткым келип жатат, эң биринчи ички сулуулук андан кийин тышкы сулулуук

-Рахмат, сизге Жанара айым, бизге кызыктуу маек куруп бергениңизге. Алдыда койгон максаттарыңыз ишке ашып, өзүңүздүн жаркын келечегиңизди куруп, ошонун негизинде мекенибизге өзүңүздүн салымыңызды кошуп жүрө бериңиздер

-Сиздерге  да рахмат “Айбат” газетасы, иштериңиз албан-албан ийгилктер коштоп жүрө берсин

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №136




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru