Айбат » Террористтердин адам муздоосу жөн гана кинопавильондо тартылганы ачыкка чыкты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Дүйнө кабары » Террористтердин адам муздоосу жөн гана кинопавильондо тартылганы ачыкка чыкты

Америкалык саясатчылар чындыгында шоумендер экен.

Джон Маккейн

“Кибер Беркуттун” хакерлери америкалык саясатчынын катып жүргөн видеосун табып алышкан. Ал видеодо террористтер чөлдө адамдын жанын кыйып жатканын кадимки кино павильондо тартылып жатканы чагылдырылган. Көрсө дүйнөнү дүңгүрөтөн тасмалар жөн гана кинотарткандай тартылчу экен.

“Кибер Беркуттун” хулигандары:

– Биз, Кибер Беркут, колубузга файл алдык, анын маанисин ашыра баалоого болбойт!

Урматтуу сенатор Маккейн! Чет өлкөгө, бөтөнчө Украинага жөнөп жатканда өтө конфиденциалдуу документтерди жаныңызга алып жүрбөөнү сунуштайбыз.

Сиздин коллегаңыздын бирөөсүнүн аппаратынан биз өтө кызктуу видео табып алдык. Кээ бирин биз интернетке чыгарууну чечтик: бул видео дүйнө коомчулугунун кенчи болушу керек!

Кадрларда байкалгандай “барымтадагы адамды” “мууздап” жатышат. Арада чөл, алдыда мыкты даярдалган “күн”. Террористтин образын кийген актер адамды мууздаса, анысы калпеле тыбырчылап жатканы көрүнүп турат.

Эскерте кетсек өткөн жылдын августунан баштап террористтер барымтага алган адамдарды мыкаачылык менен мууздап, ал видеону интернетке таратып жатышкан.

Барынан кызыгы ал видеолор мыкты сапатта жана мыкты монтаждалган болчу.

Белгилей кетчү нерсе — америкалыктарды мурда дагы террористтерди даярдап, аларга көмөктөш болуп келет деп күнөөлөшкөн.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru