Айбат » АКШ А.Аскаровго сыйлык берип Кыргызстанга түкүрдүбү”?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » АКШ А.Аскаровго сыйлык берип Кыргызстанга түкүрдүбү”?

Азимжан АскаровАКШ өзүн дүйнөдө демократияны туу туткан өлкө катары көрсөткөнү менен көшөгө артында укмуш ыплас иштерди жасап жүргөнү айтылып келет. Акыркы кездери айрым мамлекеттердин ички ишине түздөн-түз кийлигишип, эки тарапты чагыштырып, от жакканды күчөттү. Расмий Вашингтон мындай аракетин Кыргызстанда да жандантканы байкалууда. Айрыкча Россия менен болгон тыгыз байланышыбыз булардын уйкусун бузуп жатса керек.

Жакында дал ушул АКШ Кыргызстанда эң оор кылмыш кылып, канчалаган мекендештерибиздин канына забын болгон кылмышкер Азимжан Аскаровго адам укугун коргоо жаатындагы сыйлыгын ыйгарды. Билгенге бул Кыргызстандын сотторуна түкурдүм дегендей эле мамиле. Сеператисттик күчтөрдүн башында туруп, мамлекеттик коопсуздукка чоң коркунуч туудурган Азимжанга мындай сыйлыктын берилиши албетте өкүнүчтүү. Аскаровду сыйлаган Мамдепартамент деле мындай аракетин нечен ойлонуп, толгонуп туруп жасаган. Демек, алар Кыргызстандын ичинде улут аралык чырды козутууга кызыктар. Бул боюнча Кыргызстандын дипломатиялык кызматы сөзсүз турдө реакция жасашы керек.

Эгер Кыргызстан АКШ террорист же экстермист атаган жарандарга сыйлык берсе алардын реакциясы кандай болор экен. Эмне улуу деражава болсо эле майда мамлекеттерди тебелеп-тепсей береби. Кыргыз бийлиги АКШнын мындай копол мамилесине тийиштүү чара көрүп жок дегенде БУУ сыяктуу уюмдарга кайрылышы керек.

Айбат гезити №137




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru