Айбат » Кайрат Осмоналиев: «Азимжан Аскаров кылмыш кылган, ал мыйзам чегинде жооп бериши керек»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Кайрат Осмоналиев: «Азимжан Аскаров кылмыш кылган, ал мыйзам чегинде жооп бериши керек»

Осмноналиев Кайрат«Азимжан Аскаров кылмыш кылган жана ал мыйзам чегинде жооп бериши керек», – деди УКМКнын алдындагы коомдук байкоочу кеңештин мүчөсү Кайрат Осмоналиев «Взгляд» сайтына. Анын айтымында, эки нерсени бөлүп кароо зарыл: А.Аскаровдун 2010-жылга  чейинки жана июнь коогалаңына катыштыгын.  «Мүмкүн, ал Америка тарап ыйгарган мартабалуу сыйлыкка татыктуудур. Ошон үчүн, мен мындан өзгөчө нерсени көргөн жокмун. Бирок, эге радам кылмыш жасаса, ал мыйзам чегинде жооп бериши керек», – дейт К.Осмоновалиев.

Ошондой эле ал тийиштүү органдар тарабынан анын массалык башаламандыкка катыштыгы далилденгендигин белгиледи. «Мен бул сыйлыктын ага ыйгарылышы сот өкүмүн кайрадан карап чыгууга жол берет деп ойлобойм. Ошентсе да, бул жерде чоң саясаттын элементтери бардыгын жокко чыгарбайм», – деп баса белгиледи юрист.

Юристтин айтымында, бир катар укук коргоочу органдар бул кишинин тегерегиндеги кырдаалга мониторинг кылып турушат. «Аскаров президентке кайрылышы ыктымал. Президент өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин 30 жылдык эркинен ажыратууга алмаштырганга укугу бар», – деди ал. К.Осмоналиевдин белгилешинче, укук коргоочуну боштондукка чыгаруу эгер сотко жана тергөөчүлөргө белгисиз жагдайлар ачыкка чыгып, ишти түп тамырынан өзгөртүүгө жол ачуучу элементтер болсо жол ачылышы ыктымал. «Ал эми мындай шартта укук коргоочунун массалык баш-аламандыкты уюштурууга катыштыгы бардыгы далилденген», – деди ал.

Кечээ жакында АКШнын Мамлекеттик департаменти адам укугун коргоо жаатында Азимжан Аскаровго сыйлык ыйгаруу чечимин чыгарганы белгилүү болду. Азимжан Аскаров 2010-жылдын 13-июнунда Базар-Коргон районундагы улуттар аралык жаңжалды уюштурууга катышкандыгы, ошондой эле, райондук милиция бөлүмүнүн кызматкери Мыктыбек Сулаймановду өлтүрүүгө катышкандыгы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган. 2010-жылдын 10-июнунда Ошто кыргыз-өзбектер ортосунда жаңжал оту тутанып, 13-июнга чейин Жалал-Абад облусунун Сузак жана Базар-Коргон райондоруна чейин тараган. Дээрлик бир жумага чейин созулган согуш 400 адамдын өмүрүн алып, ондогон адам дайынсыз жоголгон.

Айбат гезити №137




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru