Айбат » Б. Рыскулова, «Сезим» кризистик борборунун башчысы: «2010-жылдагы июнь окуяларында Азимжан Аскаровдун кимдир-бирөөлөрдү коргогонун жана биримдикке чакырганы тууралуу уккан жокмун»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Б. Рыскулова, «Сезим» кризистик борборунун башчысы: «2010-жылдагы июнь окуяларында Азимжан Аскаровдун кимдир-бирөөлөрдү коргогонун жана биримдикке чакырганы тууралуу уккан жокмун»

Ош, 2010«2010-жылдагы июнь окуяларында Азимжан Аскаровдун кимдир-бирөөлөрдү коргогонун жана биримдикке чакырганы тууралуу уккан жокмун», – деп билдирди «Сезим» кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова.

Б. Рыскулова июль окуялары маалында жеке өзү ал жакка барып адамдарга жардам көрсөткөнүн белгиледи. Анын кризистик борборунун кызматкерлери трагедиянын биринчи саатынан тарта телефон чалууларды кабыл алды. «Биздин кризистик борбордон түштүккө 4 психолог жана мен бардык. Биз өтө курч жерлеринде болдук. Ал учурда мен бул адамдын элди биримдикке чакырганын, же кимдир-бирөөнү коргогонун көргөн жокмун», – дейт ал.

«Аны укук коргоочулар коомчулугунда бириктирүүчү фигура эсептешет. Ал бардык этностордун өкүлдөрүн жана калктын катмарын бириктирип жаткандай. Бул өтө катуу айтлыган сөз. Мен бул фраза менен таптакыр макул эмесмин», деп эсептейт Рыскулова. Борбордун жетекчисинин ою боюнча бул адамга мындай сыйлыкты берүү, же бербей коюу АКШ Мамдепартаментинин укугу. «Мен 2010-жылдагы июнь окуясына чейин мындай адам тууралуу таптакыр уккан эмесмин. Мен башка Төлөйкан Исмаилова, Азиза Абдрасулова өңдүү укук коргоочуларды билем», – деп кошумчалады ал.

Айбат гезити №137




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru