Айбат » Равшан Жээнбеков антикризистик комитет түзүп, конфликтерди күчөткүсү келеби?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Равшан Жээнбеков антикризистик комитет түзүп, конфликтерди күчөткүсү келеби?

Жээнбеков РавшанПарламенттеги «ээн-эркин»  депутат Равшан Жээнбеков шайлоо алдында элдин көңүлүн өзүнө бурдуруу аракетин катуу жасап атканын жакшы эле көрүп турубуз. Ал өзү түзгөн БОК (Бириккен Оппозициялык кыймылы) кайрылууларды жазгандан башка эч кандай колунан иш келбей жатканын деле жакшы түшүнүп калды окшойт. Анын үстүнө ал жактагы «кагаз ташыгыч» кызматынан кулап калгандан бери карай аталган кыймылга көп каттабай койгонун билебиз. Кыязы кайрадан «Ата-Мекен» партиясынын босогосун сагаалашы мүмкүн деген божомолдор айтыла калып жүрөт. Мына ушул эренибиз «Шайлоого карата Кыргызстанда улуттук антикризистик комитет түзүш керек» деп кыйкырып чыкты. Анын ою боюнча мындай комитетке аттуу-баштуу адамдар кирип, шайлоо маалында жана андан кийин конфликттерди жоюп турат экен. «Бийлик шайлоого даяр. Албетте соттор акты кара дешет, КТРК башкача ойлонгондорду эл душманы кылат, милиция нааразы болгондорду таркатат, БШК биометриянын жардамы менен каалаган результатын тартып чыгат. Мына ушунун бардыгы өтө катуу кризистин фонунда, жумушсуздуктун күчөшү менен болот» дейт ал. Албетте, Равшан мырзадан мындан башкача ой жүгүртүүнү деле эч ким күткөн эмес. Равшан Жээнбеков сыяктуу батыштын ырын ырдагандар үчүн «Бейөкмөт уюмдары тыңчы экен», «гейлерге, лесбиянкаларга жол жок» деген сөздөрдү айтсаң эле, «аа сен бийликтин адамы экенсиң» деп кыйкырып чыгышат. «Бийликти конкреттүү сындасаңар боло, жөн эле шалпылдата бербей» десең деле бийликчилсиң. «Силер өзүңөр эл үчүн эмне иш кылдыңар эле?» деген суроо узатсаң деле «бийликчил» болуп каласың. Айтор, сөздүн чынын булар уккусу келбейт. Андыктан өзү айтып аткан антикризистик комитетке булар жалаң аштан-көчтөн калгандарды, бийликке таарынычы барларды топтоп алаары аштан бышык. Анан ошондой комитет конфликттерди жоебу, же тескерисинчек күчөтөбү?

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №137



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru