Айбат » Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жогорку кызматта иштеген экс-аткаминерлери

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жогорку кызматта иштеген экс-аткаминерлери

Tazabek басылмасы Interpol (International Criminal Police Organization — Кылмыш иликтөө полициясынын эл аралык уюму) тарабынан издөөдө жүргөн Кыргызстандын экс-жогорку кызматтагы аткаминерлеринин тизмесин түздү.

Interpol-International-Criminal-Police-Organization-Kylmysh-iliktoo-policiyasynyn-el-aralyk-uumu

Ином Эргешевич Абдурасулов

Айыптоо: алдамчылык.

Кошумча маалыматтар: Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

1

Тойчубек Касымович Касымов

Айыптоо: кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, мамлекеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу.

Кошумча маалыматтар: 2004-жылдын февралынан 2005-жылдын мартына чейин КРнын экс-президенти Аскар Акаевдин администрация жетекчиси болгон.

2

Максим Курманбекович Бакиев

Айыптоо: кылмыш жасоого аралашуу, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, мамлекеттик насыяларды туура эмес пайдалануу.

Кошумча маалыматтар: КРнын өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча Борбордук агенттигинин (ЦАРИИ) экс-жетекчиси.

3

Андрей Григорьевич Силич

Айыптоо: алдамчылык, коммерциялык уюмдун өкүлүнүн бийликти кыянаттык менен пайдалануусу.

Кошумча маалыматтар: «Альфа Телеком» ЖАКтын экс-башкы директору.

4

Ениже Гюркан

Айыптоо: ишенип берилген каражаттарды менчиктөө, коммерциялык уюмдун кызматкери тарабынан бийликти кыянаттык менен пайдалануу.

Кошумча маалыматтар: «Систем Мюхендислик Иншаат ве Тижарет А.Ш.» түрк компаниясынын өкүлү болгон.

5

Садриддин Мухидович Джиенбеков

Айыптоо: коррупция.

Кошумча маалыматтар: Дүйнөлүк Банктын КРдагы аткаруучу директорунун экс-кеңешчиси.

6

Айбек Эмильбекович Шабданалиев

Айыптоо: коррупция.

Кошумча маалыматтар: Бишкек шаардык мэриясынын материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгынын мурдагы жетекчиси.

7

Хусей Сулейманович Маянху

Айыптоо: акча каражаттарды мыйзамсыз ээлеп алуу, коммерциялык уюмдун кызматкери тарабынан бийликти кыянаттык менен пайдалануу, документтерди жасоо жана жасалма документтерди колдонуу.

Кошумча маалыматтар: Бишкек шаардык кеңешинин экс-депутаты.

8

Алексей Юрьевич Ширшов

Айыптоо: ишенип берилген мүлктү менчиктеп алуу жана чыгымга учуратуу.

Кошумча маалыматтар: «ТНК «Дастан» ишканасынын директорлор кеңешинин төрагасы болгон, ошондой эле «Электр станциялары» жана «Түндүк электр» ААКтардын каржы боюнча экс-директору.

76239f300b88fac7a3d34fbc9f9e26f0

Елена Теодоровна Белковская

Айыптоо: коррупция

Кошумча маалыматтар: Премьер-министрдин аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн экс-башчысы.

9

Николай Тимофеевич Танаев

Айыптоо: коррупция

Кошумча маалыматтар: 2002-жылдын 30-майынан 2005-жылдын 24-мартына чейин КР премьер-министри болгон.

10

Данияр Токтогулович Үсөнов

Айыптоо: КР мыйзамдарын бузуп, жеке жана юридикалык жактарга менчикке же убактылуу пайдаланууга мамлекеттин же муниципалдык түзүлүштөгү жерлерди берүү менен бийликти кыянаттык менен пайдалануу.

Кошумча маалыматтар: КРнын экс-премьер-министри.

11

Б

Айбат гезити №137



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru