Айбат » Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер: «Эгер Ботобеков интервьюда айткандарына ишенсе далилдеп берсин. Эгер далилдей албаса кечирим сурасын, элди кыйнай бербеш керек»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер: «Эгер Ботобеков интервьюда айткандарына ишенсе далилдеп берсин. Эгер далилдей албаса кечирим сурасын, элди кыйнай бербеш керек»

Азимбек БекназаровАйрым бир маалыматтарга ылайык, Уран Ботобековдун көрсөтмөсүнүн негизинде «Тайфун» планы, Азимбек Бекназаровду камакка алуу жана жергиликтүү тургундарга ок чыгаруу жүзөгө ашкан экен. Убада кылынгандай, Аксы районундагы Жаңы-Жол айылында БОКтун мүчөсү Уран Ботобековду коргоо акциясы өттү. Активисттер Ботобеков боюнча сот өкүмү адилеттүү болушун талап кылышууда. Маалыматтарга караганда, митингге 100гө чукул адам катышты. Чогулгандар мамлекетти калыс башкарбай, Уран Ботобеков сындуу саясатчылардын сот ишине кийлигишти деп президентти айыптап, анын отставкасын талап кылышты. Ботобековду коргоо боюнча комитеттин өкүлүнүн ММКга билдиришинче, коюлган талаптар аткарылбаса, 21-июлда район борборунда кайрадан митинг болмокчу. Анда алар «Жерүй» маселеси боюнча өтүүчү таластыктардын митингине кошулушмакчы. Аксы районунун акими Медетбек Айдаралиевдин ММКга кабарлашынча, акциянын катышуучуларынын талабы жалпы район калкынын пикирин билдирбей жана ал кандайдыр бир саясый кызыкчылыктарды көздөйт.

Эске салсак, Бишкектин Свердлов райондук соту президенттик аппараттын мурдагы орунбасары Икрамжан Илмияновдун Уран Ботобековдун айткандары боюнча доо арызын канааттандырып, ар-намысына жана абийирине доо кетиргени үчүн 1,8 млн. сом бөлүү чечимин чыгарган эле. Сот өкүмүнө ылайык, бул каражатты төлөш үчүн У.Ботобековдун кыймылсыз мүлктөрүнө арест салынган. Митингде айтылган сөздөр, коюлган талаптарда жаңы нерселер жок. Саясатчылар, аткаминерлер өздөрүнүн мыйзамсыз кызыкчылыктары үчүн көзкарандысыз активисттерди тартуу өнөкөткө айланып калды. Ал турсун, ажаан аялдардан куралган «ОБОН» тобунун кызматын колдонуу  практика ийгиликтүү жүзөгө ашып келген. Бирок, бир кызык маселе бар: аксылыктар кимди коргоп атканын билишер бекен? Себеби, дал ушул райондун тургундары үчүн алар коргогон саясатчынын өткөнү сабак болушу керек эмеспи. Уран Ботобеков 2001-жылы ошол кездеги президенттик администрациясынын жетекчиси Аманбек Карыпкуловдун жардамчысы болуп дайындалган. Анын оң колу болгон. Ал эми 2002-жылдагы Аксы окуясында ага күбө болгондордун айтымында, Ботобековдун көрсөтмөсүнүн негизинде «Тайфун» планы жана Азимбек Бекназаровду камакка алуу операциясы ийгиликтүү жүзөгө ашкан. Анын кесепетинен митингге чыккан карапайым жергиликтүү тургундарга ок атылганы белгилүү. Ошого карабастан, У.Ботобеков өзүнүн өткөнү, тагыраагы, акаевдик өткөнү тууралуу маалымат берүүдөн тайсалдап жүрөт. Ошондой эле айрым бир маалыматтар боюнча, А.Бекназаров У.Ботобеков тууралуу нааразычылыгын айтып, аны Аксы окуясына катыштыгы бар деп айыптайт экен.

«Вести.kg»  сайты бул маселе боюнча Азимбек Анаркуловичке кайрылып, пикирин укту.

– Ботобеков элге өзүн кимдир бирөө саясый куугунтукка алып аткандай маанайды жеткирүүдө. Мен буга кошулбайм. Мен мындай позицияда турам: эгер сен бир нерсе айтсан, ага жооп беришин керек. Ал интервьюда айткандарын далилдеп берсин. Эгер далилдей албаса, кечирим сурасын. Элди кыйнай бериштин кажети жок, – дейт ал. Экс-башкы прокурор өз сөзүндө ал тууралуу канча жылдан бери ММКлар түрдүү кептерди жазып келатканынын азабын тартып атканын билдиди. Бирок, Азимбек Анаркулович бирөөсүн дагы сотко бербегенин, эл кимдики калп, кимдиги чын экенин таразалап алат деген пикирин билдирди. Ал эми Ботобековдун Аксы окуясына катыштыгына токтолгон Бекназаров көп нерсени билээрин, бирок, азыр эч нерсе айтпай турганын кошумчалады.

 Булак: Vesti.kg сайты

Айбат гезити №137



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru