Айбат » Кыйкымчылар кыр ашыргысы келбейт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Кыйкымчылар кыр ашыргысы келбейт

Мадумаров АдаханСаясатчылардын сары изине чөп салмайлар акыркы убакта күчөп бараткандай. Айрыкча Адахан Мадумаровдун кыймыл-аракетине үзбөй саресеп салгандар таракандай бири-бирин тебелешет. Алардын ар бири “уникалдуу” чукугучу менен бирдемкени илип алууга куштар. Мунун жөнү жөнөкөй, болгону өздөрү ылым санаган кожоюндарына “даамдуу” тили менен жаккысы, кымбат белегине маарыгысы келет. Себеби, ар бир ыкчам, таамай жеткирилген жаңылык чоң кадырлоого татыктуу болот.

Маселен, дем алыш күнү түнкүсүн көрсөтүлгөн “Дил маекке” ошолор өтө катуу иликтөө жүргүзүптүр. Чынында окуу жайлардан келип суроо берген студенттерге Адахан мырзанын узаткан жооптору өзгөчө ишенимди жаратты. Катышып отургандар да аягында дил маек максатына жеткенин ачык айтышты. Чынында башка каармандарга караганда Мадумаров мээге барамык каккандай элес калтырды.

Аттиң, а бирок кыйкымчылар ушу көрсөтүүдөн да өөн таап алганына кудуңдап сүйүнүштү. “Фабулага” чыккан (№50-саны) “Акча менен тилдин биримдигиби же таймашыбы” аттуу материал буга айкын күбө. Чымындын канатындай болгон материалга булардын биринчи беттеги сүрөтү дал келбегени оркоюп көрүнүп турат. Адаханды мактанчаак, амалкөй экендигине басым жасашыптыр. Баягы эле Бакиевдин дооруна чапташып сөйкөнүп өткөнү жаңылык деле эмес.

Эң колдогу көзүр картасы – Салымбеков менен бириккени – алардын пикиринде туура эмес экен. Деги булар эмнеге эле Аскар мырзанын байлыгына ичи ачышат? Же өздөрүнүн билермандарына кошулбай калганына айла таппай жатышабы? Алты он жылдыкты тарых бүктөмүнө бүктөп койгон лидер акыйкатына келсек чычканга кебек алдырбайт. Ал бекер жерден Мадумаровду тандаган жок. Себеби, Адахандын ашынган жемкорлугун, тайыздыгын, эки жүздүүлүгүн көргөн эмес. Чыкыйга дал кадалган курч сөздү  көрүнгөн эле саясатчы андай кылып элге жеткире албайт. “Ал адамдын капчыгынан менин тилим алда канча кымбат турат” – деген сөздү абдан кооздоп жибергенине баракелде дебеске арга жок. Тилекке каршы алдын-ала бири-бирин тыкыр изилдеп, туура чечимге келген эки лидердин мындан көңүлдөрү айнып кетпеди. Демек, атылган жебе бутага тийбей калды.

Айбат гезити №137



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru