Айбат » Пан Ги Мун: Аалам СПИДден арыла баштады

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Дүйнө кабары » Пан Ги Мун: Аалам СПИДден арыла баштады

БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун дүйнөдө ВИЧ илдетине чалдыккандар саны азая баштаганын билдирди. Мындай пикирин 14-июлда Аддис-Абеба шаарында айткан Баш катчы 15 жыл мурункуга салыштырмалуу илдетти жуктургандар 35 пайыз азайганын белгиледи. СПИДден өлгөндөр саны да 41 пайыз төмөндөгөн.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2000-жылдан бери 30 миллион адам ВИЧ жуктурганы аныкталды. 8 миллионго жакыны ушул дарттан улам дүйнөдөн өттү.

Кыргызстанда ВИЧ илдети менен 6 миңдей адам каттоого алынган.

Айбат гезити №137




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru