Айбат » “Кыргызстан” саясий партиясынын кыргыз элин Орозо айт майрамы менен куттуктоосу

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » “Кыргызстан” саясий партиясынын кыргыз элин Орозо айт майрамы менен куттуктоосу

badb871081b53d13585020d7e86c4582649a19e7Урматтуу кыргызстандыктар!

Кадырлуу  мусулмандар!

Сиздерди жалпы мусулмандардын ыйык   Орозо айт майрамы менен куттуктайбыз!

Рамазан айы бейпилдиктин, сабырдуулуктун, ынтымак – ырашкерликтин, өз ара түшүнүүнүн, кечиримдүүлүктүн ыйык айы. Ыйык  Рамазан айында жалпы  мусулмандар  орозо кармоо  менен көкүрөк агартып, тунук ниеттерди тилек кылып,  өз ишенимин бекемдеп, руханий жактан аруулануунып келген. Ыйык Рамазан айы, Орозо-айт майрамы жалпы элди ынтымакка чакырып,  бир туугандыкта,   достукта жашоого  үндөп, өз ара урматтоого  чакырган.

 

Урматтуу агаин-туугандар!

Көкүрөк тазалыгынын,  аруулугунун айы болгон Рамазан айында ар бир үй-бүлөгө  Жаратканыбыз береке, ырыс алып келсин. Жамандыктан арылып, жакшылыкка канат байлап, таза ниет менен  кармаган  орозоңуздар кабыл болсун.

Ыйман  нуру ар бир мекендешибиздин жүрөгүнө  жарык берип, жакшы тилек-ниеттерди  ыроолосун.  Рамазан айында жасаган соопчулук, кайрымдуулук, боорукерлик  ишиңиздер мындан ары да улана берсин! Ар бир бүлөгө ачык асман,  кут береке, токчулук,  бардар турмуш каалайбыз!

Ылайым кыргызстандыктардын  мындан ары да өрүшү артып, ырысы оошуп, пейили кеңейип, дили агара берсин!

Орозо айтыңыздар маарек болсун!

“Кыргызстан” саясий партиясынын
төрагасы Канатбек Исаев

Айбат гезити №137




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru