Айбат » Партиялар маршы… Кимдин кандай даярдыгы?..

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Партиялар маршы… Кимдин кандай даярдыгы?..

badb871081b53d13585020d7e86c4582649a19e7Эгерде саясый партиялар менен саясатчылардын бардыгы шайлоо алдындагыдай күжүлдөп иштеп берсе, Кыргызстан деген мамлекетибизди бат эле бутуна тургузуп коет белек деген ойго келесиң. Ырасында эле ошондой болмок. Эгемендик алгандан бери карай канча шайлоо болсо, ошонун баарында укмуштуудай убадалар берилип, анан дагы элге жасалган камкордуктар болуп келет. Алдыда болуучу парламенттик шайлоонун шаңы дагы эртелеп эле башталды.

Дээрлик беш жыл бою парламент трибунасы менен үйүнөн, эс алуучу жайлардан алыстабаган эл өкүлдөрү дагы эл кыдырып, жер кыдырып баштады. Айылдарда жаштар үчүн спорт залдарын куруп аткандары бар, жаштардын башын бириктирип көк бөрү, күрөш, баскетбол, волейбол, футбол өңдүү спорттун түрлөрүн уюштуруп байгесин коюп аткандары бар. Эзели үч уктаса түшүнө кирип койбогон карылар үйүнө баш багып аткандары дагы жок эмес. Ал гана эмес, мыйзамсыз жер басып алгандарга да барып, «коркпогула, мен бул жерлдерди мыйзамдаштырып берем» дегендери чыгып атат.

Айтор, кайрадан парламентке келип, дээрлик беш жыл бою мамлекеттин эсебинен жакшы маяна алып, жакшы машине минип, кол жоорутуп, бел оорутпай жашоо үчүн күрөш жүрүп атат. Эми ушундай тапта саясый партиялардын бедели канчалык болуп туру? Албетте, жөндүү суроо. Өткөн 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо маарага алдыңкы болуп келген «Ата-Журт» партиясы азыр жок. Ал «Республика» партиясынын койнуна кирип кеткен. Эске сала кетсек, «Республика» дагы өткөн шайлоодо маарага алдыңкылардын катарында чыгып келген болчу. Андай ийгиликке жетиш үчүн карапайым дыйкандардын, карапайым адамдардын кулагы н сүйүнтө турган толтура убадаларды беришкен болчу. 7 пайыздык кредит, электр энергиясынын өз баасында берилиши сыяктуу. Бирок, андай убадалардын аткарылганын көрө албадык.

Убадалары аткарылганча эле «Республика» партиясы ичинен ыдырап, «канат-бутактарын» жайып кетти. «Жөжөлөп» жиберди. Толтура партияларды «басып» чыгарды – «Өнүгүү», «Бир бол» жана башкалар. Алары «жумурткадан» чыгары менен эле «энесине» тап берип чыкты. Айласы кеткен «Республика» торолуп эле калган, бирок ал дагы ичинен ыдырап, аябай жүдөп калган «Ата-Журтту» «асырап» алды. Ошентип эки бакыр, бир тукур болуп парламенттик шайлоого аттанабыз деп турушат. Бирок, Ак үйдүн тосмосуна илинип калган «авторитет» менен аткарылбай калган убадалар бул «сүйүшкөн» партиялардын (же партия эле болуш керек) маарага баштап барчу жолун бир топ эле таштак кылып койчудай болуп туру.

Өткөн парламенттик шайлоодо өз-өзүнчө чуркашса да артынан чаң ызгытып келишсе, бу саам коюу чаңдын ичинде кала берүүлөрү толук мүмкүн. «Ата-Мекен» партиясы дагы күтүлбөгөн кадамдарды жасай баштады. Албетте анын 20 жылдан ашуун убакыттагы кадыр-баркын эске албай кое албайбыз. Мына ушунча жылдан бери парламент партасынан алыстай элек. Бирок, бу саам бул партиянын да абалы чатак сыңары. Себеби алар өткөн шайлоодо «биз парламентке келсек, криминалдардын сазайын колуна карматабыз» деп кыйкырышкан. Бирок, өздөрүнүн партиясынын арасынан ошондойлордун башы көрүнө калып, элди бир топ ирээнжитип алгандай болду. Анан дагы такталбаса дагы «мародер» деген жабышкан ат бир топ кадыр-баркка көлөкө түшүрүп туру. Бул партиядан беделдүү саясатчылардын чыга качып атканы да бир топ терс таасирин берчүдөй. Мына ушундай оор абалды эске алган Өмүрбек Текебаев мурда өзү «Оозуна келгенди оттой берет, Бакиевдин «куйруктары»» деп сындап жүргөн Мелис Мырзакматовдун «Улуттар биримдиги» партиясын кошуп калды. Муну айрымдар партиясы күчтөнтүп алды дешсе, айрымдары тескерисинче айтып келет. Себеби Мырзакматовдун Ош шаарын жетектеп турган маалында мамлекетке миллиондогон зыяндарды алып келгенин билгендер, ал өзү гана эмес агасы Кеңеш Мырзакматов да инисинин бийлигин кыянаттык менен пайдаланып Ош коогалаңынан жапа чеккендерге арналып салынган үйлөрдөн батир алып берем деп 30дан ашуун адамдан 5-6 миң доллардан алып койгонун уккандар эми мунун кара көлөкөсү «Ата-Мекенге» да тийиши мүмкүн деп туру.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров «Ач бала менен ток бала ойнобойт» деп жүрүп «ток бала» Аскар Салымбековдун «Эмгек» партиясы менен бирикти. Бирок бул биригүү узакка созулбашы мүмкүн экендиги эмитеден айтыла баштады. Буга толтура мисалдар бар. Маселен, эки партиянын лидерлери чогуу чакырылган жерге Салымбеков барганы менен Мадумаров барбай койгону, анан дагы Адахан мырзанын «Салымбековдун капчыгына караганда менин тилим кымбат» деп өзүн-өзү мактаганы бул тандемдин узакка барышынан күмөн жаратат. Феликс Куловдун «Ар-Намысы» да бүгүнкү күндө кайда бараарын, кимдин колун кармаарын билбей башы маң болуп туру. «Замандаш» партиясы катуу чыгып келатты эле, акыркы айларда катарынан бир катар аттуу-баштуулар чыга качып партиянын бедели бир топ түшүп кетти.

Ал эми «КСДП» партиясына кошулууну көздөгөндөр өтө көп. Бирок, азырынча бул партиянын эч ким менен биригүү ниетин байкай элекпиз. Бир калыпта келе жатат. Айтор, шайлоонун шаңы жакындоодо. Ал ортодо айрым партиялардын чыныгы жүзү ачылып, айрымдарынын колтугундагы котур таштарынан өйдө көрүнө баштады. Эл тараза, эл сынчы эмеспи? Кандай болгон күндө бардыгына эл гана баасын берет…

Акмат РААТКАН

Айбат гезити №137



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru