Айбат » ЖоКенин төрт чакырылыштан берки ишмердүүлүгүнүн аягы темир торго алпарган Коркмазов

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » ЖоКенин төрт чакырылыштан берки ишмердүүлүгүнүн аягы темир торго алпарган Коркмазов

Хаджимурат Коркмазов100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган «ата журтчу» Хаджимурат Коркмазов парламенттин 4 чакырылышынан бери депутат. Төмөндө «алкым азабын тартчу» депутаттын өмүр баянын сунуш кылабыз.

Коркмазов Хаджимураттын Зулкарнаевич 1953-жылдын 26-октябрында Чүй областынын Аламүдүн районундагы Васильевка жүзүмчүлүк совхозунда туулган.

Жогорку билимдүү. 1985-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин “юрист-укук таануучу” адистиги боюнча бүтүргөн. 1971-1972-жылдары Кант районунун Киршелк кыштагындагы Фрунзе айыл чарба техникумунда окуган. 1972-1974-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1975-жылдары Фрунзе айыл чарба техникумун бүтүргөн.

 

Эмгек жолу кандай десеңиз, мындай:

– 1975-жылы Москва районундагы “Заветы Ильича” колхозунда зоотехник болуп иштөөдөн баштаган, андан кийин Сүт-товар фермасынын башчысы болуп иштеген.

– 1979-1981-жылдары ушул колхоздун комсомол уюмунун катчысы болгон.

– 1981-1994-жылдары Кыргыз Республикасынын ИИМнин Сокулук райондук ИИБсинде оперуполномоченный, бөлүмдүн начальниги болуп иштеген.

– 1994-жылы Кыргыз Республикасынын Жогору Кеңешинин Президиумунун Аппаратынын укук бөлүмүнүн улук консультанты, Укук коргоо жана мыйзамдуулук маселелери боюнча бөлүмдүн улук консультанты болуп иштеген.

– 1995–2000-жылдары — Кыргыз Республикасынын I чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты болгон. 1998-2000-жылдары Мыйзам чыгаруу жыйынынын Соттук-укуктук реформа боюнча комитетин жетектеген.

– 2000-2005-жылдары — Кыргыз Республикасынын II чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты;

– 2005-2007-жылдары — Кыргыз Республикасынын III чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаты;

– 2006 – 2007-жылдары Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетин жетектеген.

– 2007-2010-жылдары – Кыргыз Республикасынын IV чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаты.

– 2007-2009-жылдары Жогорку Кеңештин Коргонуу, коопсуздук, укук тартиби жана сот-укук реформасы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, 2009 – 2010-жылдары Жогорку Кеңештин Коргонуу, коопсуздук, укук тартиби жана сот-укук маселелери жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.

– 2011-жылдын сентябрь айында “Ата-Журт” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп келген. Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү.

Алган сыйлыктары: “Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн” I даражадагы медалы (2001-ж.) менен сыйланган. Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Милициянын генерал-майору деген атайын наамы бар.

Үй-бүлөлүү, бир баланын атасы.

Айбат гезити №137




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru