Айбат » Марат Казакпаев, саясат таануучу: «Түлеевдин туугандарынын аракети туура эмес, бул жол менен абактан кутулуп кетүү аракетин жасабаш керек»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Марат Казакпаев, саясат таануучу: «Түлеевдин туугандарынын аракети туура эмес, бул жол менен абактан кутулуп кетүү аракетин жасабаш керек»

Марат Казакбаев- Марат мырза, экс-депутат Нариман Түлеевдин туугандарынан 100 миң доллар акча алып жаткан жеринен эл өкүлү Х. Коркмазов кармалды. Ар кимге акча барып, эптеп абактан кутулууну көздөп аткан Түлеевдин аракетин кандай баалайсыз?

– Бул боюнча азырынча бир жактуу пикир айтуу кыйыныраак. Туура, Коркмазов депутат. Бирок, ал Нариман Түлеевдин ишине жардам бере алгыдай таасири деле жок болсо керек эле. Ал эми Түлеевдин туугандарынын да аракети туура эмес. Азыр коррупцияга каршы күрөш жүрүп атканда мындай аракет менен абактан кутулуп кетүү аракетин жасабаш керек.

- Коркмазовдун кармалышы коррупцияга каршы күрөштүн токтобой жүрүп атканын көрсөтүп турабы?

– Ооба, коррупцияга каршы күрөштүн жүрүп атканын көрсөтүп турат. Бирок, тилекке каршы соттун чечими менен чоң чиновниктердин камалганын көрө элекпиз. Маселен, Келдибековдун соту дагы деле аягына чыга элек. Албетте УКМКнын антикоррупциялык кызматы иштеп атат.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru