Айбат » Канкордун жакындарын жандаган Текебаев апрель окуясынын баалуулуктарын тебелеп-тепсеп жатабы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Канкордун жакындарын жандаган Текебаев апрель окуясынын баалуулуктарын тебелеп-тепсеп жатабы?

ТекебаевШайлоо жакындаган “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев түрдүү “трюктарды” көрсөтүүдө. Алгач эле эзели келише албаган Мелис Мырзакматов менен кол кармашканын жарыялап, аны байдын кызындай мактап баштады. Эсиңиздерде болсо, дал ушул Өмурбек мырза Мырзакматовду “хан” атап, мамлекетте бийлик вертикалы болушу керек деп катуу сындаган  эле. Эми болсо Оштон көп добуш алам дедиби, айтор, “түшпөс хан” атыккан “душманын” колтугуна тартты. Негизи Мырзакматовго кылмыш иши козголуп издөөдө жүрөт. Текебаевдин аны менен Түркиянын мейманканаларынын биринде чайлашып, узак убакыт сүйлөшкөнү да көптөгөн шектенүүлөрдү жаратат.

Эми 15-июнда Өмүрбек Чиркешович  кадимки Максим Бакиевдиндин «Василий Ивановичи» атыккан Артур Медетбековдун «Кыргызстан элдик демократиялык» («КЭД) партиясы менен бириккенин шардана кылды. Эсиңиздерде болсо 7-апрель окуясынан кийин Максим Бакиевдин агасы Жаныш Бакиев менен биргеликте контрреволюция жасоо боюнча телефон сүйлөшүүсү ачыкка чыккан. Анда негизги күчтү дал ушул Артур мырза жетектей турганы божомолдонгон эле. Ал эми Текебаев болсо шайлоо деп жалаң Бакиевчилер менен биригип баштады. Эгер “Ата Мекен” шайлоодон озуп чыкса бул кетишинде кайрадан Курманбек акесин кайтарып келчүдөй. Анда 90дон ашуун адам эмне үчүн өлдү? Текебаев апрель окуясын ушунтип тепсей береби?

Айбат гезити №137



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru