Айбат » «Өлкөдө оор мезгил болгондо стабилдүүлүктү орнотуу үчүн жанымды берүүгө даярмын», — Мухтарбек Өмүракунов

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » «Өлкөдө оор мезгил болгондо стабилдүүлүктү орнотуу үчүн жанымды берүүгө даярмын», — Мухтарбек Өмүракунов

Замандан алга озгон инсан

Оош-кыйыш замандарды башынан өткөрүп, бирде жеңиштин урааны алдында маңдайы  жарыла  кубануу менен, бирде жеңилиштин ызасын да татып көргөн кыргыз эли байыртан мекендин кадырын бийик тутуп, мекенди сактай турган азаматтардын төрөлүп, азамат болуп тарбияланышына өтө зор маани берип келген. Ошондуктан уул төрөлсө табулап, «жоокер» төрөлдү деп жар салышкан. Жаа аттырып, ат үстүндө ойнотуп, чыныгы мекенчилди тарбиялоо кадимки эмгекке айланган. Аны менен бирге «Жылуу сөз жыланды да ийинден чыгарат», «Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат» деп, жеке мекенчил жоокерликке гана эмес, чечендикке да тарбиялоо болгон.   Албетте, бул кыргыздардын жоокерчилик замандагы тарбиясы. Азыркы тынч заманда ошол тарбиянын өзөгү сакталып, бирок шарт бир аз өзгөрсө да, «атадан кем уул, атага тең уул жана атадан артык уул» дегенге өзгөчө маани берилип келет.

Мухтарбек Өмүракунов

Ошондой «атадан артык төрөлгөн уулдардын» бири, «жарк» этип бир көрүнүп, бирок ошол жарк эткен  кыска убакыт ичинде миңдеген адамдар үчүн баса турган чыйыр жол салып, жүрөктү үмүткө толтуруп, келечекке жаркын көз караш менен кароого үндөп кеткен адам – коомдук ишмер Мухтар Өмүракунов болду. Анын «Мекен үчүн бир бололу, замандаш!» деген чакырыгы бардыгыбызды бир тилек, бир максатка байлап койду. Адамдарга жараша заман болот, заманга жараша адам тарбияланат дегендей, жоокерчилик мезгилде уулга болгон тарбия өзгөчө болуп, түрдүү ыкмалар колдонулса, азыркы ааламдашуу доорундагы тарбия башкача болуп калды. Мухтар аганын өзгөчөлөнгөн адилет, мекенчил болушуна түрдүү себептер таасир эткени белгилүү. Бала кезинен адилеттикти бекем тутуп, айылында жаман сапаттары менен эмес, үлгү болорлук жакшы сапаттары менен «атаман» аталган жигит, классташтарынын, жалпы эле айылдаштарынын кадырына, сыйына ээ болуп, ошол учурда эле урматтын даамын татып, ошол багыты, ошол аракети ийгиликке алып келерлигине көзү жетсе керек. Албетте, анын тарбиясына ата-эненин, үй-бүлөнүн да таасири зор экендигин танып кете албайбыз. Ошондуктан, анын эгемен жылдардагы алгачкы ишмердигинде бири-биринин колуна кол, бутуна бут болушкан апасы – Жумагүл апанын да эмгеги өзүнчө сөз кылууга татырлык.

Айтылуу Садыр аке: «Тирүүчүлүктө бетке көө сүйкөнбөй, адамга тик карап, ак жүргөндөн артык нерсе болчубу?» деп айткандай, өмүрүн жалаң актыкка арнаган Мухтар аганын мекенчилдик сапатынын артышына дал ошол эгемендиктин алгачкы жылдарындагы окуялар кошул-ташыл түрткү берди. М.Горькийдин: Коомдо жашап туруп, андан сырткары боло албайсың – деген сөзү бар. Ошол сыңары, өз киндигин өзү кесип, өз тагдырын өзү чечкен доордун башталышы менен, жумушсуздук миңдеген адамдын башына түшүп, ар ким колунан келген иш менен күнүмдүк нан таап жегенге баш уруп, көпчүлүгү жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө иш издеп кетип жатышты. Мындай көрүнүш Мухтар аганын да башында турганда, колунан көөрү төгүлгөн Жумагүл апанын жардамы менен тигүүчүлүк менен алектенишип, аны соодалоого өтүү менен, чет жердин оош-кыйыш азабын көргөн Мухтар ага ошондо да, өзүн гана ойлобостон, өзүнө окшоп азап чегип жүргөн кыргыз жарандарынын тагдырына күйүп, «бармак башка, билек бир» деген накылдын маанисин терең түшүнүп, ошол чет жерлердеги мекендештерди укуктук жактан коргоо максатында ири уюм «Замандаш» Ассоциациясын түзүүгө бел байлаган.

Кыргыздар байыртан «Атадан бала артык төрөлбөсө, акыр заман болот» деп жоруп келишкен. Укугун коргой албай жүргөн мекендештерибиздин көйгөйүн чечүүгө белбайлаган Мухтар агабыздын бул чечкиндүү кадамы акыр замандын алдын алуусуна татырлык иш экендигин эч ким танып кете албастыр. Бул анын жалгыз ийгилиги эмес, бул анын – саясатка баруусуна  алгачкы кадамы болгон. Ага дейре (1990- 1995) «Үмүт» кооперативинин төрагасы, «МЭНС» жоопкерчилиги чектелген уюмдун директору (1995—2001), Кыргызстанда өндүрүлгөн текстил продукцияларын Россия менен Казакстанга ташый турган транспорттук-логистикалык эң алгачкы Кыргыз-Россиялык «Биек-Карго» компаниясынын генералдык директору (2001—2003) болуп эмгектенген. Демек, ал аткарган иштеринин бардыгында  «пионер» (жол салуучу) болгон.

2005-жылдан тарта Кыргызстандагы «Легпром» жеңил өнөр жай Ассоциациясынын башкармалыгында, 2004-2006-жылдары Россия Федерациясынын Урал федералдык округунда  Кыргыз Республикасынын соода-сатык боюнча өкүлү, 2006-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын миграция жана эмгекке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин статс-катчысы болуп эмгектенүү менен бирге эле 2004-2008-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгон.

Албетте, Мухтар аганын өзү айткан «…туруктуу өнүккөн өлкөлөрдү байкасак, аларда сөзсүз саясий элитасы бар. Алар сөзсүз түрдө бийликте турбайт. Бирок, мамлекеттин турукташтырууга өбөлгө болуп, анын өнүгүүсүнө чоң жол ачат экен»  деген пикири бар. Ошондон улам болсо керек, бийликте турбаса да, Кыргызстанды өнүктүрүү багытында жогоруда атап кеткен ири ишкана – уюмдарды түзүүгө, алар аркылуу элдин ынтымагын бекемдөөгө, Кыргызстандын экономикасын чыңдоого аракет кылган. «Кыргыздар Кыргызстанда гана бактылуу боло алышат, чет жердеги мекендештерибиздин билимин өз мамлекетибиз үчүн колдонушубуз керек, ал эми аларды Кыргызстанга кайтарып келишибиз үчүн жогорку айлык акылуу жумуш орундары менен камсыз кылышыбыз керек» деген ниетте түн уйкусун бөлүп, ири долбоорлорду иштеп чыккан, алардын айрымдарын ишке ашырган. Канчалаган адамга, үй-бүлөлөргө жардам берип келген.

Мухтар аганын денесинде улуттун таза каны, жүрөгүндө Манастын жалыны жашап келген. Белгилүү Талып Молдо Байболот уулунун XIX кылымдагы кыргыздардын сапаты тууралуу айтканы бар:  «Ал кезде элдин кылык-жоругу, адаты бузулбаган табигый абалда эле. Жалган сөз айтуу, бирөөгө кыянат кылуу, убадасын бузуу, бузуктук иш кылуу, уурулук кылуу өлүмдөн жаман. Эл куулукту билчү эмес. Ал убактагы журттун бай-жардысы, кары-жашынын баарысынын барга-жокко канагат кылуусу. Бир кишинин буйругунда ынтымактуусу. Көчсө, консо бүтүн журт бүт козголуп, киши, кишинин чычкак улагын таштабай чогуу алып жүрүшү. Жарды-жакырга жардамдуусу. Конокко, мусапырга сыйлуусу. Зарыл болгондо колдо барын аябай жоомарттыгы. Ырчыга тогуздап бергени. Ачкага аш, жылаңачка тон, жөөгө ат аяба деп, четтен жөө келген календер болсо да түшүп атын бергени. Жоого өлгөнчө кайраттуу эрдиги. Элдешкен журтка бир туугандай ынтымагы. Бузук кылганды тыйганы. Чын сөздүүсү». Демек, ушул табиягый, таза сапаттардын бардыгын алып жүргөн инсан Журт башчысы болууга татырлык болмок!

Аттиң дүйнө, не деген тилектер, не деген долбоорлор ишке ашпай калды! Ойлоп көрсөк, Мухтар ага заман менен кадамдаш болбой, андан озуп жашаган инсан болгон тура! Албетте, анын камкордугу тилектештерине, сапарлаштарына мурас катары таанылып,  азыркы күнгө чейин уланып келүүдө. Аны да тана албайбыз…

Ак эмгеги, адилет мүнөзү, камкор тилеги менен эл оозуна алынып, колдоо таап баштаганда ажалга тарттырып ийдик! Мухтар аганы эстегенде көзүнө жаш тегеренбеген бир да кыргызды жолуктура албайбыз. Учкундай өмүрүндө улуу иштерди аткарып, күркүрөгөн кең келечекти көз алдына элестетип, бактылуу элдин дөөлөттүү карыясы болууну самагандыр?! Ааламды сызып учуп, айга конууга акылы жеткен адамдар, бир муштумга биригип, бир кенедей мамлекетти өнүктүрө албай жаткан себебин издегендир?! Ошондон улам өнүккөн мамлекеттердин тажрыйбасына сереп салып, элдик бийлик гана адилеттик орното аларына көзү жетип, альтернативдик өкмөт жана парламент түзгөндөрдүн бири болгондур?

Кайталанбас чиркин өмүр жандуу менен жансызга бирдей эле берилет. Бирок аны жашап өтүү сапаты ар бир инсандын өзүнөн. Өмүр мезгил менен сыналып, аткарган  эмгектери менен саналат тура! Мухтар ага ошо аткарган эмгектери менен азыркыга чейин эл оозунан түшпөй, анын тилектештеринин бири Сапарбек Асанов агабыз айткандай: «азыркы күнгө чейин анын санаалаштары, деги эле бардык тилектештери анын илеби менен жашап келе жатышат».

Мамлекеттин амбициясы экономикалык жактан күчтүүлүгүндө гана эмес, анын жаңычыл мүнөздөгү идеяларды жаратып, ишке ашыра алышында экендигин жакшы түшүнүп, идеяларды жарата турган билимдүү интеллегент жаштарды айланасына топтогон эле. Балким, өзү тирүү болгондо канчалаган көз жарбай калган идеялар көз жарып, бутак-тамырлап, гүлдөгөн мамлекеттин бакубат жашоосуна жол ачылмак…

Балким… балким… дей беребиз. Бирок, уучу кур эмес, Мухтар аганын. Анын идеясын улап, ишин мурас катары жүргүзүп жаткан тилектештери бар. Ошол тилектештери бүгүнкү күнү Мухтар аганын жаркын элесине таазим этип, жүрөктөрүн титирете ыйлатып, өзү жок болсо да сүрөтүн маңдайга илип, 50 жашын белгилеп, куран окутуп жаткан чагы…

Сиз ар бир адамдын жүрөгүндө, ар бир жарандын тилинде, жана ар бир үйдүн төрүндөсүз!

Бурулсун Бабашева, Ж.Баласагын атындагы
КУУнун  ага окутуучусу

Айбат гезити №137



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru