Айбат » СДПКнын колдоосу менен уюшулган Каракол шаарындагы экологиялык балдар лагери ишин аяктады

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » СДПКнын колдоосу менен уюшулган Каракол шаарындагы экологиялык балдар лагери ишин аяктады

Каракол шаарындагы “Бугу-Эне” зоопаркынын базасында үч жумалык мөөнөткө уюшулган балдардын экологиялык лагери 12-июлда ишин аяктады. Лагерде 8-12 жашка чейинки элүүдөй бала үч нөөмөттө эс алышты. Зоопарктын кызматкерлери аларга кошулуп ойноп, бизде жашаган флора жана фаунаны таанып-билүү боюнча конкурс өткөрүшүп, спорттук мелдештерди  уюштурушту. Эколагерге балдарын алып келип, иш-чараларга өзүлөрү кошо катышкан ата-энелер уюштуруучулардан бул демилгени кийинки жылы мындан да кенен-чонон өткөрүүнү өтүнүштү.

111931_watermark_12_12_rightbottom

Эколагердин демөөрчүсү болгон СДПКнын активисттери балдардын тамак-ашы, чатырларды, канцелярдык буюмдар менен инвентарь өңдүү бардык нерселерди сатып беришти. Зоопарк менен партиянын активисттеринин келишим түзүп, кызматташуусунун демилгечиси болгон СДПКнын республикалык штабынын жетекчиси Данияр Аттокуров партиялаштары быйылкы жылы балдардын жайкы эс алуусуна өзгөчө көп көңүл буруп жатканын баса белгиледи. “Биздин партиялаштарыбыз бүгүн эс алуусун аргасыз шаарда өткөзүп жаткан балдар үчүн атайын акция – “Ынтымак бакчасын” Бишкекте, Ошто өткөрүп жатышат. Мындай маанилүү окуядан Каракол шаары да четте калбаганы кубандырат. Биз бул долбоорду кызматташуунун алгачкы кадамы деп эсептейбиз жана зоопарк менен мындан ары да иштешүүнү ойлонуп жатабыз”, – деди Аттокуров.

Айбат гезити №137




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru