Айбат » Канатбек Муратбеков, “Кыргызстан” саясий партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү: “Жумгал элине экологиянын кереги жок, башка аймактарга экология керекпи?”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Канатбек Муратбеков, “Кыргызстан” саясий партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү: “Жумгал элине экологиянын кереги жок, башка аймактарга экология керекпи?”

Канатбек МуратбековАта журт кыйын күнгө кабылганда,
Айлансын ар бир уулуң чагылганга- демекчи, ар бир кыргыз эли өзүнүн жери, эли үчүн күйүп бышып, кол алышып, бийик ийгиликтерге жетүүгө жол ачып берсе ошондо гана кыргыз жери, эли оңолот. Бирок, аттиң ай,  азыр бизде акчалуу адам көп, бирок ал адамдардын адамдык сапат аз болуп турган учур. Акчадан биринчи адамдык сапатты биринчиликке койгон, эл кыйналып турганда, өз маңдай тери  менен иштеп тапкан байлыктан эл менен бөлүшкөн адамдар чанда гана кездешет. Андай адамдарды, азыркы биздин мезгилде “баатыр” деп атоого  болот. Ошол баатырларыбыздын бири, элдин кыйын турмуш кечирип жатканын көрүп, өзүнүн жардамын элден аябай жардам берип келген, иштеген жеринде ак, так иштеп өз ысымын элдердин жүрөгүнө жаза алган, Жумгалдын кулуну, элибиздин сыймыгы болгон Канат Муратбеков агабыз  бизде конокто.

- Ассалоому алейкум Канат мырза!

– Алейкум ассалоом!

- Сиз кыска убакыт Нарын облусунун губернатору болуп иштеп эл оозуна алынып, сүймөнчүлүгүнө арзыдыңыз, эмне себептен деп ойлойсуз?

– Менин оюмча, менеджерлик артыкчылыгым менен элдин ишеничине кирип, колдоосун алдым болуш керек.  Анткени, азыр өзүңөр билесиңер азыркы убакытка чейин эски система менен иш жүрүп келе жатат. А мен болсо, башка система менен иштегендиктен, мурдагыдай “сен мага тийишпе, мен сага тийишпейм” деген түшүнүктү алып салып, облусту алдыга жылдыралы, өнүктүрөлү деген максат коюп, ошол максаттын негизинде иш алып бардым.  Мүмкүн  мурда мамлекеттик жумуштарда иштеп, анан  губернаторлукка барсам, балким  көз карышым башкача болмок, башкача иш алып бармакмын. Мен жаңыча көз караш менен бардым. Барганда облустун бардык жери уктап жаткандай сезилди, анын үстүнө да  оор жана кыйын учурда барып иштеп калдым. Анткени ал учурду билесиңер 7-апрель окуясы болуп өткөн, элдер бирин-бири укпай, аткаруу бийлигине эл ишенбей да калган. Менин эң алгачкы максаттарымдын бири элдин ишеничин алуу болчу, эл ишенсе ишиң жүрөт, ишенбесе ишиң жүрбөйт экен. Мен менеджерлик жөндөмүм менен иш алып кеттим.

- Жаңы  губернатор болуп барганда Нарын эли кандай кабыл алды?

– Жана жогоруда айтып кеткендей эл, аткаруу бийлигине ишенбей жаткан учурда бардым. Барганда эле элдер чогулуп алып, анын арасынан менден улуу адам, менден сурап жатат. Сен өзүң бизнесмен болсоң, биздин айылдын элин, жерин, чарбасын түшүнбөйсүң, кантип иш алып барасың? Дегенде эле мен ал кишиге суроо иретинде кайрылдым. Сиз сакмалга бардыңыз беле, кой кыркып, чөп чөмөлөп, трактор айдадыңыз беле, жер айдап, түшүм чогулттуңуз беле десем ал киши, жок мен шаарда жашайм деп бардык суроолорума жок деп жооп берди. Анда сиз мага караганда түшүнбөйт  турбайсызбы, мен мына булардын баарын иштеп көргөм. Мен айыл жергесинде өсүп чоңойгом, ушул жумуштардын артынан мен бул дүйнөнү таанып, жашоого чыйралгам деп жооп кайтардым. Чындыгында  мен айылдын жашоо шартын, чарбачылыгын жон терим  менен сезип, айылдын жашоо даамын татып калгам.  Мен барган  убакта элдин бийликке болгон ишениши жок эле. Мен элдин бийликке болгон, сууп калган ишеничтерине өзүмдүн ишимдин жыйынтыгы аркылуу татыйын дедим. Негизинен Нарын облусунда эки эле жол менен жашашат, биринчиси мал чарбачылык, экинчиси дыйканчылык.

- Нарын дотациядагы облустардын бири, сиз барганда Нарындын бюджети канча эле  жана сиз кетерде канча деген көрсөткүчтөргө ээ болуп кеттиңиз?

– Мен барганда Нарын областы 92 дотацияда болчу жана облустук бюджет 700 миллион сомду түзчү. Ал эми мен кетип жаткандагы жыйынтык боюнча дотация 83га түштү. Анткени, мен барганда 80 миң тонна эле көмүр чыгарчы, мен иштеп жатканда 400 миң тоннага чыгардык, өткөн жылы 600 миң тоннага жетти. Бул да болсо жылыш, жетишкендик болуп жатат да. Мен барганда салык жыйноо 250 миллион сомдун тегерегинде болсо, андан кийин бул көрсөткүч 100 миллионго көбөйдү. Жалпысынан мен кетип жатканда 380 миллион сомду түздү. Мен жумушумдан кетип жатканда бюджеттин көрсөткүчү  1 миллиард  600 миллион сомду түзгөн. Бюджетибиз ушунча көрсөткүчкө көбөйгөндөн кийин дотация 10га түшүп жатат. Анткени, дүң продукциясы да кымбаттап өсүп  жатты да. Бул көрсөткүчтөгү бюджетти толтурууга дагы биздин кереметтүү жаратылышыбыз болду. Анткени биздин керемет, кооз жерлерибизди көргөнү келген туристтин саны көбөйдү. Сан менен айта кетсем биринчи жылдары 5 миң туристти түзсө, андан кийинки жылы 25 миңге чейин чыккан. Анын ичинен чет мамлекеттен келген туристтер 5 миңден 10 миңге чейин, ал эми калганы ички туризм, бул жергиликтүү туристтер болуп саналат. Экотуризм Нарын областында абдан өнүгүп, өсүп жатат. Биз бир гана мал чарба, дыйканчылык деп кете бербестен туризм жаатында жөнгө салдык. Мындан тышкары адамды билим менен камсыз кылган мугалимдер менен ден-соолукту чыңдаган  дарыгерлердин айлык маянасы көтөрүлгөн. Мисалы, дарыгерлерге бир айда 14 миллион сом берилсе, көтөрүлгөндөн кийин 34 миллионго чыкты. Мугалимдерге 27 миллион бир айда берилсе, кийин 74 миллионго жетти. Бул жалпы  мугалим, дарыгерлердин  бир айлык айлыгын эсептегенде. Мен бул кыска  убакытта алдыма койгон чоң иштеримди ишке ашырып жетиштим. Убакыт кыска болуп калып дагы чоң иштерим калып калды. Мен элдин жаркын жашоосу үчүн кичине болсо да күрөшүп, элдин бийликке болгон ишенишин кайтара алдым деген ниеттемин.

- Сиз мүчөлүк кылган “Кыргызстан” саясий партиясынын келечеги жана пландары кандай?

– Биздин партиябыздын курамын ийгиликке жетишкен ишкерлер, кызматкерлер, кыргыз элине өз иштери менен таанымал инсандар түзүшөт. Партиянын ар бир мүчөсү өз элине, жерине өздөрүнүн кызматы, иштеген иштери, көмөк көрсөткөндүгү, жардам бергени менен эл алкышына татыган адамдардан куралган. Алардын ичинен белгилеп айта кетсем  азыр 10 миң кишибизди иш орду  менен камсыз кылган Абдыкеримов Шаршенбекдей адамдарыбыз бар. Мына ушул сыяктуу биздин  мекенибиздин келечегине кам көргөн  адамдарыбыз биздин партияны түзүп отурат. Муну менен эмнени айткым келип жатат, биздин партиянын эң биринчи максаттардын бири, иш каналарды куруп, жумушсуз жүргөн жарандарыбызды жумуш орду менен камсыз кылуу. Жумуш ордун түзсөк, эле анын артынан көптөгөн маселелерибиз чечилет эле. Мисалга алсак жакырчылык, акчанын айынан ажырашкан үй-бүлөлөрдүн саны, мына ушундай нерселер кыскарат эле. Бир маселе менен көп маселени чечип жатабыз. Мындан тышкары да жеңилдетилген насыялар чарбачылыкка берилип элдин жакшы шартта жашоосуна салым кошуп жатат, мына ушундай жеңилдетилген насыяны өнөр жайларга берсек деп жатабыз. Себеби, өнөр жайларыбыз иштеткенге акчалары жок жана сыртка экспорттоо начар болгондуктан иштебей турушат. Жеңилдетилген насыяларды берсек өнөр жайларыбыз иштеп кетмек. Бизде бюджетибизден 10 миллиардды социалдык тармакка жумшап жатабыз, мектеп, бала бакча курулуп жатат. Булардын салынып жатканы жакшы. Бирок бюджетти көбөйтүү жагына акча каралбай жатат. Мисалы 10 миллиардды 7 аймакка бөлүп ишкана салсак, ал ишкана киреше таба баштайт. Мына ошол кирешеге түшкөн акчага мектеп, бала бакча жана башка аймакты өнүктүрө турган нерселерди салса болот да. Биз дагы ушул жаатындагы маселени көтөрөбүз деп жатабыз. Ар бир аймакты өзүн камсыз кылып, өнүктүрө ала  турган нерсе куруп беришибиз керек. Биз кудайым буюруп өтө турган болсок да, өтпөсөк да максаттарыбызды орундатабыз. Биз шайлоого биздин буга чейин кылган иштерибиздин жыйынтыгында жана сунуш менен келебиз.

- Кыргыздын кендерин иштетүүгө кандай көз караштасыз?

– Ар бир кен, кандай көрүнүштөгү кен болбосун ал элдин жаркын келечеги, элдин кызыкчылыгына иштеши керек. Кумтөр, Жер үйдөгү ызы чуулар эмнеден келип жатат. Албетте, мурунку ажо башчыларыбыз элдин эмес, өз кызыкчылыгына иштетип алган. Анын кесепетин эми биз тартып жатабыз. Чындыгында мен тоо кен иштерин токтотуш керек дегенге мен каршымын. Эгер, андай болсо анда көмүр кени дагы казылбасын, мына 600 миң тонна бир эле Жумгал районунда чыгып жатат. Ал жерди барып карасаңар бактар кыйылып, суулары кара түстө болуп, ал суудан Жумгал элинин мал жандыктары ичип жатат, ал жердин жаратылышы, экологиясы бузулуп жатпайбы. Жумгал району  республиканы көмүр менен камсыз кылып, бюджетибизди толтуруп да жатат, эмне Жумгал элине экология кереги жок башка региондорго экология керекпи, андай болсо анда көмүрдү казууну да токтотолу. Ошондуктан кендерди иштетиш керек, бирок ал элдин, мамлекетибиздин кызыкчылыгына иштеши керек.

- Сизди жетимдер үйүнө, колунда жокторго деги эле элге жардам берип жүргөнүңүзгө кыргыз эли күбө болуп келүүдө. Депутат болуп калсаңыз бул адамдык сапатыңыздан тайбайсызбы?

– Кудай сактасын, мен бул иштерим менен мактангым келбейт. Кыйналып жаткан адамдардан, кароосуз калган жетим балдарыбыздан эч нерсемди аябайм. Ал иштеримди мен силерге бирден санап, мактанган киши болгум келбейт, элим билсе эле болду. Негизинен, биздин колунда бар адамдарыбыз, жыл сайын  ар бир жетим үйүбү, карылар үйүбү же бир жакырчылыктын күнүн кечирип жаткан адамгабы жардам берүүнү салт же адат кылып алса жакшы болот эле. Биз бири-бирибизге кол сунуу менен бул кыйынчылык аңынан чыга алабыз. Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов атабыз айткандай “Адамга күнүгө адам болуу кыйын” дегендей. Адам акчалуу болсун, бийликке келсин, бирок, аларды биринчи коюп элди көзүнө албай айбан болгуча,  элдин кыйынчылыгын жүрөгү менен сезип, аларга жардам берип адам бойдон калган артык деп ойлойм.

- Мына орозобуз аяктап, орозо айтта болуп калды. Элге каалоо тилегиңизди айта кетсеңиз

– Ушул ыйык орозо айында кимде ким орозо кармаса орозолору кабыл болуп, тилеген дубалары кабыл болсун демекчимин. Кимде ким ар кандай себептер менен кармай албай калса алардын ниеттерин кабыл кылсын жараткан кудайым. Жараткан кудайым бардык кыргыз элиме жаркын келечек, ынтымак, ар бир үй-бүлөгө бактылуулук, жүрөктөргө ыйман тартууласын. Орозо айт майрамыңыздар менен куттуктайм.

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №137




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru