Айбат » Темир бекем тартипти орното алабы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Темир бекем тартипти орното алабы?

Темир СариевӨлкөнүн кадырын керек учурда айбаттуу көрүнүп, сай-сөөккө жеткире кеп айта алган журт башчылар көтөрөт. Муну кызматка келген Темир Сариев эки айдын ичинде аныктап койду. Премьер- министр болуп иштеген кыска мөөнөттө ал өлкөнү кыйма- чийме кыдырып конок болуп сый көрүүнү эңсебей,конкреттүү иштерге саресеп салууну  биринчи орунга койду. Ар бир олуттуу маселеге ордунан сын пикирин айтып,жетекчилерге айкын тапшырмаларды берди.  Мөөнөтү келгенде текшерип аларын ачыктады. Демек, убакыт өтсө бул иш унутулат деген ой жашабайт. Маселени батыл чечип, зарылчылыкты байкаса каражатын бөлүштүрүп берүүнү колго алган Өкмөт башчынын кыймыл аракетине ыраазы болгондор четтен чыгат. Минтпесе жергиликтүү бийликтин уйкусу ачылбашын ал көп жылдык эмгектик тажрыйбасынан билет. Чын ниетин койгондо гана абал өзгөрөөрү кимге болсо да түшүнүктүү.

Башканы коюп Талас облусуна барганда  бийликтин гана эмес,сереңдегендердин да анын чечкиндүүлүгү жүрөгүнүн үшүн алып койду. Мамлекеттин байлыгын меники дегиси келген “азаматтардын”ким экенин эл алдында ашкерелеп койгону көпчүлүктүн ишенимин арттырды.Керек болсо тейреңдегендердин мурдуна мыйзам чегинде чүлүк салуу колдон келерин билдирди. Ал эми мунун жыйынтыгын жанында турган генералдардан талап кылып аларын айтканда катышып тургандар козголо түштү. Бир “фокусту” даярдап, көрсөтөбүз деген эргулдар  пландарын өзгөртүүгө аргасыз болушту. Туура качанга чейин бир ууч  уюшкан топ  өз талабын  элдин атынан сүйлөп  чыгара берет? Деги алар эмне үчүн мамлекеттин  жүргүзгөн иштерине тоскоол болушат? Өлкөнүн маселесин чечүүгө буларга ким укук берди?  Ушул соболдорго Темир мырза  толук жооп бергендей түр көрсөттү. Акыйкатында Таластагы эл менен жолугушуу өзгөчө маанайга  татыды десек болот.

Эгерде кашайып бүгүнкү жолугушууда Жоомарт Оторбаев  болгондо  күңк- мыңк этип сереңдегендердин алдына чөк түшүп бермек. Чоңу  антип отурса жанындагылар  анын башын аттап  өзү билемдигин балээни көрсөтөбү? Бышмыйып оозунан токочун алдырган баладай болуп артка кайтышмак. Тескерисинче өкүм сүйлөп, аргументтерди кыл жылдырбай  кармап сыпааттады эле баардыгы муюп калышты. Анча- мынча баш көтөрөйүн дегендердин көзүн заматта тазалап таштаганы  мамлекеттин укуругу узун дегенден кабар берди. Ошентип Өкмөт башчы  кездешүүдөн  майтарылган жок.

Ооба, кыргыз журтчулугу башынан эки ыңкылапты өткөрдү. Ал тургай экинчи жолку бийлик алмашуунун очогу Таластан жүз берген. Аны эч ким жокко чыгара албайт.Бирок ошол нерсеге жамынып алып, биз каалаганыбызды жасайбыз деп оолуккандын өзү туура эмес. Карышкырдын “терисин” тескери каратып жамынгандар бирөөлөрдүн куралы болбошу керек.  Ириде карапайым калктын кызыкчылыгы башкы орунда турушу кажет.  Тилекке каршы айрым учурда  керт башынын дартын элдикине чаптагысы келгендер бар. Маселен, “Жерүй” алтын кенинин айланасындагы чууларды  дайыма таанымал бир топ  көтөрүп чыгууда. Эмне үчүн булар башка тургундардын пикири менен эсептешпейт? Талас элинин атынан опурулуп сүйлөгөнгө буларга ким укук берди? Жооп жок. Анткени алардын ишине көпчүлүгү маани бербейт. Митинг болуп жатса :- А-аа баягы жаны тынбагандар жүргөн турбайбы –деп коюшат. Кайдыгерлик  мамиле ушундай  чыгууларга жол ачып койду.

Саресеп салып көрөлүчү? Мурдагыдай жең ичинен бүткөрүлгөн  маселени азыр көрүү кыйын болгону ырас. Бардык иштер мыйзамдын чегинде жүргүзүлүп жатат. Кылт эткен туура эмес кадам жасалса дароо чуу көтөрүлөт. Себеп  катары  бутага алынган экология маселеси  катуу көзөмөлдө экенин сокур адам сезип турат. Эгерде бул кенди иштетүүгө шарт түзүлсө ири көлөмдөгү каражат Таластын элине  пайдасы тиерин жалпы журт баамдап турганы да чын.  Ондогон күнөсканалар, жашылча сактоочу жайлар курулса,төө буурчакты иштетүүчү цехтер пайдаланууга берилсе  элдин турмушу да оңолгон жатпайбы?  Анан калса  “Жерүйдө” иштеген миңдеген жумушчуларга  керектүү болгон азыктар- эт, сүт, картөшкөнү, алманы  жергиликтүү тургундар өндүрүп сатса  жетишкендик болбойбу? Же өзүнүн курсагын эптеп тойгуза албагандар силердин кемкаржыңарды жолго салып береби?  Таш балакетти да булар чече албайт. Анткени калкты камсыздоочу рычагдар мамлекеттин гана колунда. Ушуну неге түшүнбөйбүз?

Негизи азыр илим менен техниканын  жетишкен кези. Ар кандай күмөндүү маселеге  алар тыкыр изилдеп жыйынтыгын чыгарып берет. Кантип эле өкмөттө элдин тагдырын  ойлонууга чегерилген кызматкерлер калкына душмандык кылсын? Илгерки жеп- ичерлер ошондой жаман  пикирди жаратып кеткенин танбаганыбыз менен азыркылардын кенен ой жүгүртүп иштөөсүнө  мүмкүнчүлүк бергенибиз  адилеттүү болмок. Урган сайын көз чыга бербесин моюндашыбыз  абзел. Кыргызстандын байлыктары жалпы элдики экенин  аң- сезимибизге сиңиришибиз кажет.  Албетте, андан түшкөн каражат оболу ошол  жердин тургундарына сарпталарын  журт башчылары тастыктап жатпайбы? Демек, аларга тийиштүү ырыскыны эч ким талашпайт, бир ишке жараса эсеп.

Ошондуктан жакшылап башты иштетип, майнаптуу ой баксак бакубат жашоого жол ачылат. Биз бир күн менен жашабай келечекке кеңири карашыбыз  зарыл. Муну өкмөт башчыбыз Темир Сариев да өткөн жолку Таластыктар менен жолугушуусунда далилдүү түшүндүрүп кетти. Акыйкат кепти ашказанына  сиңиргендер андан туура жыйынтык чыгарат деген ниеттебиз. Айрым бир ичи таза эмес саясатчымын дегендердин буйругун аткарып, курсагын челдейткендер бизге сокур тыйынчалык пайда келтирбейт. Мындан ары Бишкектен темир казык жерге кагылганда өлкөнүн кыйырына  таасири тийсе  бийликтегилер  солк этип катуу тартип орноорун, өлкөнүн багыты түз болорун журтчулук баамдап турат. Мыйзамдын буйтактабай  туура иштеши мамлекеттин башчыларынын кудуретине жараша болорун  да кыстара кетпесек калыстыктан четтеп кеткен болобуз.

Айбат гезити №137




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru