Айбат » Президент Токон Мамытовду вице-премьер кылып дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Президент Токон Мамытовду вице-премьер кылып дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду

Токон МамытовБул боюнча «24.kg» агенттигине президент аппаратынан билдиришти.

Эскертсек, Токон Мамытовдун талапкерлигин профилдүү комитет жактырган. Ал Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтүндө күч блогун көзөмөлгө алмакчы.

«24.kg» агенттигинен маалым кат. Токон (Токтокүчүк) Мамытов 1953-жылдын 18-декабрында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган.

1979-жылы Пржевальск педагогикалык институтун бүтүрүп, 1981-жылы СССР КГБсынын Жогорку курсун, ал эми 1987-жылы Андропов атындагы СССР КГБсинин Кызыл туу институтун бүтүрөт.

Эмгек жолун горонодо методист болуп баштайт. 1981-жылы мамкоопсуздук органдарында кызмат өтөп, алгач ыкчам ыйгарымдуу кызматкер, андан соң улук кызматкер, анан бөлүм жетекчиси болот. Андан кийин УККнын Кочкор райондук бөлүмүнө которулат.

1992-жылдан 1997-жылга чейин УККнын борбордук аппаратында жетекчи орунбасары, андан кийин контрчалгындоо башкармалыгын жетектейт.

1997-жылы министрдин орунбасары.

2002-жылы Коргоо министринин орунбасары.

2003-2005-жылдары Улуттук коопсуздук кызматынын төрага орунбасары.

Аскар Акаев качып кеткенден кийин 5 күн (2005-жылдын 26-30-марты) атайын кызматтын төрагасы.

2007-2008-жылдары Коопсуздук кеңешинин катчысы.

2008-2009-жылы Курманбек Бакиевдин мамлекеттик кеңешчиси.

2009-жылдын октябрынан баштап Чегара кызматынын төрагасы.

2010-жылы жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышындагы депутат («Ар-Намыс»).

2013-жылдын 18-январынан баштап мамлекеттик чегара кызматынын төрагасы.

2013-жылдын 1-июнунан өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлү. Генерал-лейтенант.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru