Айбат » Ак сөз айтсак болобу? Акчага байланган акимдин кереги барбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Ак сөз айтсак болобу? Акчага байланган акимдин кереги барбы?

Токтомурат ЧормошовДемократиянын жолуна түштүк дегенибиз менен шоруна түшкөнүбүздү да калыстык иретинде айта кетпесек болбостур? Анткени оңуна караганда тескериси тез эле тамырлап кетип бараткандай. Айрыкча райондордун акимдерин шайлоодо түркүн “кызыл кулактыкка” кеңири жол ачылганын байкадык. Маселен мен өзүм кезинде Токтогул посёлкалык өкмөтүнүн башчысы болуп кызмат өтөгөн адаммын. Андан кийин райондун акимдигине талапкер болуп “мелдешке” катышып көргөм. Мына ошондуктан акимди кантип шайлаганынан бир аз да болсо кабарым бар.

Башка жерлерде кандай экенин толук жоруй албасам да Кетмен-Төбө өрөөнүндө болуп өткөн акимди шайлоого саресеп салып көрөлү. Негедир кийинки кезде акимдик орундун таасири төмөндөгөнүнө карабастан бул кызматка келүүнү эңсегендер көбөйүп кетти. Бир орунга алты-жетиден талапкер катталып эрегишкен кармашуулар болгону ырас. Мурдагы жылы шайланган аким өз арызы менен иштен кеткен соң кайрадан бул орунга бир топ мырза ат салышты. Тилекке каршы таалайлуулардын таламын талашкандардын үчөөсү гана сунуш алышты. Арийне, бул жолку таймашта үч жылдан бери карай акимдин орун басары болуп иштеген Майорбек Сатымкуловдун ташы оордук кылат. Анткени ага “ставка” алда качан коюлуп калган. Экинчиден, ал кантсе да эмгек өтөп койду. Демек, аким болуп иштөөгө акысы бар десек болот. Калган эки талапкер жөн гана “караан” болгонун жакшылап саресеп салгандар байкап турат. Ушул жолу акча чачууга жол берилбеди. Бул жакшы жышаан. Болгону депутаттар куру жалак калышты.  Эми аны тагдырынан көрүшсүн.

Негизи айтаар кеп башкада. Аким шайлоодо көптөгөн негативдүү көрүнүштөр каптап кетти. Шайлоо укугуна ээ болгон жергиликтүү Кеңештин депутаттары кадимкидей соодалашууга барып калышты десем чычалагандар болбостур? Маселен ишенимдүү добуш алуу үчүн болбоду дегенде жүз депутаттын тилин табуу керек. Аларга добуш бергени үчүн сомду сойлотуу зарыл. Ошондо бир добушка он миң сомдон бөлгөндө миллиондун башы кетет. Капыстан атаандашың капчыктуу, жээк-жааты көп болсо берилүүчү “карызды”  беш миңге көбөйтүп салары бышык. Анткени кур намыс үчүн шайлоодо жеңиш гана талап кылынат.

Топ-топко бөлүнүп жең ичинен сүйлөшүүлөр болуп келген, боло берет. Ошентип акчанын курмандыгы болгон депутаттар акыркы мезгилде шайланчу акимдин байлыгына көз каранды экени талашсыз. Демек, акимдин акыл-көрөңгөсүнө, жөндөмүнө көңүл бурулбай калып жатпайбы. Анан ошол аким депутаттарга каршы сүйлөй алабы? Бирдемке десе убагында мен сага добушумду бергенимди эсиңден чыгардыңбы деп шермендесин чыгарат. Илең-салаң болуп, устукан гана жегенди билген акимдин элге кереги барбы? Жок.

Ошондуктан “улак тартыш” кылбай райондун акимин Өкмөт башчы дайындашы мезгилдин өктөм талабы. Депутаттарды тытыштырбай, саясаттын оюнуна айлантпай коюш үчүн жоболоңдуу шайлоону кан буугандай токтотуу керек. Бизге бөлүп-жарган ыкманын кымындай пайдасы тийбейт. Эгерде чыныгы демократияны коомчулукка киргизсек акимдин аброю бийик көтөрүлмөк. Райондун калкынын мүдөөсүн орундатууга жараган акимди ордуна койбосок  биз жарыбайбыз. Буга көпчүлүк макул болоруна шегим жок.  Аким деген райондун  барометри. Ошондуктан аныа зоболосун көтөрүүгө мезгил келди. Антпесек бир орунда  быкшып тыгыла берерибиз анык.

Токтомурат Чормошов, Токтогул району

Айбат гезити №137




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru