Айбат » “Ата” деген ким өзү?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » “Ата” деген ким өзү?

ата, апа, балаАТА ушундай зат, анын бут кийими чоң болгонуна карабай кийип көрөсүң. Бирок ал сага чоң болгон үчүн, узагыраак жүрө албайсың. Ошентсе да сен ал бут кийимди кийип, дал ошол инсанга окшошууну каалап, аракет кыла бересиң. Анын бардык буюмдарын кармап, жада калса айдап жүргөн унаасын да башкарып көргүң келет. Анын жүрүм – турумун, айтор ага таандык нерсенин баарын жасап, ага окшошууга аракет жасайсың.

АТА ушундай зат, күн бою эмгектенип, акча таап, сенин курсагыңды тойгузуп, окутуп, адам катарына кошуу үчүн тынбай аракетте болгон мээнеткеч инсан… Ал күн бою мээнет кылат. Кайсы учур болбосун ал дайым тоодой түйшүктөр менен жүрөт. Сени багам деп иштеп жүрүп, ар кандай кагуу-силкүү, көңүл үшүтөөрлүк сөздөрдү да укпай койбойт.

Жетекчисинен катуу сөз угуп эле калбастан, айрым адамдар менен пикири келишпей, көңүлү чөгүп калышы да мүмкүн. Бирок ал мунун баарын көтөрөт. Анысы аз келгенсип, үйгө бара жатканда көңүл ооруткан сөздөрдүн баарын сыртка калтырып, ар дайымдай дүкөнгө кирип, сен үчүн шириндиктерди алып келген да АТА…

Жашоо түйшүктөрү анын жүзүн нечендеген бырышка бөлөгөн болсо да, ал сенин ар бир күлкүңө , кубанычына шерик болуп биргеликте күлө ала турган инсан да АТА …

Сени кучактап бардык түйшүктөрүн, кыйынчылыктарын унутат. АТА ушундай адам, жумуштан келе жатканда шашылып, сен үчүн момпосуй албаганын билген соң, эшик босогосуна жеткенин карабай, кайра дүкөнгө барып, сен үчүн шириндик алып келет. Бирок ал бул нерсе үчүн зерикпейт, эч качан сен үчүн кылган нерселерин милдет кылбайт. Эгер сен телефон чалып калсаң, кандай жумуш менен алек болбосун, аларды четке сүрүп, сени угууга даяр. Эгер бир нерсе сурасаң, колунан келишинче ошол суранычыңды аткарууга аракет жасайт. Аткарат дагы!

Эгер табың кайтып сыркоолоп калсаң, ата байкуш өзүн коёорго жай таппай калат. Жада калса сен үчүн жанын да берүүгө даяр. Жоро-жолдошторунун жанында, сенин бар экендигиңди айтып мактанат. “Бул менин уулум, жөлөгүм, кеңешчим, менин бар дүнүйөм”,- деп айтат. Атаң байкуш сенин бар экендигине кубанат.

Уул

Сен ошол атанын уулусуң. Убагы келип сен да чоңоюп бойго жетесин. Качандыр атакеңдин бут кийимин кийүүгө болгон каалооң канчалык бийик болгон болсо, бойго жетип, чоңоюп, акыл кирген сайын, дал ошол бут кийимди колун менен кармап, ары жылдырып коюуда жийиркенип баштайсың. Анткени аны эски, керексиз буюм катары көрөсүң. Анын кийип турган кийими, минип жүргөн машинасы дагы эч ким суктанбагандай буюм катары көрүнө баштайт көзүңө. Караган сайын мурдуңду чүйрүйсүң.

Анын жүрүм – турумунан, өзүн алып жүрүүсүнөн уяла баштайсың. Досторуң менен чогуу турганда, маңдайыңдан чыгып калуусун, ал атаң экендигин алар сезип калышын эч каалабайсың.

“Ие атаң ушулбу?”, -деген суроодон коркосуң. Бирок сени досторуңан кем болбосун деп, өзү эски купайкеде жүрсө да, сага кымбат баалуу кийимдерди сатып берген го. Сен кымбат баалуу кийимдерди кийип алып, курдаштарыңа мактанып койгонсуң. Эгерде алар сенин ким экениңди атаңдын кийип жүргөн кийимдеринен, жүрүм-турумунан, кебетесинен билип кала турган болсо, алар сени жек көрө баштайт. Сенин чыныгы жүзүң билинген соң, алар сени өздөрүнүн катарынан таптакыр четтетип коюшу дагы мүмкүн. Сен мына ушул нерседен коркуп, “Атаң ушулбу?”,- деп таңдана сурагандарга , сен: “Жок, бул байке бизге жакын жашайт, коңшубуз болот. Эми жөн гана мени эркелетип уулум дей берет”,- деп коюудан да тайбайсың. Эгер атаң телефон чалып калса, эптеп шылтоо таап, анын чалуусун албоого аракет кыласың. Анткени дагы бир көйгөйүн айтып, же акча сурайт деп ойлойсуң. “Жумушта же чогулуштамын, азыр бош эмесмин” деп SMS жазып жиберишиң да мүмкүн.

Эгер атаң сыркоолоп бир жери ооруп калса, чынчыл адам болгонсуп, бир туугандарыңды издеп чалып чыр чыгара баштайсың. Анысы аз келгенсип аларга “Атамды баарыбыз тең карашыбыз керек. Сен тамак – ашын кара, мен дары – дармегине жардам берейин. Сен бир күн, мен бир күн жанында бололу”, – деп буйрук бере баштайсың. Чын чынына келгенде, эртеден кечке атаңдын жанында болууга сенде убакыт деле жок. Дары – дармегин алып берген соң, жанында болушум шарт деле эмес деп ойлойсуң. Бирок АТА байкуш сенин дары – дармегиңе эмес, сенин көмөгүңө, мээримиңе муктаж болот. Ал сен аркылуу күч – кубат алат. Атакең сен үчүн кылган нерселердин, сен бирөөсүн да ал үчүн кыла албасаң деле, ал сенин жүзүңө салып, эч качан милдет кылбайт.

Сенин жаман жоруктарыңды унутуп, кымыңдай кылган жакшылыгыңды тоодой кабыл алган инсан бул, албетте АТА. Эгер Кудай бизге оомат берсе сүйүнүп, азап берсе бизден мурда күйүнүп, эх аталар ушунчалык күчтүүсүңөр дегим келет.

Ата сен катуусун, сүрдүүсүн күзгү сымал… сага баары каранып, таалим – тарбия алышат. Аталар аман болсун!

Бактылуу күндөргө таазим!!!

Адеми Акимова

Айбат гезити №137



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru