Айбат » Аалым менен аабыддын (жөнөкөй адамдын) айырмасы [илим алуу адеби – илимди кимден алуу керек]

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Дин » Аалым менен аабыддын (жөнөкөй адамдын) айырмасы [илим алуу адеби – илимди кимден алуу керек]

42-19260551Пайгамбыр айтты: “Аалымдын аабыддын үстүнөн артыкчылыгы-толгон айдын башка жылдыздардын үстүнөн артыкчылыгындай” Аабыд-ибада кылган, бирок илимсиз адам. (Ат-Тирмизий)

Токсон тогуз кишини өлтүрүп, анан тооба издеген киши тууралуу хадисти баарыбыз эле билебиз, туурабы? Бул хадистен төмөндөгүчө пайдаларды алсак болот:

  1. Тооба кылайын дегенде “эң илимдүү адамды издеди”: киши өлтүргөн жахил болсо да, бул мыкаачы, дин тууралуу фетваны эң илимдүү адамдан гана алыш керек экендигин сезди.
  2. Тооба кылуу ниетинде адамдардан “ким эң илимдүү?” деп сурады. Элдер ага аабыдды (монахты), б.а. көп ибадат кылган жөнөкөй кишини көрсөтүштү. Эмнеге? Элдер илимдүү деп сырткы кебетесин гана карашат, илим бул узун процесс экенин билишпейт. Көп ибадат кылганынан, сырткы кийиминен, кооз сүйлөгөн сөзүнөн, элдин арасындагы авторитетинен эле карап илимдүү экен деп ойлой беришет.
  3. Бирок монах аалым эмес, ал жөн гана өз алдынча ибадат кылып жаткан адам. Ал илимдүү деп айтылбайт. Ошондуктан Пайгамбарыбыз айтат: “Аалымдын аабыддын үстүнөн артыкчылыгы – толгон айдын башка жылдыздардын үстүнөн артыкчылыгындай”. Жылдыздын нуру өзү үчүн, ал эми айдыкы бардыгына пайда берет.

Адам өзү үчүн такыба болушу мүмкүн, бирок элдерге фетва берүүгө укугу жок. Имам Малик айткандай: “Мединада жетимишке жакын такыбалыгында эч кемтик жок адам бар болчу. Кимисине болсо да Байту-ль-Малдын (мамлекеттик казына) ачкычын тапшырсаң аманатка турушмак. Бирок илимди алардан алууга жарактуу эмес кишилер болушчу”. Себеби илим Куран тууралуу сүйлөгөн ар бир эле адамдан алына бербейт. Илим берүүнүн талаптарына, шарттарына жооп берген гана киши элдин алдына чыгып, сабак өтүп, фетва бериш керек.

  1. Монахтан илим издеп фетва сурашса ал дагы “менин илимим жок” деп айтпастан дароо фетва бере баштайт -“сениң тообаң кабыл эмес” деп. Себеби ал акылы менен калчап “99 адам өлтүрсө бул чоң күнөө кылыптыр, анын тообасын Аллах кабыл кылбайт” деп ойлойт. Бул сөздү уккан мыкаачы жини келип монахты да өлтүрүп салат.

Кайран монах. Өзүнүн тилинин балээсинен өзү жабыр тартты. Аллах балээсин бул өлтүргүчтүн колу менен ага берип койду. Балким канча деген бул күнөөкөр адамга окшош тооба издеп келген адамдардын тообасын тосту болду экен. Эми жазасы башына тийди. Ошондуктан акысы жок туруп дин тууралуу сүйлөө – чоң күнөөлөрдөн.

  1. Адамдар аалым менен жөнөкөй ибадатчыл адамды айырмала алышпайт. Бирок көпчүлүк учурда ошол ибадатчыл адамдар да өзүн аалымсына берет, өзүн илимдүү кылып көрсөтөт. Ага келген кишилерди “менден фетва сурабагалы” дегендин ордуна, аларга диний маселелерин чечип бере баштайт, сүйлөгөн сөзүндө, кийиминде, кылыгында аалымдарга окшошо берет.
  2. Киши өлтүргөн мыкаачы тообасын токтотпой чыныгы аалым кишини издейт. Аалым кишиге барганда ал суроосуна туура жооп берди – “тообаң кабыл болот” деп, андан тышкары да күнөөсүнүн себебин кошо көрсөттү – “сениң айланаңдагы адамдар бузуку экен” деп, анан үчүнчүдөн бул кыйынчылыктан кутулуу жолун кошо көрсөттү – “ал жерден кетишиң керек” деди. Илимдүү адам ушундай. Чыныгы аалымдын пайдасы көп.
  3. Тооба кылчу киши авторитет, дос, дүйнө бардыгын таштап тооба кылуучу жолго чыкты. Жана ушул жолдо өлдү. Аллах анын тообасын кабыл кылды.

[1] Имам аль-Бухари жана Муслим келтирген, Абу Саид ал-Худрий ривая кылган хадисте Пайгамбарыбыз айтты дейт: «Силерден мурда жашаган элде токсон тогуз кишини өлтүргөн бир киши болгон. Бир күнү ал жер бетинде эң билимдүү инсан жөнүндө сураганда, ага ибадатты көп кылган инсанды (монахты) көрсөтүштү. Монахтын алдына келип өзүнүн токсон тогуз киши өлтүргөнүн айтып, бул кылган ишине тооба кылса болобу деп сурады.

Монах: «Жок, бул нерсеге тооба жок» -деп жооп берди. Ошондо ал монахты да өлтүрүп аны менен жүздү толуктайт.

Андан кийин дагы жер бетиндеги эң билимдүү инсан жөнүндө сурайт. Ага бир аалым кишини көрсөтүшөт. Ал аалымга өзүнүн жүз киши өлтүргөнүн айтат да “эми мен тооба кылсам болобу?” -деп сурайт.

Аалым ага: «Ооба болот» -дейт да, сени менен тообанын ортосун  ким тосот, -деп кошумчалайт. Анан, Аалымал жүз киши өлтүргөнгө,“ушундай болгон бир жерге бар, ал жерде жалгыз Аллах Таалага ибадат кылган эл бар, ошолор менен сен да ибадат кыл, өз жериңе кайтпа ал жаман жер” -дейт.

Ал аалым айткан айылга кетип баратып жолдун ортосуна жеткенде өлүм периштеси келип анын жанын алат. Ал өлгөндөн кийин мээрим жана азап периштелери келип, биринчиси бул мен жакка деп экинчиси мен жакка баруусу керек деп талаша башташат. Мээрим периштеси болсо: «Бул тооба кылып чын жүрөгү менен Аллахка кайтты,» -деп айтса, азап периштеси болсо: «Ал эч кандай жакшылык кылган жок» -муну мен алып кетем деп талашты.

Ошентип экөө талашып жатканда алардын алдына адам сүрөтүндө бир периште келди. Ал экөө аны көрүп экөөнүн талашын чечип беришин сурашты. Ал, адам сыпатында келген периште мындай деп айтты: «Эки жердин ортосун өлчөгүлө, кайсыл айылга жакын болсо, өлүк ошонуку болсун,» -деди.

Периштелер эки айылдын аралыгын өлчөштү, ибадат кылган элдин айылы тарапка жакын экенин көрүштү. Ибадат кылган элдин айылына жакын болгондуктан мээрим периштеси аны алып кетти

КУРАН ОКУУНУН ПАЗИЛЕТТЕРИ (КУРАНДЫН ПАЙДАСЫ, СООПТОРУ)

“Силердин эң жакшыңар-Куранды үйрөнүп жана аны үйрөткөндөр (Бухарий)

Аллахка мактоолор болсун! Аллах Таала улук пайгамбарыбызга, анын үй-бүлөсүнө жана сахаабаларына чексиз мээримин төксүн!

Куран – бул Аллах Таалнаын Сөзү болгондуктан, анын башка сөздөрдөн улуулугу Аллах Тааланын башка макулуктардан улуулугу сыяктуу. Ал эми аны окуу тил сүйлөгөн сөздөрдүн эң жакшысы.

КУРАН ОКУУНУН ПАЗИЛЕТИ, АРТЫКЧЫЛЫГЫ ТУУРАЛУУ ХАДИСТЕР

Пайгамбарыбыз айткан: «силердин эң жакшыңар – Куранды окугандар жана окуткандар» (Бухарий)

Пайгамбарыбыз айтты: «ким Аллахтын китебинен бир тамганы окуса, ага он эсе көп сооп болот» (Термизий)

Пайгамбарыбыз айтты: «Куранды толук бойдон жаттап, андан кийин окуган адамдын мисалы улуу-пакиза периштелердин жамааты менен болгон сыяктуу. Ал эми, аны окууга өзүнө убада берип, ар канча кыйынчылык менен болсо да окуган адамга эки эсе сооп болот» (Бухари, Муслим)

Дагы бир хадисинде мындай деди: «Куран жаттаган адамга (Бейишке түшкөндө) “окуганың даражасында (Бейиштин бийик даражаларына) көтөрүл! Аны дүйнөдө кыраат менен окугандай оку! Сенин ордуң окуган акыркы аятыңдын алдында (өтө бийикте) болот!” деп айтылат». (Тирмизи). Бул хадистин түшүндүрмөсүндө Хаттабий айтат: «Асаарларда келишинче,   Куран аяттарынын саны Бейиштеги даражалардын саны менен барабар экен. Ошондуктан, Куран жаттаган адамга «Куран аятынын канчаны жаттаган болсоң, ошончончу даражадагы Бейишке көтөрүлөсүң» деп айтылат. Ким Курандын бардыгын жаттаган болсо, Бейиштеги эң бийик даражага жетип барат. Ким бир бөлүк жаттаган болсо, жаттаганына жараша даражага көтөрүлөт. Жаттаган аяты түгөнгөндө сыйлыгынын даражасы дагы түгөнөт»

Пайгамбарыбыз айтты: «ким Куран окуса, үйрөнсө жана аны менен амал кылса, кыяматта ата-энесине нурдан болгон таж кийдирет. Анын нуру күндүн нурундай жаркын! Жана ата-энесине дүйнө байлыктарынын бардыгынан кымбат эки кийим кийгизилет. Алар (таң калып) «булар эмне үчүн?» деп сурашканда, «балаңар Куранды толук жаттаганы үчүн» деп айтылат» (Хааким)

Пайгамбарыбыз айтты: «Куран окугула! Анткени, ал кыямат күндө жаттаган адамына шапаатчы болот» (Муслим)

Дагы бир хадисинде  мындай деген: «Орозо менен Куран кыяматта пендени шапаат кылышат» (Ахмад, Хааким)

Пайгамбарыбыз айтты: «кайсы бир коом Аллахтын үйлөрүнөн биринде чогулуп, Анын китебин тилават кылса (окушса) жана өз ара дарс (сабак) кылып окушса, аларга (Аллах тарабынан) тынчтык-бейпилдик (ас-сакина) түшөт. Аларды (Аллахтын) ырайымы жана периштелер ороп турат. Анан Аллах Таала аларды Өзүнүн алдындагы (эң жогорку) жамаат алдында эскерет» (Абу Дауд)

КУРАН ОКУУНУН АДЕПТЕРИ

Аллама Ибн Касир Куран окуу адептеринен кээ бирлерин төмөндөгүчө келтирген:

  • Куранды даарат менен гана кармоо жана окуу.
  • Тилаават кылуудан мурда тишин мисвак менен тазалоо.
  • Эң таза кийимдерин кийип, андан кийин тилават кылуу.
  • Кыбылага бурулуп окуу.
  • Тутканак (акыл-эс жоготуу) менен ооруган адамдар аны окубай туруу.
  • Аны сөз менен бөлбөй окуу. Өтө зарыл сөз болсо гана токтотсо болот.
  • Зээнин берип, ойгоо жүрөк менен окуу.
  • Убада (Бейиш) аяттар келгенде Аллахтан ошону суроо.
  • Ал эми коркутуу (Тозоктон) фаяттары келгенде Аллахтан коргоо тилөө.
  • Куранды ачык таштабоо жана үстүнө бир нерсе койбоо.
  • Каарылар кыйкырып окуп, бири-бирине тоскоол болушу да дурус эмес. Базарларда жана башка ызы-чуу жерлерде окубаган жакшы.
  • Анастан (разияллоху анху) пайгамбарыбыздын кандай Куран окуганын сурашканда мындай деп жооп берген: “Созу-у-п окуган. Эгер «бисмиллахир-Рахмаанир-Рахиймди» окуса, «бисмилланы» дагы, «АрРахманды» дагы, «арРахиймди» дагы созгон.” (Бухарий)

Ар бир адам эгер Аллах үчүн калыс Куран окуса, ага сооп болот. Ал эми, бул окуу зирек жүрөк менен, маанилерине түшүнүү менен болсо, анда сообу он эседен баштап жети жүз эсеге чейин көбөйөт.

Пайгамбарыбыздын сахаабалары ар күн сайын белгилүү өлчөмдө Куран окууну адат кылышкан эле. Бирок, эң тез катым кылганы жети күндө окуп чыккан. Катымдын эң аз (тез) мөөнөтү үч күн. Пайгамбарыбыз үч күндөн аз мөөнөттө Куран катым кылуудан кайтарган.

Булак: “Курани
Каримдин акыркы 3 бөлүгүнүн тафсири” китеби

Айбат гезити №137



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru