Айбат » Азиза  Алыкулова, куудулдун  жубайы: “Бактылуу жылдардын кыска болгону өкүндүрөт”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Азиза  Алыкулова, куудулдун  жубайы: “Бактылуу жылдардын кыска болгону өкүндүрөт”

Убакыт  деген зымырык куш турбайбы? Зыпылдап эле  ээ-жаа бербей  өтүп кетет экен. Журтчулуктун  жүрөгүнө  күлкү өндүргөн  сүймөнчүктүү куудулу, пародисти Жаныбек  Алыкуловдун бизден алыстап кеткенине туура бир жыл болуп калыптыр.”Шорпону” муздак жерге нары карап ыйлап туруп  бербедик беле? Катуу аптапка карабай ошондо кадимкидей чыйрыкканбыз. Анткени элдин  оозун дайыма жалжайтып кулагына жеткире күлдүргөн  Жакебиз эки метр жерге сулап жатып калган. Куран окулуп бүтүп баратканда:- Токтогула,мен өлгөн жокмун, тамашага түшүнбөй калдыңарбы-деп  кыйкырып  Жаныбек  бизди кубалап келчүдөй  артка кылчактаганбыз. Аттиң, бирок андай сыйкырдуу көрүнүшкө чулганган жокпуз.

Жаныбек  Алыкулов

Анан кырк ашы болгондо жанда жок күлдүргүч Алыкуловду  эскердик, үшкүрдүк, түтүнү жок түтөдүк, ачуубузду бастык, жоктодук. Ушуну менен  турмуш токтоп калбады. Ысык- суугуна кайыл болуп, азабын,кубанычын кошо тарткан жубайы сыздады,боздоп  ыйлады. Артынан көлөкөдөй ээрчип жүрүп,атасынын өнөрүн соолутпай улантууну көздөгөн  уулу  Манас  сахнанын кудуретин багынтууга аттанып  баш оту менен сүңгүп кирип кетти. Мындай батылдыгы журтчулукту, айрыкча “Шорпонун” даамын татып калгандарды  өтө курсант кылды. Сахнага Манас чыккан сайын томполоңдоп көзгө жугумдуу көрүнгөн Жакемди элестетерибиз айдан ачык. Атанын аманатын болгондо да татаал  кесипти- куудулдукту  элге сиңирүү жооптуу милдет.  Бул тууралуу өзүнчө кеп кылууга арзыйт. Ошондуктан ток этер жерине  өтөлү. Кептин  нугун турмуштук  арабаны  куудул менен чогуу айдашкан  Азизага бурсак.

- Сөздүн туурасын айтканда “Өлгөндүн өзүнүн шору” дегенди өз жон териң аркылуу өткөрбөдүңбү?  Деги турмуш абал кандай, көөдөнүңдө  эмне сөзүң  бар?

– Тимеле дал чукугандай суроо бердиңиз. Негизи өлгөндүн артынан эч ким  кошо кетпесин турмуш  өзү тастыктады. Жомокто эле биринин артынан экинчиси кетпесе жашоодо андай болбойт экен. Ошентсе да оор жоготуудан нес болуп калаарың ырас. Мен да Жакемен ажырагандан кийин көпкө чейин эсиме келе албай жүрдүм. Баары бүттү, эми кантип күн көрөбүз деген ой санаамды санга бөлдү. Кырк ашы өткөн соң жакындардын кебине кулак төшөп балдарым үчүн тике туруу керектигин сездим. Бүк түшүп жата берсем турмуштук тажрыйбасы жок уулдарым кантет деген ой мени чыйралтты. Атанын да, эненин да жүгүн көтөрүү мага берилгенин танууга болбойт эле. Эшиктин алдында, үйдүн ичинде басып жүргөндө  ар качан Жакем азыр чыга калчудай элеңдей берчүмүн. Андай ойлор келгенде жүрөгүм болк деп кетер  эле.  Муну сөз менен жеткирүү кыйын.

- Албетте, ачуу- таттуу күндөрдө кол кармашып  бирге жүргөн опол тоодой адамдан айрылуу абдан оор. Ошентсе да сөздүн нугун “жылуу” тарапка бурсак кантет?

– Мунуңуздун жөнү бар. Жаныбек бул турмушка  келген өзгөчө конок сыяктуу сезилет мага. Бир да жолу андан  көңүл каларлык кеп уккан жокмун. Боорукерлиги жанда жок экенин  мен эмес аны жакшы тааныгандар  да билет. Бирөөнүн өтүнүчүн өзүнүкүнөн беш бетер аткарганга ашыкчу. Дегеле жакшылык кылууну баарынан бийик койчу. Ошондон уламбы, жаш куудулдар анын жанында жабалактап жүрө берчү. Туугандарын да өзү чогултмайын  көңүлү тынчу эмес. Айтор анын жакшы сапаттарын айта берсем убакыт аздык кылат.

Баарынан да элдин купулуна толуп, күлкү тартуулаган улуу инсандан  үч алмончоктой уул таап алганыма  Кудайга миң мертебе ыраазымын. Менин сан жеткис байлыгым- Жаныбектен калган  ушул уулдарым десем болот. Эгерде булар болбосо кандай күнгө туш болмокмун? Апаалап турушканы эле мен үчүн  чексиз дөөлөт! Жанарым чарбалык иштерге башкача маани берет. Биздин кем-каржыбызды ал толуктап турат. Спортко  аралашып, ушул өңүттө  билимин өркүндөтүп жүрөт. Кичүүбүз Гүлжигит  деле аракетчил жигит. Азырынча ага баа берүү эртелик кылат го дейм.

Мага Манасым башкача туюлат. Кудум атасы аны кол менен жасап алгандай көрүнөт. Атасынын артынан калбай жүрүп анын кулк- мүнөзүн, өнөрүн өзүнө оодарып алды. Кийинки мезгилде атасы да буга  агынан жарылып, болгон сырын  ага айтып калган. Көрсө кургур алдын-ала сезсе керек. (Тымтырс) Мына эми Манас атасынын “камчысын” өз колуна алып, бизди багып жатат. Жакем да бизди өнөрү менен эч нерседен кем кылбай багып келгенин эмнеге жашырайын? Бул ыйык өнөрдү Теңир ар кимге эле ыроолой бербейт да? Туурабы? Ошол сахнанын касиети бизди коргоп жүрбөдү беле? Демек, Манасымы  атасынын алдын-ала берген батасы колдосун. Аттиң, эми мени ким сахнага эркелетип чыгарып ырдатмак эле? Жакем бар кезинде мен эл алдына чыгып ырдап жүргөнүмү  эстесем …Кайран өмүр бир келип анан жылт этип жоголот турбайбы? Жок дегенде азыр сахнадан Манасымы көргөндө  өзүмчө каниет кылам. Болгону эми маңдайы тердеп чай ичерде бизди таштап кеткен Жакеме ичим ачышат.

- Өмүр өтөт, жылдыз өчөт –деген ачуу чындык бар. Муну эч ким тана албайт. Анан баягы достору, туугандары  кабар алып турушабы? Кимдер менен байланышып турасыңар?

-Жакасы бөлөктүн жаны бөлөк дегендей ар кимдин өз түйшүгү бар. Кээде эски достор кабарлашып калат. Үзүлүп түшкөн бир гана өзүбүзбүз. Ага капа деле болбойм. Мурда очор- бачар болуп турган базар азыр жок. Көрсө үйдүн куту, берекеси Жакем экен. Мунун айкын экенин мен ачык сездим. Минтип бозоруп калам деп менин үч уктасам түшүмө кирген эмес. Башка салганды жеңе билүү өз колубузда. Учурда уучум кур калбаптыр. Уулдарымы медер тутуп турмушту жеңүүгө  чечкиндүүмүн.

- Сапар карып бараткандай. Эми акыркы соболумду жолдоюн. Жакемин жылдыгын бергени жатсаңар керек? Анткени сыртта байланып турган жылкыны көзүм чалды?

– Кудайга шүгүр, уулдары керекке жарап калды. Бул жылкыны балдар мал базардан сатып келишти. Буйруса 18- июлда “Сенатор” деген кафеде  Жакемин жылдыгын өткөрөлү  деп турабыз. Кантсе да ал киши элдин көзүнө көрүнүп калбады беле? Жакын туугандар, тели-теңтуштар, өнөр адамдары  чакырылган. Курандан башка колубуздан эмне келет? Ушул чоң милдеттен кутулуп алсак  калганын көрө жатарбыз.

Жора Сулайманов

Айбат гезити №137




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru