Айбат » Кудайдан жөө качкандардын «Ар-Намысы» ойгондубу, же Куловдун «ар-намысы» курудубу?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Кудайдан жөө качкандардын «Ар-Намысы» ойгондубу, же Куловдун «ар-намысы» курудубу?

Кубатбек БайболовСаясат айдыңында качан болсо «Ак терек, көк терек» ойноп жүргөн, «Бизден Сизге ким керек, бизге болсо акча эле керек» дегендей «обонун» АКШны карап созуп жүргөндөр Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Абдрахманов жана «СДПКчы» Исмаил Исаков, президенттикке талапкерлигин коюп коюу чаңдын арасында кала берген Кубатбек Байболовдор алдыдагы парламенттик шайлоого «Ар-Намыс» партиясынын Туусу алдында барууну чечишиптир. Бул туурасында «БОК» кыймылынын мурдагы кагаз ташыгычы Равшан Жээнбеков өзү маалымат агенттиктеринин бирине билдирген экен. Ар кайсы партиянын босогосун парламенттик шайлоонун алдында эле сагаалай калышып, анан парламентке өтүп алган соң ал партиянын төрүнө олчойто «отуруп» коюп кача беришкен Равшан Жээнбеков менен Өмүрбек Абдрахмановдой саясатчылардын бул жолу «ар-намысы» ойгонуп атабы, же Кулов мырзанын ар-намысын тебелеп кеткени атышабы түшүнүксүз. Айтор, бул эргулдарыңдын партияга кирген издери бар дагы чыккан издери дайыма эле жылан сыйпап кеткендей болуп калат. Кыязы эшиктен кирип, тешиктен чыгып кетишет окшойт. Болгондо терезе-эшиктердин бардыгын аңырайта ачышып, кечээ эле суу ичкен кудуктарына түкүрө качышат. Партиясынын лидерине «кечээ эле менин машинемди тээп, менин диваныма чалкалап жатып аттың эле го» деп абийирлерин төгө качышат. Эми ушундай тагдыр Феликс мырзанын пешенесине жазылганы туру го. Балким муну карт саясатчы Кулов өзү деле түшүнүп турса керек. Болгону эптеп эле парламенттин босогосун чогуу аттап алалы деген «тандемге» келип атышса керек. Ал эми абийирдин кыязы саясатка кереги деле жок окшойт. Эми калганын көрө жатабыз да…

Айбат гезити №138




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru