Айбат » “Ата-Мекендин”  ташыркаганы ушулбу?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » “Ата-Мекендин”  ташыркаганы ушулбу?

gkfubfnПлагиат деген эмне эле? Кимдир бирөөнүн идеясын, чыгармасын көз көрүнөө менчиктеп алганды плагиат дечү беле?

Бир жумадан бери эле СДПКнын  5 жылдык ишмердигине байланышкан видеоролиги телеканалдардан кетип жаткан. Анан эле кечээтен бери СДПКнын видеоролигине коендой окшош “Ата-Мекендин” видеоролиги чыга баштады.

Жыйырма жылдан ашык тарыхы бар “Ата-Мекендин” андайы жок эле, ага эмне болгон деген суроо туулду. Эмне “Ата-Мекендин” баштуу-мээлүү  тарапташтары  башка идея таппай калганбы? “Ата-Мекендин”  ташыркаганы ушулбу?  СДПКнын артынан ээрчип, өз алдынча идея таппай, өзгөртүмүш болгону менен түздөн-түз эле көчүрүп алганы эмнеси. Болбосо, саясий күрөштөрдө такшалган, чукугандай сөз тапкан, караңгыда көз тапкан “Ата-Мекендин” айтайын-дейин дегени арбын эле да. Э кокуй, өз алдынча иш кылалбай, өмөчөктөп СДПКдан эмне идея чыгар экен деп ээрчип калганын кандай түшүнөбүз.

Шайлоо жакындаган сайын алдастап, мурда такыр бет карашпаган “Улуттар биримдиги” менен деле башым дебей кошулуп албадыкпы, андан көрө 5 жылдан бери бир коалицияда түтүн булаткан СДПК менен талашып-тартыша турган эч нерсебиз жок, минтип идеясын уурдап-туурап эптеп СДПКнын этегин кармап  парламентке аралашып алсак  деген далалаты гоЭмнеси бар экен, СДПК кылганды биз дагы кылбадыкпы деп бет тырмарлык кылышы деле ажеп эмес. Роликтеги айтылгандын барын эле СДПК жасаптырбы, биз дагы эшек такалап жүргөн жокпуз да деп көгөрөрү бышык. Бирок, ролик жасоонун түркүн-түс жолдору бар да. Кичине башыңды мыкчып ойлоно калсаң кантип бир нерсе чыкпасын. Же  атамекенчилер ойлоно албай калганбы?  Өңүн кызылга боеп алып   “Ата-Мекен” деп жаза койсоң эле  СДПКнын идеясы “Ата-Мекендики”  болуп калабы.

Чынын айтканда, СДПКнын идеяларын минтип көчүрүп ала бергенин уланта берсе, анда “Ата-Мекен” СДПКнын филиалы болуп калышы керек да. Же, аталган эки партиянын ортосунда кандайдыр бир макулдашуусу болду бекен. Ким билет, азыр саясат айдыңында ар кандай  “сюрприздер” пайда боло калып жатпайбы.  Биз Кыргызстандагы эң абройлуу партиябыз деп атып эле ар кандай трюктарды жасай баштады. Эгер кокус, эртең биз “Улуттар биримдиги” менен ажырашып, СДПК менен кошулуп атабыз деп жарыя кылып  жиберсе таң калбай деле койсоңор болот.

Бирок, кандай болгон күндө да видеороликтердин коендой окшош болуп калганы  капысынан эле боло калбайт. “Ата-Мекен” сыяктуу партия үчүн байкабай окшошуп калыптыр деп шылтоо кылыш таптакыр жарашпаган нерсе.

Балким, атайылап эле элди адаштырыштын амалы болуп жүрбөсүн. СДПК иш кылып жатканда биз дагы карап турганбыз, бизге да добуш бөлүшкүлө дегендери болушу да мүмкүн. Деги азыр, эмне жасалса да жөн жасалбайт. Аркасында сөзсүз бир нерсеси болот.

Эмнеси болсо да болору болуп, боесу канды да. Бирок, мынчалыкка барбай, бирөөнүн идеясын көчүрүп албай эле, шайлоочулардын көңүлүн таба турган маселелер  көп  эле да. Андыктан мындай жол менен күрөшүп шайлоого баруу  “Ата-Мекен” үчүн аброй алып келбейт.

Айбат гезити №138




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru