Айбат » Карыпбек Алымкулов, энергетик: “Электр энергиянын тарифи көтөрүлгөн жок, болгону инфляциянын процентин кошуп атат”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Карыпбек Алымкулов, энергетик: “Электр энергиянын тарифи көтөрүлгөн жок, болгону инфляциянын процентин кошуп атат”

Карыпбек Алымкулов- Карыпбек мырза, Отун-энергетика тармагын жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин берген маалыматы боюнча электр энергиясы августь айынан тарта 10%ка кымбаттайт экен. Бул жаңы тариф саясаты өкмөттүнкароосуна жиберилди. Жаңы тариф боюнча 700 кВт-сааттан ашык колдонгондор 2 сом 16 тыйындан төлөшөт экен. Ал эми тоолу аймактагы жашоочулар 1000 кВт-сааттан ашса гана 2 сом 16 тыйындан төлөйт. Бул тариф туура элеби?

– Биринчиден, электр энергиясынын тарифи көтөрүлгөн жок. Бир учурда 70 тыйын деп коюлуп калган баага инфляциянын процентин гана коюп атат. Андыктан электр энергиясынын тарифин көтөрүп жатат деп көбүртүп-жабыртуунун кереги жок.

- Кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу бизде электр тарифи кандай?

– Кошуна өлкөлөргө, андан алыстагыларга салыштырмалуу деле биздеги электр тарифи өтө төмөн. Мисалы, Түркмөнстанда бизден 3 эсе, Өзбекстанда 4,5 эсе, Казакстанда 5,5 эсе, Россияда 6 эсе жогору. Бизде болсо канча жылдан бери карай 70 тыйын боюнча турат.

- Биз канткенде энергетика тармагын оңдой алабыз?

– Энергетика тармагы акыркы учруларда Кудайга шүгүр оңдолуп калды. Бул тармакка жакшы инвестициялар келип атат. Өзгөчө Кытайдан келип аткан инвестицияларды айтып коелу. Ошолордун арты менен оңдолуп калды десек болот. Кеп мында эмес, кеп электрдин баасында болуп атат. Электр тарифине жадакалса инфляциянын проценти кошулбай атат. Газ, көмүр, нефти дегендердин баасы кымбаттап отурат. Ага эч ким эч нерсе деген жок. Мына бензиндин баасы акыркы күндөрдө эле 5 сомго кымбаттады. Ал эми электр тарифине инфляциянын процентин кошолу дешсе эле бардыгы чурулдап чыгышат.

Айбат гезити №138



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru