Айбат » Коррупцияга каршы күрөш «Ата мекенге», ой, Абдимуктар Маматовго жете элекпи?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Коррупцияга каршы күрөш «Ата мекенге», ой, Абдимуктар Маматовго жете элекпи?

Абдимуктар МаматовКоррупция, рейдерлик басып алуулар деген өңдүү сөздөрдү биз Кыргызстан өз алдынча көз карандысыз мамлекет болгондон бери карай көбүрөөк укчу болдук. Өзгөчө туңгуч президент Аскар Акаев менен өз элинин канына забын болгон канкор Курманбек Бакиевдин тушунда рейдерлик басып алуулар кадимкидей өнөкөткө айланган эле. Себеби, ал учурда балык башынан сасып турбадыбы. Акаевдин күйөө баласы Адиль Тойгонбаев, Курманбек Бакиевдин эрке-талтаң уулу Максим Бакиевдер рейдерлик басып алуулардын чоң үлгүсүн көрсөтүштү. Алар антип отурса, башкалары карап отурабы? Кызматтык абалынан пайдаланып, кандайдыр бир ишти чогуу баштагандардын «тыңдары» дагы акырындык менен башка табакташтарын чийинден тышкары чыгаруу аракеттерин жасап келишти. Биз бүгүн мына ушундай фактыны алдыга жаймакчыбыз. Мындай фактыны Бишкек шаарынын тургуну Таабалды Каратаев 14-июлда маалымат жыйынын өткөрүп ачыктады.

Анын айтымында, азыркы тапта Жогорку Кеңештеги «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Абдимуктар Маматов убагында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, башкалар түптөгөн «Мунайзат» ЖЧКсынын акцияларын рейдерлик жол менен тартып алган экен. Анда эмесе мына ушул депутат мырзанын кызматтык абалынан кандайча кыянаттык менен пайдаланып, бир кезекте «Мунайзат» ЖЧКсын түптөгөн акционерлердин үлүштөрүн кандайча өзүм билемдик менен тартып алганы тууралуу кеп учугун улайлы.

Мындан туура 22 жыл мурун, тактап айтканда 1993-жылы Таабалды Каратаев, Рашид Бостонов, Равшан Бостонов, Турдухан Абилова (А. Маматовдун аялы), Алишер Базаркулов, Таалай Сартпаевдер биригип калкты нефти продукциясы менен камсыз кылуу максатында «Мунайзат» ЖЧКсын (учурдагы «Петрол Груп») түзүшөт. Бул ЖЧКда Т. Каратаевдин үлүшү – 28, Рашид Бостоновдуку – 27, Т. Абилованыкы – 27, Равшан Бостоновдуку – 6, А. Базаркулованыкы – 6 , Т. Сартбаеваныкы – 6 болуп бөлүнгөн. Мында көрүнүп тургандай бардыгынын үлүшүнөн Каратаевдин үлүшү көбүрөөк болгон. Андыктан ал күнү-түнү дебей «Мунайзатты» көтөрүү үчүн жүгүрүп иштейт. Россиядан бензинди 4700 тонна көлөмүндө ташып келүүгө жетишет. Мына ушундан кийин «Мунайзаттын» жүгүрткөн каражаты бир нече жүздөгөн миллион сомго чыгып ийгиликтүү трендке айланат. Компаниянын иши өрдү көздөй жыла баштайт. Муну Жалал-Абад облусунун жашоочулары абдан жакшы билишет. Анан «Мунайзатты» ирилештирүү максатында анын негиздөөчүлөрү 1998-жылы ишкананы кайрадан каттоого алышып, анын базасында «Мунайзат» ЖАКсын түзүшөт. Бирок, дал ушул кайра катоо процессинен тарта «Мунайзатта» түшүнүксүз кырдаалдар башталат. Тактап айтсак, кайра каттоодо белгисиз себептер менен негиздөөчүлөрдүн курамынан Равшан Бостонов, Алишер Базаркулов, Турдухан Абилова жана Таалай Сартбаевдер чыгып калат. Алардын ордуна ошол учурда Жалал-Абад нефти ишканасынын башкы директору болуп турган, учурдагы депутат Абдимуктар Маматов негиздөөчүлөрдүн курамына кирип, заматта эле 64 акциянын ээси болуп калат. Ал эми мурда 28ка ээлик кылган Таабалды Каратаевдин үлүшү белгисиз себептер менен 20 ка түшкөн. Ал эми мурда 27 ка ээлик кылган Рашид Бостоновдун үлүшү 16 болгон.

Мындай көз боемочулукту бекемдей турган конкреттүү документтер колубузда турат. Бирок, иш ушуну менен эле токтоп калган эмес. Андан ары Абдимуктар мырзанын арааны дагы ачылган. Ал «Мунайзат» ЖЧКсына толук бийлик жүргүзүү аракетин катуужасай баштаган. Тактап айтканда 2009-жылы ошол учурдагы бийликтин жардамы менен кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жасалма протоколдун жардамы аркылуу кошумча акцияларды чыгарган. Ал эми Устав боюнча кошумча акцияларды чыгаруу үчүн акция ээлеринин үчтөн эки бөлүгүнүн макулдугу керек болчу. Мындай макулдукту эч ким берген эмес. Демек, ал компаниянын Уставын бузуп, өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн жасалма документтерди одоно түрдө жасай берген. Анын мына ушундай кадамдарын башка акционерлер билгенден кийин алар токтоосуз түрдө укук коргоо органдарына кайрылышкан. Тиешелүү органдар Маматовдун кадамдары мыйзамсыз экендигине ынанышканы менен эч кандай чара көрө алышкан эмес. Мындай кырдаал Абдимуктар мырзанын араанын ого беш бетер ачып, «Мени эч ким жазалай албайт» деген ишеним менен өзүнүн акциядагы үлүшүн 73,18  өзүм билемдик менен көтөргөн. Ал эми Р. Бостоновдун үлүшүн 11,92ка, Каратаевдин үлүшүн 14,9ка түшүргөн. Ал мына ушундай кадам жасаганын жадакалса акционерлердин өзүнө айтып да койгон эмес. Мына ушундай көз боемочулугу менен ал «Мунайзат» ЖЧКсынын толук кандуу кожоюуна айланган. Устав боюнча мындай чечимди кабыл алыш үчүн дагы акционерлердин үчтөн эки бөлүгүнүн макулдугу керек. Тилекке каршы мындай эрежени да айланып өткөн Маматов өзүн-өзү кожоюн кылып дайындап, ЖЧКнын мүлктөрүн өзү каалагандай жакындарына сата баштаган. Мисалга, Жалал-Абаддагы 1 гектар жери менен кошо нефтебазаны болгону 950 миң сомго саткан. Анын реалдуу баасы 1 миллион АКШ долларынан ашат. Мына ушундай баалуу делген мүлктөрдүн бардыгы Маматов тарабынан сатылган. Ал эми анын негизги сатып алуучулары өзүнүн аялы Т. Абилова жетектеген «ТОРУ» ишканасы, уулу Акылбек Маматовго таандык «Баткен Петрол» ЖЧКсы болгон. Мындан тышкары ал өзүнүн кайнагасы А. Абиловду директорлор кеңешине мүчө кылып дайындаган. Ал бардык жерде, кандай кырдаал болбосун Абдимуктар Маматовду колдоого алып келет. Бир сөз менен айтканда ал «Мунайзат» ЖАКсын үй-бүлөсүнүн гана оокатына айлантып алган. Бирок, Абдимуктар мырзанын арааны ушуну менен эле токтоп калган эмес. 1993-жылдан тарта 2010-жылга чейин «Мунайзат» ЖАКсында башкы директор катары Таабалды Каратаев иштеген. Анын учурунда компаниянын негизги каражаты 640 миллион сомго бааланган. Анан Каратаев башкы директорлуктан кеткенден кийин эки жыл чет мамлекеттердин биринде жашоого мажбур болгон. Баарынан кызыгы ал кайрадан кайтып келгенде Маматов анын ансыз да азайып калган анын жана Бостоновдун акцияларын мыйзамсыз түрдө биротоло менчиктештирип алганын билет. Муну билишкенден кийин Каратаев менен Бостонов Маматовдон өздөрүнүн акцияларынын жок дегенде базар баасындагы баасын беришин, же болбосо ишкананын калган мүлктөрүн акционерлер арасында пропорционалдуу түрдө бөлүштүрүүнү талап кылышкан. Бирок, Маматов өзүнүн депутаттык мандатына манчыркап, бир кезекте аталган ишкана үчүн опол тоодой салым кошкондорду кабинетинен кууп чыккан. Ошондон бери карай акцияларынан мыйзамсыз түрдө ажырап калган акционерлер укук коргоо органдарына кайрылып келишет экен. Бирок, натыйжа жок.

 

Биз төмөндө «Мунайзат» ЖЧКсынын 2010-жылдагы 640 миллион сомго бааланып турган жалпы активдерин келтиребиз:

  1. 442 миллион сом өлчөмүндөгү обороттук каражат.
  2. 13 даана бензин куючу станция (АЗС).
  3. Көптөгөн техникалар жана имараттар.
  4. Жалал-Абад нетибазасы (4000 метр куб).
  5. Кызыл-Кыя нефти базасы (1800 метр куб).

Бүгүнкү күндө бул саналган материалдык жана материалдык эмес мүлктөр Абдимуктар Маматовдун уулу Акылбек Маматовго таандык «Петрол Груп» компаниясынын менчигинде турганын эскерте кетели. Бир кезекте «Мунайзатты» бутуна тургузуу үчүн акыркы сомун да аябай чуркап иштегендер мына ушундайча көчөдө калып калышты. Ал эми адеп башында бул компаниянын негиздөөчүлөрүнүн катарында жок болгон Абдимуктар мырза минтип учурда компанияга толук ээлип кылып келет. Акыйкаттык деген кайда? Биз бүгүнкү күндө коррупцияга каршы күрөштүн жүрүп атканын билебиз. Бирок, ал күрөш азырынча Абдимуктар Маматовго жете элек окшойт…

P.S. Жогорудагы материалда келтирилген фактылар Т.Каратаев маалымат жыйынында тараткан атайын документтен алынды.

Айбат гезити №138




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru