Айбат » Т. Мамытов: АКШ менен кызматташуу Келишимин денонсациялоо менен биз үчүнчү Оштун алдын алдык

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Т. Мамытов: АКШ менен кызматташуу Келишимин денонсациялоо менен биз үчүнчү Оштун алдын алдык

токон МамытовКоомдук ишмер Токон Мамытов 22-июль күнү Акипресс маалымат агенттигине АКШ өкмөтү менен кызматташтыкты жеңилдетүү боюнча 1993-жылдын 19-майында түзүлгөн келишимди денонсациялоо боюнча Кыргызстандын өкмөтүнүн токтомуна комментарий берди.

Келишимди денонсациялоого 2010- жылдагы июнь окуялары убагында башаламандыкты уюштурууга жана милиция кызматкерин өлтүрүүгө катышкандыгы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровго АКШ Мамдепартаментинин сыйлык берүүсү себеп болду.

Т. Мамытовдун сөзү боюнча АКШ Мамдепинин кыжырды келтирген чечимине өкмөт реакция жасабай кое турган болсо, анын залакасы Келишимди денонсациялоонун таасиринен да алдаканча жогору болмок.

«Кызматташуу тууралуу Келишимди бир тараптуу жокко чыгаруу боюнча эрктүү чечим кабыл алуу менен биз АКШ өкмөтүнүн чечими аркылуу тийе турган алдаканча олуттуу зыяндын алдын алдык. 2010-жылдагы трагедиядан бери 5 жыл өттү. Эми гана тынчтык орноп, түрдүү этникалык коомчулуктардын ортосунда ынтымак орной баштады. Анан капысынан эле АКШ Мамлекеттик департаментинин демаршы жасалды. Вашингтондун дипломатиялык билдирүүсүнүн таасири табышмактуу болушу мүмкүн эле. Коомдук-саясый кырдаал кайрадан чайпалып кетиши мүмкүн болчу. 1991, 2010-жылдардагы окуялардан кийин үчүнчү Ош кайталанып кетмек», – дейт Т. Мамытов.

Ошондой эле коомдук ишмер Кыргызстандын өкмөтүнүн чечими эмоциянын арты менен болду дегенге кошулбайт.

«Бул чечим өкмөттүн Аппаратынын эксперттери тарабынан өтө терең анализденип анан чыгарылган чечим болуп саналат. Албетте, АКШ менен байланыштагы көптөгөн долбоорлор жана программалар жапа чегет. Бирок биз алыска коюлган максаттар менен, стабилдүүлүктү сактоо, Кыргызстандын бүтүндүгү идеясы менен кетишибиз керек. Анткени этностор аралык ынтымак жана карым-катышты түзүү менен гана Кыргызстандын экономикасын өнүктүрө алабыз», – деп сөзүн жыйынтыктады Т. Мамытов.

Айбат гезити №138




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru