Айбат » Орозбек Дүйшеев, коомдук ишмер: «АКШ тарыхында бир да мамлекетке жакшылык кылган эмес»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Орозбек Дүйшеев, коомдук ишмер: «АКШ тарыхында бир да мамлекетке жакшылык кылган эмес»

Орозбек- Орозбек мырза, Кыргыз өкмөтү АКШ өкмөтү менен 1993-жылы түзүлгөн кызматташтыкты жеңилдетүү боюнча келишимди бир тараптуу денонсациялады. Бул кадамды сиз кандай бааладыңыз?

– Туура жана чечкиндүү кадам деп бааладым. Америка Кошмо Штаттары акыркы учурларда көп туура эмес кадамдарды жасап атышат. Ар кайсыл өлкөлөрдүн ички саясатына кийлигишп келет. Тарыхта деле АКШнын бир да мамлекетке жакшылык жасаганы жок. Алардын максаты башка өлкөлөрдү ар дайым көзөмөлгө алып, өзүнүн таасирин тийгизип турушу керек.

- Азыркы тапта айрым саясатчылар кыргыз өкмөтү аша чаап кетти деп сынга алып жатышат. Аларга кандай көз караштасыз?

– Өкмөт эч кандай аша чапкан жок. АКШ Мамдепи туура эмес кадам жасады. Алар Кыргызстандын Жогорку Сотунун чечимин да сыйлашпады. Эгер сыйлашса, анда Азимжан Аскаровго сыйлык беришмек эмес.

- Негизи эле АКШ Мамдепинин Кыргызстандын соту аркылуу өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровго сыйлык ыйгарганы туура болду беле?

– Бул Теңирден тескери жасалган иш. Американын максаты бизде тынчтык болбош керек. Өлкө ичиндегилерди бири-бирине карама-каршы коюшу керек. Американын каржылоосунда укук коргоочулар дегендердин саны арбыды, аябай көбөйдү. Андан эмне пайда болду? Укук коргоо оңолдубу? Жок. Ал укук коргоочуларбыз дегендер бири-бирин жамандап эле басып жүрүшөт. Эми минтип Кыргызстанда эки элдин ортосуна от жаккан адамга сыйлык берип атат. Анан ушул кантип эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты жакшыртсын…

Айбат гезити №138




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru