Айбат » Кызыл-Кыянын кел-кели

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кызыл-Кыянын кел-кели

01Кыргызстандын Түштүк-Батыш тарабындагы Баткен областына караштуу Кызыл-Кыя шаарынын өзүнчө тарыхы, басып өткөн бараандуу жолу бар аймак. Жергиликтүү калк эзелтеден эле Эшме-Булак капчыгайындагы суу жеп кеткен жерлердеги «күйүүчү кара ташты» отун катары пайдаланып келишкен. 1868-жылы Көк-Кене-Сай суусунун алабында орус көпөсү Фавицкий көмүр казуучу ишкананы негиздеген. Кийинчерээк падышалык Россиянын геологдору бүгүнкү Кызыл-Кыянын атеребинде калыңдыгы 230 метрге жеткен 106 млн тонна таш көмүрдүн запасы бар экенин аныкташкан. Эгерде 1898-жылы мында 237 миң тонна көмүр казылып чыкса, бул көрсөткүч 1916-жылы 300 миң тоннаны түзгөн. Бул ошол кездеги Орто Азияда казылып алынган көмүрдүн 40 пайызы дегендик. Советтик доордо таш көмүрдүн жылдык өндүрүлүшү бир миллион тоннага жеткен.

Калаанын бүгүнкү абалы кандай? Ачыгын айтсак  Кызыл-Кыядагы кырдаал 2010-жылдагы апрель ынкылабынан соң оңолуп, алга илгерилөөлөр байкалат. Шаардын мэри, көп жылдык бай тажрыйбасы бар, таза жана мээнеткеч жетекчи Абиш Халмурзаев баштаган шаардагы адистер, жетекчилер, коомчулук утурумдук айрым кыйынчылыктарга «кабагым кашым» дебестен өз максатынан тайбастан туруктуулук менен стабилдүүлүктүн, өнүгүүнүн жолунда бара жатышат. Замандаштарыбызга түшүнүктүү болушу үчүн айрым маалыматтарды иликтеп көрөлү. Бул шаарда Баткен областындагы өнөр жай продукциясынын 67 пайызы өндүрүлүүдө. Эгерде Кызыл-Кыяда 2010-жылы 925 млн сом көлөмүндөгү өнөр жай продукциясы чыгарылса бул көрсөткүч 2014-жылдын жыйынтыгы менен 3,4 млрд сомго жетти. Демек өсүш 3,5 эсени түздү. Ал эми үстүбүздөгү президентибиз жарыялаган Улуттук экономиканы чыңдоо жылындагы көрсөткүчтөр мындан да жогору. Чекене соода жүгүртүү төрт жылда 2,3 эсеге өстү. Орточо айлык акы 2010-жылы 5800 сом болсо, быйыл 11 миң сомдон ашты. Жергиликтүү бюджетке салыктардын түшүшү 47 миллиондон 132 млн сомго өстү. Карылардын пенсия-пособиелери өз убагында берилүүдө.

Эгерде жалпы республикабыз боюнча мектепке чейинки курактагы балдардын бакчага баруу көрсөткүчү 15 пайыздан араң ашса, бул көрсөткүч Кызыл-Кыяда 60 пайызды түзүп, мамлекетибиздеги эң жогорку деп эсептелет. Учурда бул чакан шаарда 12 балдар бакчасы жыл ичи үзгүлтүксүз иштеп, аларды жабдуу, кышкысын жылытуу, келечек ээлерине шарт түзүү боюнча киши сыймыктанарлык жумуштар аткарылып жатат.

Шаардык казынага жеке ишкерлерден жыл сайын улам көбүрөөк каражаттардын түшүшү айрым көп жылдардан бери топтолуп чечилбей келе жаткан түйүндүү маселелерди оңунан чечүүгө мүмкүндүк берди. Шаар башчысы Абиш Алыбаевич жумушту Кара-Козу участкасындагы 33 жылдан бери каралбай калган көпүрөөнү куруп пайдаланууга берүүдөн баштады. Ал жерге жөө жүргүнчүлөр коркунучсуз өтө турган тротуар, цемент тосмолор орнотулуп коопсуздук эрежелери сакталды. Калаадагы Маяковский, Хрипченко, Кызыл партизан, Калинин жана Токтогул көчөлөрүндөгү көпүрөөлөр оңдолду жана керектүү жерлерге жаңыдан салынды. Жал сайынын жээктери сел ташкындарына каршы италиян габиондору менен бекемделди.

Кызыл-Кыя сууга таңкыс болгону менен Кыргызстандын түштүгүндөгү эң бир гөзөл шаарлардын бирине айланды. Мэрдин демилгеси менен мурда кароосуз унутта  калган аймак иретке келтирилип Достук аллеясы ачылды. Ал жерде шаардыктардын жөө басып эс алышы, тазалыкты сакташы үчүн өбөлгөлөр түзүлгөн. Ал эми борбордук сейил багы кайрадан реконструкцияланып, заманбап арка, унаа токтотмо, жайкы сахна уюштурулуп, оюн-зоок аттракциондору жаңыртылып Бишкек менен Оштукунан асти кем калышпайт. Маданият үйү кайра оңдолуп, жаңы эмеректер алынып келди. Тоо-кен колледжинин жанында шаардык заманбап жаштар борбору ачылды.

Калаада көчөлөрдү асфальттоого, жаңы конуштарга жол салып, электр чубалгыларын жеткирүүгө айрыкча көңүл бөлүнүүдө. Ал эми автомашиналар көп өтүп жаткан көчөлөргө сандык светофорлордун орнотулушу шаардыктардын  колдоп-кубаттоосуна ээ болду. Ар бир кичи райондо ички иштер бөлүмдөрүнүн имараттары жаңыдан курулуп, орган кызматкерлери кварталдык комитеттердин өкүлдөрү, коомдук активисттер, карыялар кеңештери менен биргеликте элдин тынчтыгын жана коопсуздугун сактоодо үлкөн жумуштарды аткарып жатышат.

01Шаардагы окуучулардын санынын өсүп жатканы эске алынып, БАМ кичи районунда Бүткүл дүйнөлүк жаштар уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Саид Баюми мырзанын көмөгү менен Уркуя Салиева атындагы жаңы башталгыч мектептин заманбап имараты бүткөрүлдү. Четки Жинжиген айылында да ушул уюмдун жардамы менен Алыкул Осмонов атындагы толук эмес орто мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилген. Мындай аталык камкордукка шыктанышкан мектеп окуучулары областтык, республикалык олимпиадаларга катышып алдыңкы орундарды жеңип алышты. Мектептерде окуу китептери, компьютерлер жана интерактивдүү доска менен жабдуу маселеси бир катар аймактарга салыштырганда дурус чечилген.

Кызыл-Кыялыктарды калаа түзүлгөндөн бери кыйнаган башкы маселе таза суу көйгөйү болчу. Бул проблема мэриянын демилгеси менен аста-секин чечилип жатыры. Чыгыш жаңы конушундагы жаштарга Ош шаарындагы гидрогеологиялык партиянын жардамы менен жер астынан скважина аркалуу таза суу тынымсыз чыгарыла баштады. Натыйжада жаңыдан там салып жатышкандар участкаларына бак-дарак тигишип, жашылча-жемиш, гүл өстүрүшүп өздөрүнүн сүйүктүү шаарын абатташтырууга астейдил салымдарын кошушууда.

Улуу Ата Мекендик согуштун, Афган жана Баткен согуштарынын ардагерлерине тургузулган эстеликтердин айлана-тегереги көрктөндүрүлүп, жаш муундарды Ата Мекенди сүйүүнүн жана коргой билүүнүн духунда тарбиялоого зор маани берилип жатат. Ал эми көчөлөрдөгү түнкү коопсуздук үчүн ондогон үнөмчүл чырактар, заманбап жабдуулар орнотулуп, жарыктандыруу жагынан калаа республикабызда алдыңкы орунга чыкты.

Шаардын мэри өзүнүн иш күнүн тапшырылган жумуштардын аткарылышын таң заарынан текшерүүдөн, шаардын карапайым тургундарынын пикир-сунуштарын угуудан баштайт. Элге  жакын болуу, алардын көйгөйлөрүн уга билүү, сунуштарын эске ала жүрүү өзүнүн оң натыйжасын берери шексиз.

Кызыл-Кыяда жыл сайын миңден ашуун бала төрөлөт. Жалпы калктын саны 50 миңден, ал эми жогорку жана атайын орто окуу жайларында окуп жатышкан студенттерди кошкондо алтымыш миңден ашат. Наристелер жарык дүйнөгө келген төрөт үйү реконструкцияланып, жанына фонтан орнотулду, эс алчу жайлар жасалды. Калаага жолдорду оңдоого заманбап үлгүдөгү чет элдик кубаттуу техникалар алынып элибизге кызмат көрсөтүп жатыры. Кыскасы сүйүктүү Кызыл-Кыябызды чыныгы көркөм жана ынтымактуу, гүлдөгөн калаага айлантуу боюнча чоң аракеттер жүргүзүлүп жатат. Эгемендүү өлкөбүздүн бир бөлүгү болгон Кыыл-Кыянын өнүгүп өсүшүнө, мындагы көп улуттуу калктын ынтымак-ырашкерликте бир асыл максатка баш кошуп натыйжалуу иштешине, биздин өлкөбүз Кыргызстандын дүйнөнүн гүлдөгөн өлкөлөрүнүн катарына кошулушуна ишенебиз!

Адылжан Жажанов

Айбат гезити №138



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru