Айбат » Бизди сырткы күчтөр тынчсыздандырып атканы аз келгенсип, ички күчтөр да оюна келгенди жасоодо…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Бизди сырткы күчтөр тынчсыздандырып атканы аз келгенсип, ички күчтөр да оюна келгенди жасоодо…

21-июлда кыргыз милициясынын тарыхында өтө орчундуу окуя болуп өттү. Тактап айтсак, КР ИИМинин атайын багыттагы Полкунун ички курамы үчүн 2 кабаттуу, бардык керектелүүчү жабдуулары менен курулган имаратты эксплуатацияга берүү салтанаты болду. Бул атайын Полк өткөн 2014-жылы түзүлгөн жана анын негизги тапшырмасы коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат. Мына ушул иш-чарага келип катышкан президент Алмазбек Атамбаев өлкө ичинде болуп жаткан окуяларга карата өзүнүн пикирин билдирди.

01

«Өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман» накылын эске салган мамлекет башчысы кечээ жакында эле атайын багыттагы кызматкерлердин күчү менен террористтик топ жок кылынды, алардын бир бөлүгү тирүүлөй кармалганын айтты. Эгерде алардын этникалык курамына карасак, анда көпчүлүгү Казакстандын жарандары экен. “Анан дагы бул террористтердин арасында саясатчы, митинг-пикеттердин ар дайымкы катышуучусу да бар. Ал согушчандарды курал жана акча менен камсыз кылган. Бул жөн салды эле айыптоо эмес. Ыкчам-иликтөө тобу бул топтун артынан көптөн бери иликтеп келишкен. Анан Орозо Айттын алдында алар тараптан жардыруулардын бир нече сериясын уюштуруу пландаштырылып жатканы билинип, контртеррористтик операция жасалды» деп белгиледи А.Атамбаев. Ошондой эле  эгерде атайын кызматтын кызматкерлери согушчандарды өз убагында жок кылбаганда жүздөгөн адамдардын бейкүнөө өлүмү болуп кетиши мүмкүн болгондугун кошумчалады.

Чындыгында эле ошондой, Айт намазга келген бейкапар мекендештерибиз террористтердин жардырууларына кабылып, бейажал өлүм таап алышы мүмкүн эле. Андыктан аны алдын ала билген атайын кызматтагыларга ыраазычылык билдиребиз. «Бул эмнени түшүндүрүп турат? Бул деген Кыргызстанда дагы деле бизге тынчтыкты, өнүгүүнү каалабаган, башаламандыкты, төңкөрүштү уюштурууну каалаган күчтөр бар экендигин айтып турат. Менимче алар мамлекет дагы деле алсыз, андыктан өздөрүнүн көмүскөдөгү иштерин уланта беребиз деп ойлоп атышат. Мына азыр «Жерүй» алтын кенин иштетүүгө каршы адамдар чыгып атат. Эмне үчүн «Кумтөрдү», «Бозумчакты» иштетүүгө болот дагы, «Жерүйдү» болбойт? Өздөрүн кыргыз элинен обочолонтуп кармап аткан бул адамдар өздөрүн элден артыкча көрүшөт. Мына ушундайларга өздөрүнүн ордун көрсөтүш керек. Биз беш жылдан бери алардын башынан сылап келебиз. Эгерде жакшылыкча айтканга түшүнбөсө, анда мамлекет күч колдонуп, өлкөбүздө тартипти орнотуга барышы керек. Кыргызстан коңшулаш Казакстан сыяктуу эле өзүнүн бардык кен байлыктарын иштетиши керек. Элге тынчтык тартуулашы керек. Алардан алган акчага пенсияны, жөлөк пулдарды жана айлык акыларды көтөрүп, инфраструктураны көтөрүү зарыл. Өкмөткө каршы кимдер чыгып аткан болсо, ачык эле айтайын, аларга күч колдонушулу керек» дейт Алмазбек Атамбаев.

Албетте, темирдей тартип болбосо, биз өлкөбүздү эч качан өнүктүрө албай тургандыгыбызга көзүбүз жетти.Демократияны бейбаштык, ээнооздук деп түшүнүп алгандар ар кайсыл булактардан алган акчаларын акташ үчүн мамлекетибизде дайыма башаламандык салып тургулары келет. Биз эми андай бузуку саясатчыларга алдана албайбыз. Бийликке баргысы келгендер шайлоого катышсын. Шайлоону болсо акыйкат жана таза өткөрүү үчүн кыргыз өкмөтү колунан келишинче аракетин жасап атат. Андыктан азыркы тапта курулай популизмге алдырып, кыйкырып жүргөн саясатчылар өздөрүнүн чыныгы беделин сынагысы келсе, шайлоого барсын. Алдыда парламенттик шайлоо келатат. Андан утуп чыкса, өкмөттү түзүүгө катышат. Ага да ыраазы болбогондор болсо дагы эки жылдан кийин президенттик шайлоо болот, ага даярдансын. Бирок, мындай бийик даражалуу кызматтарга келиш үчүн эл арасында салмактуу болуу кажет. Ар кимден алган тыйын-тыпыр үчүн, же болбосо кандайдыр бир жоопкерчиликтен качуу үчүн элдин башын айлантып, энелерди баш кылып көчөгө алып чыгуудан алыс болуу кажет…  Мына ушундай эле ойлорду президент Алмазбек Атамбаев да билдирди. Анын айтымында азыркы тапта биздин өлкөнү сырткы күчтөр кооптондуруп жатканы аз келгенсип, ички күчтөр да оюна келгенин жасашууда. Мына ушул өнөкөттү жокко чыгаруучу мезгил келип жетти. Митинг-пикет эмес, тынымсыз эмгек, бекем ынтымак жана тынчтык менен сүйүктүү Кыргызстаныбызды өнүктүрүүгө салым кошчу учур келди.

Айбат гезити №138




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru