Айбат » SIM-картаңды эртең эмес, бүгүн каттат дагы, байланышта бол!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » SIM-картаңды эртең эмес, бүгүн каттат дагы, байланышта бол!

10 себепБишкектеги сим-карталарды катточу байланыш операторлорунун пункттарында мурдагыдай эле киши көп. Өзүнүн мобилдик номерин каттатпагандар үчүн байланыш кызматы 8-августан баштап көрсөтүлбөйт, азыр деле уюлдук телефон кызматын пайдаланышкандар байланыш операторлору менен келишим түзгөнгө маалымат жетпей жаткандай.

SIM-карталарды регистрациялоо бардык абоненттер үчүн милдеттүү

Өткөн жылдын 8-мартынан бери абонент номерди сатып алгандыгын тиешелүү деңгээлде каттатпастан туруп SIM-карта сатып ала албайт. Ал эми сатылып алынган «симкаларды» каттоо зарыл. Кыргыз өкмөтүнүн тиешелүү токтому «Жылып жүрүүчү радиотелефондук байланыш кызматын көрсөтүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө” деп аталып, ага 2014-жылдын 17-февралында кол коюлган. SIM-карталарды регистрациялоонун жол-жобосу уюлдук операторлордун бардык абоненттери үчүн милдеттүү. Келишимди уюлдук операторлордун абоненттерди тейлөө борборлорунда же фирмалык салондорунда түзүүгө болот.

Персонификация процесси кандай өтүп жаткандыгын билүү үчүн MegaCom операторунун тейлөө борборлорунун бирине баш бактык. Өзүн Азамат деп атаган абонентти cөзгө тартып, симкартаны каттоонун жүрүшү боюнча сурадык. «Каттоо анчалык деле татаал жол-жобо эмес бекен?», – деп сурадык биз андан. «Жок, анчалык деле татаал эч нерсеси жок, баары тез жана оңой бүтүп жатат, 5 мүнөт гана убакыт кетет экен, ». Каттоо Азамат айткандай эле бекер жүргүзүлүп жатат.

Телефондук номерди каттоо үчүн жеке адамдык күбөлөндүрүүчү документтердин бири керек: – ички колдонуудагы паспорт, бааргердин күбөлүгү, айдоочунун күбөлүгү, аскер билети. Интернет аркылуу SIM-картаны каттоого болбойт, абонент өзү келип каттатуусу зарыл. Келишимди абонент өзү же нотариалдык түрдө ага ишеним көрсөтүлгөн адам гана түзө алат.

Улан үчүнчү «симкасын» каттатып жатыптыр, бул азыр анча деле сейрек учурабаган көрүнүш эмеспи, кыргызстандыктар бир нече мобилдик телефон менен жүргөн учурлар арбын кезигет. «Эмне үчүн каттоо үчүн мен чалган телефондордун номерлерин сурап жатышат?», – деп кызыкты Улан. MegaCom компаниясынын оператору мындайча түшүндүрдү: «Чындыгында эле каттоо жол-жобосунда биз абонентти ал өзү көп телефон чалган бир нече номерди көрсөтүшүн сурайбыз, же телефон маркасын, соңку төлөмдү жасаган күнүн атоосун сурайбыз. Бул жол-жобо биз ушул номер менен ал телефонду өзүнө каттатып жаткан адам пайдалана тургандыгына ишениш үчүн керек. Башкача айтканда, бул маалыматтар толугу менен чогултулуп, алардын баары жүз пайыз түрдө абоненттин гана кызыкчылыгында пайдаланылат».

 

Кимдер SIM-карталарды каттата албайт

Номерди, жашы 16га жеткендер каттата алышат. Жашы 16га чыга элек өспүрүм MegaCom тейлөө борборунун адисинен тактап сурап калды, жашы жете электер эмне кылышы керек деп – себеби, мобилдик телефондор азыр биринчи класстын окуучуларында да бар. «Жашы жете элек балдар үчүн, алардын жакындары номурду өзүнүн атына каттатып алып берсе болот, анткени бир адам бир нече симкартаны өзүнө каттатууга мүмкүн», – деп тактап беришти MegaCom тейлөө борборунда.

 

Коопсуздук жана ишенимдүүлүк

Көп жаш абоненттер бул жаңылыкты алардын жеке адамдык кызыкчылыктарына жана жашоосуна кол салуу катары карашып, мунун эмне кереги бар?- деп сурагандан тажашпайт.

«Келишимдик кызмат көрсөтүүнүн негизги артыкчылыгы – коопсуздук жана ишенимдүүлүк, анткени, каттоо алдамчылык аракеттерден жакшы коргонууга мүмкүндүк берет. Ушундан улам, абоненттер SIM-картасы же телефону жоголгон учурда номерин оңой калыбына келтире алышат. Ошондой эле, уюлдук байланыш оператору менен келишим түзгөн абонент өздүгүн тастыктаган документти берип, ага телефон чалынган номерлер боюнча кызыккан суроолоруна жооп ала алат. Мындай тажрыйба көптөгөн чет өлкөлөрдө жана КМШнын айрым өлкөлөрүндө бар», – деп түшүндүрүштү байланыш операторлору.

Чынында эле, Европада, Америкада, Кытайда – бардык эле дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө сизге сим-картаны эч кандай персоналдык каттоосуз сатышпайт. Себеби, бул мамлекеттик коопсуздук маселеси менен байланышкан. Чет өлкөгө чыгышкан дээрлик бардык кыргызстандыктар муну менен тигил же бул өлчөмдө тааныш болушкан.

КР байланыш мамлекеттик агенттигинин директору Чынгыз Бекташов ошондой эле окурмандардын көңүлүн бул жаңылыкты киргизүүдөн болгон жалпы мамлекеттик пайдага бурат: «Мындай тажрыйба кылмыштарды кыйла натыйжалуу ачууга мүмкүнчүлүк берет. Биз баарыбыз тең эле мыйзам бекем сакталып, тартип орногон өлкөдө жашагыбыз келет да. Ошондой эле жазанын сөзсүз болушу дагы кылмышкерлерди сестендирип турат».

Мисалы, Түркияда мындай жаңылыкты киргизүүдөн кийин телефондорду уурдоо үч эсеге азайган.

Анын үстүнө, абоненттердин жекече маалыматтары мурдагыдай эле корголгон боюнча кала берет. Телефон номерлеринин базалык маалыматтары байланыш операторлорунда калат, жана да соттун чечимисиз аны менен эч ким пайдалана албайт. Телефондук сүйлөшүүлөр жана смс байланыштар да мурдагыдай эле жашыруун бойдон кала берет.

Мындан сырткары, көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмеси көбөйөт. MegaCom байланыш оператору, маселен, катталган абоненттерине “Экинчи дем” деп аталган кызмат көрсөтүү боюнча көп кредиттерди берет. MegaCom call-борборуна чалуу аркылуу SIM-картага убактылуу тосмо коюуга болот, ал эми келечекте – башка дагы кызмат көрсөтүүлөрдүн жакшыруулары бар.

 

Номуруңузду каттоодон өткөнбү же  өткөн эместигин, текшерип алыңыз

Эгерде сиз MegaCom абоненти болсоңуз, мобилдик телефонуңузда бекер берилүүчү *112# терип алыңыз. Ошондон кийин сиз өзүңүздүн SIM-картаңыздын абалын билесиз. Эгерде оператор менен келишим түзүлө элек болсо, MegaCom мобилдик байланыш менен пайдаланып жүргөндөргө же жаңы SIM-картаны алгысы келгендерге өз номерин жакынкы аралыкта каттоону сунуш кылат.

 

Сатуу, кызмат, MegaCom Фирмалык салону кайда экенин билиш үчүн

Жакынкы аралыкта жайгашкан Сатуучу жана кызмат көрсөтүүчү борбор же MegaCom Фирмалык салону кайда экендигин билиш үчүн онлайн режиминде «Интерактивдүү карта 3G-жабылган жана и филиалдык уюл» кызматынан билсе болот. Бул кызмат көрсөтүү менен пайдалануу үчүн кардарлар менен байланышуу кызматына кыска *500 номери аркылуу кайрылып, же компаниянын расмий сайтына кирип, «Филиалдык түйүнүнүн жана каттоо аймагынын интерактивдүү картасы» деген бөлүмдөн бардык MegaCom компаниясынын фирмалык салондорунун Сатуучу жана кызмат көрсөтүүчү борборлорунун так даректерин алууга болот. Тагыраак маалымат: *400 аркылуу (телефон чалуу MegaCom абоненттери үчүн акысыз).

Даярдаган Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №138




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru